Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Апта: Ак-Шыйрактагы кармаштын табышмагы


Окуя болгон жердин картасы.
Окуя болгон жердин картасы.

Кыргыз-кытай чек арасын бузуп кирген топтун жок кылынышы аптанын орчун окуяларынын бири болду.

Кыргызстандагы Кытай элчилигинин өкүлдөрүнө Ак-Шыйрактагы чек ара тилкесинде жок кылынган он бир адамдын жасаты көргөзүлдү. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча куралдуу каршылык көргөзүү учурунда жок кылынган топ уйгур тектүү Кытай жарандары болушу мүмкүн деген божомолдор тастыкталды. Аталган топ кыргыз-кытай чек арасынын Кайчы ашуусу аркылуу өтүп келгени аныкталды. Бул аптанын орчундуу окуясы болгон кыргыз-кытай чек арасындагы кагылыштын жагдайлары жана алардын чек араны бузуп киришинин себептерин аныктабай туруп, алардын атып жок кылынышы коомчулукта күдүк ойлорду жаратты.

Чек арадагы окуянын чоо-жайы

Он бир адамдан турган топтун чек араны кандай себептер менен бузуп киргени белгисиз бойдон калды. Аларды тирүүлөй кармап, суракка алынбай калышы башында ал топтун чын эле Кытай тараптан өткөнүнө шек жараткан бүдөмүк ойлорго түрткөн болчу. Бирок Ак-Шыйрак, Бедел жана Кайчы ашууларын тик учак менен текшерүү учурунда аталган топтун кыргыз-кытай чек арасындагы Кайчы ашуусунан өткөнү белгилүү болду. Кайчы ашуусунда чек араны бузгандардын издери жана от жаккан жери табылган. Мына ошондон улам, жок кылынган кылмыштуу топ уйгур сепаратисттери болушу мүмкүн деген божомол айтылды. Анткени кыргыз чек ара өкүлчүлүгү Кытай тарап менен байланышканда кылмышка шектелгендер чек арадан 90 чакырым ары жактагы Турпан ооданына караштуу Ушу деген шаарчадан чыгышы мүмкүн деген маалымат алышкан.

Чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиев бул туурасында буларга токтолду:

- Операция учурунда жок кылынган 11 адамдын баары сыртынан караганда уйгур улутунун өкүлдөрү. Алардын ар биринде бычак, аркан, жүзүн жашырган чүмбөттөр жана асма баштыктарында өлгөндөн кийин оролчу ак кепиндер болгон. Андан сырткары компас, карта жана белгилүү бир сандагы кытай юаны жана АКШ доллары табылган. Кытай тарапты бул топ тууралуу кабардар кылып, "силер жактан өттү беле?”,- деп маалымат сурадык. Алар мындай маалымат жок экенин айтышты. Бирок ошол окуя болгон чек арадан 90 чакырым алыстыктагы Кытайдын аймагында Ушу деген шаарча бар экен. Кытай чек арачылары ошол жерде "уйгур сепаратисттери жашайт" деген маалымат беришти.

Кыргыз-кытай чек арасын бузуп өткөн топту Ак-Шыйрактагы Пикертык тилкесинде биринчи жолу аңчылык коомунун жетекчиси Александр Барыкин кезиктирген. Бул тууралуу Барыкин дароо чек ара тозотторуна маалымат берген. Ошондой эле чек ара бузуучулардын экөөн, мурда кабарлангандай чек арачылар эмес, мергенчи Барыкин каршылык көрсөтүү учурунда атууга үлгүргөн. Андан кийин, саны жагынан артыкчылык кылган кылмыштуу топ Барыкинди кармап, мууздап салган. Анын аңчылык куралын тартып алгандан кийин аталган топ ээн калган кыштоону ээлеп алган.

Окуя болгон жерге жетип барган чек арачылар андагы кылмышкерлерди беш саатка чукул камоого алып, колго түшүп берүү талабын койгон. Бирок талап аткарылбаган соң кыштоонун ичине жашырынгандар толугу менен жок кылынган. Алардын жанынан мергенчиден тартылып алынган мылтыктан сырткары беткап, бычак, аркан, видеокамера жана жеке тиричиликке керектүү буюмдар табылган. Адатта жоочуларга таандык жардыруучу заттар жана заманбап ок атуучу куралдар алардын жанында болгон эмес.

Тасмада: окуянын күбөсү кеп салат

Чек арадагы бул окуяга күбө болгон Ак-Шыйрак айылынын тургуну Анвар Байтереков анын чоо-жайын "Азаттыкка" айтып берди

Аңчыны кантип өлтүрүшкөн?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00


Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев чек арачылар аларды тирөөлөй кармай алышпаганын сынга алды:

- Алар анча деле куралдабаган соң тирүү кармаса болмок. Эмнеге келди, мындан башка да коркунучтар барбы, балким чалгынчыбы? - мунун баарын тактоо керек болчу. Бирок муну кылбастан операция жетекчилеринин дароо өлтүрө атканы бир аз туура эмес болуп калды.

Ошол эле кезде бул операцияны жетектеген чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиев мындай дооматка макул эмес. Анткени кылмышкерлердин жанында жардыруучу зат жана курал-жарак болушу мүмкүн деген шектенүүдөн улам, аларды тирүүлөй кармоо аракети болгон эмес.

Ошондой эле чек арачылардын айтымында, курчоодо турган ал топ караңгы кирери менен чек арачыларды жазгырып, из жашырып кетиши мүмкүн эле. Раимберди Дүйшөнбиев ошондуктан тобокелчиликке барышпаганын айтты:

- Биринчиден, курал жок болчу деп айтуу туура эмес. Алар тартып алган аңчы Барыкиндин мылтыгында ок көп экен. Экинчиден, алар биздин жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн соң чек арачылардын өмүрүнө да залал келтирмек. Буга кошумча кеч кирип кетсе кармоо кыйынчылык туудурмак. Алар өздөрүнө кепин камдаган соң баарына даяр болушкан. Ошондуктан биз ушундай чечимге келдик.


Карапайым качкындарбы же жоочуларбы?


Ошентсе да Кыргызстандын аймагына кирип келген уйгур тектүү Кытай жарандарынын бул тобу кандайдыр бир экстремисттик же сепаратисттик уюмдарга таандык болгонбу деген суроонун башы ачык бойдон калды. Аскер эксперттеринде алар Кыргызстандан курал алып, кайра Кытайга өтүшү мүмкүн эле деген божомолдор бар. Ошол эле кезде бул топ Кытай бийлигинин куугунтугунан качып, Кыргызстандан башпаанек издеген качкындар болушу мүмкүн деген божомолдор да айтылды. Анткени “Синхуа” агенттигинин маалымдашынча, соңку мезгилде Кытайда уйгур жарандары менен полициянын бир нече кагылышуулары катталган.

Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын мурдагы жетекчиси Дилмурод Акбаров ал топ Кытай бийлигинин кысымына чыдабай, чек араны бузуп өткөн кадимки жайкын уйгурлар болушу мүмкүн деген пикирде:

- Кытайда учурда уйгурларды териштирбей туруп эле мечитке кирсе деле сепартист, исламчы деп кысымга алып, куугунтуктап жатышат. Мындай аракет Үрүмчүдөгү, Хотандагы окуялардан соң катаалданды. Чек арадан өткөндөр мына ушундай куугунтуктан качкандар деле болушу мүмкүн. Алар полиция издеп жатканын билип калып, качып чыгышы да ыктымал. Ал эми Кытай түрмөлөрүндөгү абал кандай экенин баарыбыз эле билсек керек. Алар кыргыз чек арачыларынын колуна түшкөндө, Кыргызстан Кытайга өткөрүп берип коймок. Эгер Кытайга барса кыйноого кабылып, атууга кетмек. Куугунтуктоонун залалы үй-бүлөсүнө да тиймек. Ошондуктан колго түшүп берүүнүн ордуна өлүмдү тандашы деле мүмкүн.

Кыргыз-кытай чек ара тилкесиндеги кагылышууда жок кылынган он бир адамдын жасаты Караколго алынып келинди. Ал жакка Кытай элчилигинин өкүлдөрү барып, Кыргызстандын тергөө органдары менен биргеликте жок кылынган топтун мүчөлөрүнүн өздүгүн аныктоо боюнча иликтөө иштерин башташты. Жасаттарды текшерүү учурунда алар уйгур түспөлүндөгү 25-30 жаш курактагы адамдар экени аныкталган.

Атайын эрежелерден соң, жок кылынган топтун мүчөлөрүнүн жасаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилет. Кытай элчилиги алардын ким экени жана кандай максатта чек арадан өткөнүнө байланыштуу маалыматтарды кыргыз тарап менен бөлүшүүгө убада берген.


Жайкын тургундарды чек ара кайтарууга тартуу демилгеси

Соңку мезгилде чек ара тилкелериндеги ушундай окуялардан улам парламент чек ара коопсуздугун чыңдоонун жаңыча чараларын иштеп чыгууга киришти. Бул боюнча жаңыдан иштелип чыккан мыйзам долбоору чек арада жашаган калктын арасынан чек ара сакчыларын иргеп алып, аларды куралдандырууну карайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору чек ара коопсуздугун чыңдоону гана эмес, калкты жумуш менен камсыздоону да камтый турганын айтты:

- Чек ара сакчылары - бул чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары. Алар Чек ара кызматы менен келишим түзүп, белгилүү бир чек ара бөлүктөрүн кайтаруу милдетин алат. Бул үчүн ага атайын кызматтык курал берилет. Курал берүүдө анын алдына бир катар талаптар коюлат. Муну менен биз чек аранын коопсуздугун сактайбыз. Экинчиден, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылабыз.

Бирок чек ара кызматы бул мыйзам долбоору башка мыйзамдарга кайчы келерин айтып, андай демилгеге каршы чыкты. Чек ара кызматы коомдук жардамчылар менен буга чейин эле кызматташып келгенин мисал клетирген башкы чек арачынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиев караламан калкка курал берүүгө каршы:

- Бул мыйзам долбоорунда курал-жаракты жайкын тургундарга берүүнүн нормалары аныкталбай калыптыр. Буга кошумча болуп, бул тармактагы “Курал-жарак жөнүндө” мыйзам баштаган бир катар нормативдик-укуктук актыларда катардагы жарандарга курал алып жүрүүгө тыюу салынган. Башкача айтканда, учурдагы мыйзамга да каршы келип жатат. Буга байланыштуу мыйзам долбооруна бир нече сунуштарыбызды жибердик. Ошондуктан биз чек ара сакчысына Чек ара кызматы курал-жарак берүүсүн туура эмес деп эсептейбиз.

Айрыкча Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралаш тилкелерде чек ара чатактары көп катталап жаткандыктан мындай демилге көптөн бери көтөрүлүп келген. Кезинде бул демилгени биринчилерден болуп өкмөткө сунуштаган Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов жергиликтүү калктын ичинен чек ара сакчыларын даярдоо каражатты үнөмдөп, чек араны натыйжалуу кайтарууга өбөлгө болмок дейт:

- Куралды бергенде ой келди эле бере бербей, андагы көзөмөлдү тыкыр жүргүзүш керек. Бул эл үчүн да, мамлекет үчүн да кооптуу. Ошон үчүн мыйзамды абдан катуу талкуулап, мындай ыктыярчынын ар бир кадамын көзөмөлгө алчудай шарт түзүү керек. Анан мына ошол чек ара сакчыларына айлык коюп берип, аларды салыктардан бошотуп, ар кандай социалдык жеңилдиктерди беришибиз керек.

Аталган мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда жактырылды. Бирок аскер эксперттери жергиликтүү калктан чыккандарга курал берүүдөн мурун, өкмөт бул өксүктү кесипкөй аскер адамдарын келишимдик негизде чек арага иштөөгө тартуу менен чечсе болмок деген ойлорун айтышууда. Анткени жергиликтүү калктан чыккан аскердик даярдыгы жок сакчыларга курал берүүнүн кесепети оор болушу мүмкүн дешет алар.

XS
SM
MD
LG