Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Украина-АКШ аскердик сүйлөшүүлөрүнө даярдык көрүлүүдө


Украина.
Украина.

Украинанын жана Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрү 18-июлда украин маселеси боюнча топтун жолугушуусунун күн тартибин талкуулашты. Украинанын коргоо министри Алексей Резников "Твиттерге" жазганына караганда, жолугушуу 20-июлга пландалууда. Ал АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча маалымат алмашуу болгонун билдирди.

18-июлда Орусиянын аткылоосунан Украинанын чыгышында кеминде алты адам каза болду. Ошол эле күнү орусиячыл жикчилер фронт тилкесинен батышты көздөй сегиз чакырым аралыктагы Северск шаары алардын карамаганы өткөнүн жарыялашты.

Украин тарап фронт тилкесиндеги абалын турукташтырууга жетишкенин маалымдады. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный "Фейсбуктагы" баракчасына соңку кырдаал тууралуу маалымат жарыялап, америкалык кесиптештери менен сүйлөшкөнүн жана жогорку мобилдүүлүктөгү реактивдүү артиллериялык HIMARS системалары Украинага коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө жардам берип жатканын билдиргенин жазды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG