Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Баткен: Эл дале кооптонууда


Көк-Таш - Ак-Сай - тамдык жолун куруп жаткандар., 12-январь, 2014.
Көк-Таш - Ак-Сай - тамдык жолун куруп жаткандар., 12-январь, 2014.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылы чек арачылардын жана бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Чырдын себеби болгон Көк-Таш - Тамдык айланма жолунун курулушу уланууда. Ушул тапта Баткен району боюнча кырдаалга жергиликтүү калктан үч миңдей ыктыярчылар көз салып турушат. Чек аралаш айылдардагы айрым мектептерде коопсуздук маселесине байланыштуу кышкы эс алуу узартылды. Окуу башталган мектептерге деле ат-энелер балдарын жиебргенден кооптонуп турушат.

Биргелешкен комиссия түзүлөт

Кыргыз өкмөтү Ак-Сайда 11-январда болгон окуя боюнча кыргыз-тажик тараптын биргелешкен иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы күтүлүп жатканын билдирүүдө. Бул тууралу тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов 15-январда билдирди. Анын айтуусунда, Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушуп, Ак-Сай окуясын биргелешип иликтөө маселесин талкуулашты. Жолугушууга кыргыз тараптан чек ара кызмат төрагасынын 1-орун басары, атайын штабдын зардалы Искендер Мамбеталиев катышты:

- Эки тарап биргелешкен комиссия түзүп, чек араларга барабыз да ал жердеги аскерлердин саны, алардын куралы тууралуу маалымат алабыз. Мисалы, эки тараптуу келишимдердин негизинде чек арада колдонууга тыюу салынган курал-жарактар бар, мисалы минемоттор. Ошолордун баарын текшеребиз. Чек ара бекеттеринен тышкары коргоо министрлигинен апкелинген куралдарды, аскерлерди кайра алып кетүү боюнча да талаптар бар, комиссиянын иши бүткөндөн кийин кайра жолугушуп, аймактан чыгарылуучу күчтөр тууралуу маселени чечебиз деп сүйлөштүк.

Искендер Мамбеталиев эки тарап тең чек ара маселесин сүйлөшүү менен гана чечүүнү жактаганын, аймакта аскердик күчтөндүрүүнүн зарылдыгы жоктугун белгиледи.

Жогорку Кеңеш тажик бийлигине кайрылды

Ак-Сайдагы кырдаалды 15-январда парламент жабык талкуулап, чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча токтом кабыл алды. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу билдирүү таратып, 11-январда тажик тараптан болгон аткылоо эки тараптын достук жана кызматташтык келишимдерин бузууга жатарын, ошондой эле Борбор Азия аймагындагы кырдаалга коркунуч жаратканын белгиледи:

- Тажикстан тарапты бул маселеге өтө олуттуу көңүл буруп, конструктивдүү негизде, кол коюлган эл аралык жана мамлекеттер аралык келишимдерди сактоо менен иш жүргүзүүсүн суранабыз. 11-январдагы окуя боюнча биргелешип иликтөө жүргүзүп, анда кыргыз тарапка ок чыгарган аскерлерди жазага тартуусун сунуш кылдык. Борбор Азия ансыз деле Ооганстандагы маңзат маселеси, диний экстремизм, калктын жыш жайгашканы, азык-түлүк, суу тартыштыгы негизги көйгөй болуп турган аймак. Ошондуктан мындай учурларда биз Тажик мамлекети менен айрым маанилүү маселелерди биргелешип чечүүгө аракеттенүүгө тийишпиз.

Элдеги кооптонуу сакталууда

Ак-Сай аймагындагы жергиликтүү эл 11-январдан бери кооптонуу менен жашап келе жатышканын айтышууда. Ак-Сай эле эмес, андан бир канча бери үч тарабынан Тажиксиандын айылдары курчап турган Кара-Бак (Достук) айылынын тургуну Асылбектин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, айылдан бала-чакаларын коопсуз жакка чыгаргандар көп болууда. Аймактагы мектептер 15-январда кышкы каникулдан кийин ачылганы менен ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн кооптонуп турушат:

- Биздин айыл Тажикстандын үч айылынын курчоосунда турат. Мурда аларга жол биздин айыл аркылуу өтчү, кийин алар өздөрү көпүрө тургузуп, башка жол куруп алышкан. Биз азыр жолдун эки тарабын коопсуздук үчүн тосуп салдык, анткени биздин айылда жүз чамалуу эле түтүн бар. Чек ара аскерлери бар, бирок баары бир чочулоо бар. Бүгүн мектеп да ачылды, бирок балдардын көпчүлүгүн жиберген жокпуз, коркуп жашап атабыз. Бала-чакаларын башка жакка чыгарып жаткандар да бар.

Маектештин айтымында, аймактагы айылдардын тургундары чек ара коопсуздугун көзөмөлдөп, мөөнөт менен күзөткө чыгышууда. Бул маалыматты Баткендеги кыргыз өкмөтүнүн өкүлчүлүгү да тастыктап, Баткен району боюнча жергиликтүү элден үч миң чамалуу киши абалга көз салып турушканын маалымдашты.

Айланма жолдун курулушу токтогон жок

Ал эми Тажикстандын Кожо-Ало айылын айланып өтүүчү Көк-Таш –Ак-Сай –Тамдык жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди:

- Жолдун курулушу жүрүп жатат. Жол Кыргызстандын аймагында курулуп жатат.

Аталган айланма жолдун узундугу 5 чакырым. Бир ай мурда, тагыраак айтканда 17-декабрда Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклаванын жашоочуларынын ортосунда тиреш чыгып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан эле. Көп өтпөй жолдун курулушу башталган. 11-январдагы Ак-Сайда болгон куралдуу атышуу да тажик тараптын ушул жолду курдурбоо аракетинен улам келип чыккан.

Бул картада жаңы курулуп жаткан КөкТаш - Тамдык жолу көрсөтүлгөн

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG