Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Жети-Өгүз: чек араны бузгандар жок кылынды


Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Шыйрак айыл аймагындагы кыргыз-кытай чек ара тилкесинде чек арачылар менен атышкан белгисиз топтун 11 мүчөсү жок кылынды. Бир чек арачы жеңил жараат алды.

Ага чейин болжол менен Кытайдан ашып өткөн бул уюшкан топ Ак-Шыйрактагы мергенчилик чарбасынын башчысын мууздаган деп шектелген. Куралдуу кагылышта эки мүчөсүнө ок тийген кылмыштуу топту кыргыз чек арачылары Пикертык кыштоосунда курчоого алган.

Аңчылар коомунун жетекчисине кол салуу

23-январь күнү таңга жуук Жети-Өгүздөгү Ак-Шыйрак чек ара тилкесине жакын Пикертык аймагында белгисиз кылмыштуу топ аңчылык чарбасынын башчысы Александр Барыкинди мууздап кеткен. Барыкин Ысык-Көл облустук мергенчилер коомун жетектеп турган. Окуя болгон жерге “Ак-Шыйрак” чек ара бекетинин атайын тозоту барган учурда аталган топ куралдуу каршылык көрсөткөн. Кагылышууда болжол менен кыргыз-кытай чек арасын бузуп кирди деп шектелген кылмыштуу топтун эки мүчөсү жок кылынган.

Окуя болгон жердин картасы
Окуя болгон жердин картасы
Чек ара кызматынын маалымат борборунун өкүлү Сажира Чоколоева буга чейин куралдуу топ чек ара тозотунун курчоосунда турганын белгилеген:

- Мына ошол белгисиз адамдар аңчылык лагеринде Мергенчилер коомунун төрагасын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышканы тууралуу маалымат түшкөн. Чек арачылар ал жакка барышканда белгисиз куралдуу топ аларга карата ок чыгарган. Алардын арасынан экөө окко учуп, калгандары ошол жерде биздин чек арачылардын камоосунда турушат.

Он бир куралчан жок кылынды

Чек ара кызматынын маалымат борбору кечки саат 7 чамасында аталган кыштоодогу куралдуу топ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Чек ара кызматынын күчтөрү тарабынан жок кылынганы тууралуу маалымат таратты. Анда жок кылынгандардын саны 11 адам экени, бирок алардын жарандыгы боюнча маалымат тактала электиги жазылган. Ал эми чек арачылардын бирөө жеңил жаракат алган.

Буга чейин курчоодо турган кылмыштуу топту кармоо үчүн кошумча күч тартылган. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев аба ырайына байланыштуу кошумча аскер күчүн тик учак менен ал тилкеге таштоо кыйын болгонуна токтолду:

- Тоолордун башы жана ашууларда туман болуп, аба ырайы бузулуп тургандыктан чек ара кызматынын атайын аскер бөлүгүн тик учак менен таштоого мүмкүн болгон жок. Бирок ошого карабастан чек арачылар менен милициянын күчтөрү окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Куралдуу топ болжол менен ары жактан өтүп келген болушу мүмкүн деп жатышат.

Пикертыктагы кол салууга шектелген белгисиз кылмыш тобунун мүчөлөрү экстремисттик же сепаратисттик күчтөргө таандык уйгур тектүү кытай жарандары болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы Кудайберген Айманов чек арачылардын маалыматына таянып, белгисиз куралдуу топ Кытай тараптан келиши мүмкүн экенин айтты:

- Мергенчилик чарбанын жетекчиси Барыкин деген орус кишини мууздап кетишиптир. Ал адамдар Кытайдан ашып өткөн уйгур тектүү адамдар деген маалыматты мен жергиликтүү чек арачылардан алдым. Алардын изи боюнча эсептегенде 7-8 адам деген маалымат бар. Экөөнө ок тийиптир. Бирок алардын жасатын ары алып кирип кетишиптир.

Куралчан топ Пикертыкта мурда чек арачылар баш калкалаган кыштоону ээлеп алышкан. Окуя болгон жерди курчоого алган “Ак-Шыйрак” чек ара тозоту кылмыштуу топтун калган мүчөлөрүн куралды таштап, колго түшүп берүүнү талап кылган. Терроризмге каршы күрөшүү борборунун мурдагы жетекчиси Марат Иманкулов аталган кылмыш тобунун өзгөчөлүгү туурасында буларга токтолду:

- Булар Кытайдагы кылмыш жоопкерчилигинен качып келген уйгур сепаратисттери болушу мүмкүн. Алар соңку окуялардан кийин Кыргызстан менен чектешкен тоолордо жашырынып жүрүп, анан бул жакка аргасыз өтүшкөн болушу мүмкүн. Анан алар катуу куугунтуктан качуу менен Кыргызстандын аймагында жайгашып алып, ал жакка кайра сокку урууну көксөгөн экстремисттик топ болушу толук ыктымал.

Кыргызстандын аймагын куралчан топтордун басып кирүүсү буга чейин дагы болгон. 1999-2000-жылдары куралчан топтор Баткен жергесин басып кирип, тынч жаткан калкка бүлүк салган.

XS
SM
MD
LG