Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:23

Кытайдагы казактар "басым" күчөгөнүн айтууда


Казак чабендестер. Кулжа жергеси, Или-Казак автоном аймагы, ШУАР, КЭР. 10.1.2016.

"Эркин Азия" радиосу кытай бийликтери Шинжаң-Уйгур автоном облусунда полицияда каза тапкан казак тектүү имамдын тааныштары менен тарапкерлерине каршы жараян баштаганын жазып чыкты.

Радионун ишенимдүү булактарынын билдиришинче, казак имам менен жүз көрүшүп же Интернетте тааныш болгондор, аны ачык колдоп пикирин билдиргендер камакка алынып жатат.

Имамдын аты Ахмет экени, ал Шинжаңда Чанцзи-Хуэйск районунда кармалганы, 4-июнда түндө полицияканада белгисиз жагдайда каза тапканы гана белгилүү. Анын өлүмү айрыкча социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан.

Полиция "имам өз жанын өзү кыйган" деп билдирген, бирок кандай себеп менен камакка алынганын түшүндүргөн эмес. Окуяны билген ишенимдүү булак имамдын сөөгү жерге берилгенде үй-бүлөсүнө имам чакырып жаназа окулушуна, гүлчамбар коюшуна уруксат берилбегенин, ушул тушта деле катуу кайтарууда турганын айтып берди. Кытай бийликтери буга чейин уйгурларга колдонгон чектөөлөрдү, куугунтук ыкмаларын азыр этникалык казактарга да кеңири колдоно баштаганын билдирди:

- Имамдын Шинжаң боюнча жүздөн ашык достору, классташтары камакка алынды. Алардын арасында Шинжаңдагы ислам колледжинин бүтүрүүчүлөрү да бар. Чектөөлөр ислам динин тутунууга да киргизилип жатат. Айрымдар Казакстандагы тууган-уруктары, достору менен байланышууга уруксат берилбей жатканына каршылык билдиришкен. Бул жерде да камоолор болгон.

Кытайдагы Алтай окуругу
Кытайдагы Алтай окуругу

Май айында Тарбагатай префектурасында Курманбек аттуу казак ишкери "жоголуп" кеткен. Анын бизнеси негизинен Шинжаңдагы этникалык казактарды тарыхый мекени Казакстанга көчүп баруусуна жардамдашуу менен байланыштуу болгон. "Эркин Азиянын" кабарчылары ишкердин Карамай шаарынын жанындагы Дөрбөлжүн районундагы фермасына бир канча ирет чалып, байланыша алган эмес.

Радионун маалымат булактары мамлекеттик коопсуздук кызматтары май айында Карамай шаарынын Каманижит аттуу тургуну себепсиз эле камакка алганын билдиришкен. Ал Казакстандагы тааныштары менен байланышта болгон жана соңку кездери интернетте ал жакка кетүү жолдорун талкуулап, талдап жүргөн.

Радионун ишенимдүү булагы адатта камакка алынгандар "саясий кайра окутуу борбору" деген жайга жөнөтүлөрүн кеп салды:

- Мындай жайлардын бири Душанзидеги нефтехимиялык колледждин аймагында жайгашкан. Ал жакка Казакстанда туруктуу жашап калган же балдарын жөнөткөн жана жакында эле Түркияга барып келген же ал жакка балдарын жөнөткөн казактар менен уйгурлар жөнөтүлөт. Полиция мындай "борборлорго" бардык эле мусулмандарды бир жылда бир жолу соттун чечими жок 15 күндөн бир жылга чейин жөнөтө алат. Мындай "кайра окутууга" баруудан баш тарткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Кытай бийликтери этникалык казак аялдарга узун кийүүгө тыюу салганы да маалым болду. Маселен 52 жаштагы Гүлжайна аттуу аял кыскараак көйнөк кийүүдөн баш тартканына байланыштуу "кайра окутуу борборуна" жөнөтүлгөн.

"Эркин Азия" радиосу өткөн айда кытай бийликтери уйгурлар менен "өтө жакын мамиледе болгон" деген айып менен 10 казак тегиндеги тургун камакка алынганын айтып чыккан. Мындай камоолор айрыкча орозо айында күчөгөнү маалым болгон.

Ушул жылдын башында Алтай округундагы Хабахи районунда Окан аттуу белгилүү казак имамы 10 жылга абакка кесилген. Ал сөөк коюуда шарыятка ылайык жаназа окуу жөрөлгөсүн кылганы үчүн темир торго түшкөн. Үч жыл илгери Үрүмчү шаарынын жанындагы мечитте иштеген Хабули аттуу имам да соттолгон.

Кытайдагы этникалык казактар маселесин айдын этегинде Астана шаарында казактардын дүйнөлүк 5-курултайында ушул тушта Германияда жашаган этникалык казак Омирхан Алтын айтып чыккан. Бул иш-чарага казак президенти Нурсултан Назарбаев катышкан. Омирхан Алтын "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде Кытайдагы казактарга жасалган мамилеге казак президентинин көңүлүн бурдурууну өз милдети деп атаган:

- Биз Кытай бийлигинен көп деле нерсе сураган жокпуз. Мисалы мен Ички Кытайда болгом. Эгер ал жактагы жагдайды, эркиндикти салыштырсак, сөз кылсак, анда ал жакта полиция көчөдө катардагы жарандарды сыйлайт. Үрүмчүдө болсо баары тескерисинче. Биз болгону жергиликтүү казактар Ички Кытайдагыдай эле эркин болсун деп сурап жатабыз. Бул андай деле татаал маселе эмес. Мисалы мындан 70 жыл мурун биздин ата-балаларыбыз басымга кабылган. Ошондой басым-кысымды азыр, 21-кылымда дагы жолуктуруу акылга сыйбаган нерсе. Кытай менен Казакстан кошуна. "Жибек жолу" деген өңдүү биргелешкен долбоорду чогуу ишке ашыра баштады, кошуналык, соода-сатык мамилеси бар. Кытайды байырлаган казактар эки өлкөгө көпүрө десе да болот да. Эгер ал көпүрө солкулдап турса анда кандай достук болушу мүмкүн? Ошондуктан эки өлкөнүн президенттери жолугуп, жайма-жай талкуулап, бул маселени чечиши керек.

Расмий маалымат боюнча Кытайда 1,5 миллионго чукул казак жашайт. Алардын арасында Казакстанга көчүп кетүүнү каалагандар да жок эмес, ошондой эле, Чыгыш Теңир-Тоодогу өз тарыхый ата журтунда (Кулжа жана башка аймактарда) кала бергиси келгендер да арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG