Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Кытай Үрүмчүгө түс үйрүдү


Шиңжаң уйгур автоном районунда этникалык хан кытайлары менен уйгурлардын ортосундагы кагылыштар утур-утур болуп турат.
Шиңжаң уйгур автоном районунда этникалык хан кытайлары менен уйгурлардын ортосундагы кагылыштар утур-утур болуп турат.

Кытайда президент Си Цзинпин террочулукка каршы чечкиндүү чараларды талап кылды. Мунун алдында 30-апрелде Үрүмчү шаарынын темир жол вокзалындагы жардыруудан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылган эле.

Бул окуя Кытай президентинин Шиңжаң уйгур автоном районундагы төрт күндүк сапары аяктаган күнгө туш келди.

30-апрелде Үрүмчү шаарындагы темир жол бекетинде болгон кош жардыруудан үч адам каза болуп, кеминде 79 адам жаракат алды. Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, чабуулду радикалдуу маанайдагы уйгур жикчилери уюштурду.

Жардыруудан кийин Кытай президенти Си Цзинпин терроризмге каршы чечкиндүү аракеттер көрүлүүсүн талап кылганын Кытайдын өкмөттүк маалымат каражаттары жазып чыкты.

Шиңжаң уйгур автономиялуу районунун көпчүлүк калкы уйгурлар. Уйгур активисттери Кытай бийликтерин Шиңжаңга миллиондогон хан кытайларын көчүрүп келип, аларга ашыкча колдоо көрсөтүүдө деп сындап жүрөт.

Уйгурлардын Германияда жайгашкан дүйнөлүк конгрессинин басма сөз катчысы Дилшат Рашид шаршембидеги окуядан кийин Рейтердин кабарчысы менен маегинде:

Үрүмчүдөгү митингге чыккан уйгурларды кармоо. Кытай. 1-апрель, 2011-жыл.
Үрүмчүдөгү митингге чыккан уйгурларды кармоо. Кытай. 1-апрель, 2011-жыл.
- Азыр кандай гана болбосун, Кытай биринчи кезекте уйгурларды камап, аларды күч менен басууга аракет кылат. Бул сыяктуу окуялар күнөөсүз уйгурлардын узак мөөнөткө камалуусуна алып келет. Эң башкы проблема мына ушунда.

Кытайдагы мамлекеттик маалымат каражаттарынын жазышынча, каза болгондордун экөө жардыруу уюштургандар жана алар бычак, ошондой эле жардыргыч заттар менен куралданган. Ал эми каза болгондордун бири жөнөкөй тургун. Бул окуя Кытай президенти Си Цзинпиндин Шиңжаң уйгур автоном районуна 27-30-апрелде жасаган жумушчу сапарынын аякташына жана Май майрамынын алдына туш келди. Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин басма сөз катчысы Дилшат Рашид:

- Кытай президенти ал жакка барганда абалды жакшыртуу үчүн эч нерсе кылган жок. Тескерисинче, Кытайдын аскер адамдарын уйгурларды басууга чакырды. Мындан тышкары, Си Цзинпиндин эскертүүсү уйгурларга карата даана коркунуч жана чагымчылыкты пайда кылды.


Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” бирикмесинин мурдагы төрагасы Дилмурод Акбаровдун айтымында, Бээжиндин саясаты Шиңжаңдагы уйгурларды улут жана эл катары алсыратууга багытталган.
Үрүмчүдөгү мечиттин жанына чогулган кытай жоокерлери. 10-июль, 2009-жыл.
Үрүмчүдөгү мечиттин жанына чогулган кытай жоокерлери. 10-июль, 2009-жыл.
- Кытай бийлиги азыр уйгурлар турган аймактарга 20-30 жылда 100 млн. кытайды көчүрүп келүү максаты бар. Экинчиден, мамлекеттик саясатында өкмөттүк кызматта иштегендерге мечитке баруу, орозо кармоо тыюу салынган. Эгер билип калса, ошол замат жумуштан айдайт.

Кытайдын Шиңжаң уйгур автоном районунда этникалык хан кытайлары менен уйгурлардын ортосундагы кагылыштар утур-утур болуп турат. Жергиликтүү уйгурлар кытай бийлигинин бул аймактагы саясатына каршы болуп, расмий Бээжиндин колдоосу менен хан кытайлары аларды кысмакка алып жатканын белгилешет.

Кытай бийликтери болсо бул аймактагы мусулман уйгурлардын арасында террористтик топтор коопсуздукка коркунуч келтирерин айтып жүрүшөт.

Шаршембидеги жардыруу Үрүмчүдө 1997-жылдан берки алгачкы бомба чабуулу болду. Анда автобуска коюлган жардыруучу заттан тогуз киши мерт болгон эле.

Ал эми 2009-жылы Үрүмчүдө кытайлар менен уйгурлардын кагылышынан 200дөй кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG