Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Кыргыз-кытай чек арасында атыш болду


Кыргыз чек арачысы. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Кыргыз чек арачысы. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак айыл аймагындагы кыргыз-кытай чегине жакын жердеги кармаш аяктап, чек араны бузуп кирген топ жок кылынды.

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгонун Чек ара кызматы кабарлады. Чек арачыларга түшкөн маалыматка ылайык, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Атышуу учурунда белгисиз топтун эки мүчөсү каза тапкан. Азыркы тапта алар “Пикертык” жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат. Окуя болгон жерге Чүй чек ара кошуунунун атайын даярдыктагы тобу жөнөп кетти.

Окуя болуп жаткан жердин картасы


Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы Кудайберген Айманов "Азаттыкка" бул белгисиз топ аңчылык чарбасынын башчысын мууздап, куралын тартып алганын, чек арачылар менен атышуу учурунда экөөсү каза тапканын тастыктады. Анын айтымында, азырынча белгисиз болуп жаткан бул топтогулар Кытайдын уйгур тектүү жарандары жана экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүндүгү болжолдонууда. Алардын саны болжол менен 7-8 киши болушу мүмкүн.

Атышууда кыргызстандык чек арачылар жабыркабаганын "Азаттыкка" Каракол чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев билдирди.

Чек ара кызматы бул күнү кечке жуук атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан чек арасына кирип келген 11 киши жок кылынганын кабарлады. Алар колго түшүп берүү талабын аткаруудан баш тарткандан кийин жок кылынган. Азыркы кезде чек араны бузгандар кайсы өлкөнүн жараны экени жана кандай максатта Кыргызстанга өткөнү такталууда.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG