Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

«РусГидронун» Кыргызстанга каршы доосу боюнча арбитраждык чечим чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын «РусГидро» ишканасынын Кыргызстанга каршы доосуна байланыштуу арбитраждык чечим чыкканын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору 18-июлда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Гонконгдогу Эл аралык арбитраждык борбор «РусГидронун» Жогорку Нарын гидроэлектр станциялар каскадынын курулушу боюнча долбоорго байланыштуу доосун жарым-жартылай канааттандырды.

Чечимде Кыргызстан ишкананын "Жогорку Нарын гидроэлектр станциялары" биргелешкен ишканасына займ түрүндө берген каражатынын ордун толтурушу керек экени жазылды. Мындай чечимди арбитрлер курулуш тууралуу өкмөт аралык келишимдеги жоболор жана кыргыз тараптын 2016-2020-жылдар аралыгында жасалган «РусГидро» алдындагы карызын моюнга алган ачык билдирүүлөрү менен негиздегени айтылды.

Кыргыз тарап азыркы тапта бул арбитраждык чечим боюнча анализ жүргүзүп, аны талашууга негиз бар же жогун изилдеп жатканы маалым болду.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турган.

Быйыл 30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG