Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Мамытов: Тажикстан эл аралык эрежелерди бузду


Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков чек арадагы атыштан кийин эл менен жолугушууда. Ак-Сай айылы, 12-январь, 2014. (Сүрөттү Баткен облустук акимчилигинин маалымат катчысы Мамажан Бердишев сунуштады.)
Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков чек арадагы атыштан кийин эл менен жолугушууда. Ак-Сай айылы, 12-январь, 2014. (Сүрөттү Баткен облустук акимчилигинин маалымат катчысы Мамажан Бердишев сунуштады.)

Кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан соң Кыргызстан Тажикстанга эки нааразылык нотасын жиберди.

Баткендин Тажикстан менен чектеш айылдарындагы эл дале кооптонуу менен күн кечирүүдө. Чек ара айылдарында жекшембиде да адамдар топтолуп турушту. Облустук бийлик аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

ТИМ: Тажик тарап алдын-ала даярданган

Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов Баткендин Ак-Сай айылына жакын жердеги атышуудан кийин, 12-январда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, тажик тарап кечээ америкалык өндүрүштөн чыгарылган минометту колдонуу менен эл аралык нормаларды бузганын билдирди:

- Бул окуяны азырынча саясатчы катары чек арадагы окуя деп баалайм. Бирок Кыргызстандын жараны катары бул сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын чек арасын одоно бузуу жана чек арадан кирип келип, мыйзамыз курал колдонуу менен кыргыз жарандарынын өмүрүнө коркунуч келтирүү деп эсептейм. Эми чек арачылардын атайын багытагы бөлүгүнүн штабынын башчысы - майор келип, тапанчасын биздин чек арачынан башына такап, жол курууну токтоткула деп жатса, анын аракети мыйзамсыз экенин эскерткен чек арачыны атып салса, атканы аз келгенсип миномет менен биздин аймакты да аткылап атса - бул эмне дегендик? Бул эл аралык келишимдерди бузуп жаткандык эмеспи. Жол Кыргызстандын аймагында курлуп жатса.

Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын аймагындагы суу бөлүштүрүүчү жерге кирип келип, ок чыгарышы - Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан 4 күн, чек араны биргелешип кайтаруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлгандан 2 күн өтпөй болуп отурат. Дүйшөмбү шаарында өткөн бул жыйынга катышып келген вице-премьер Токон Мамытов эки күн мурда эле маалымат каражаттарына Тажикстан менен келишимге келгенин айтып жаткан эле...

Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстанга нааразылык иретинде эки нота жибергенин 12-январда тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди:

- Тышкы иштер министрлиги тажик тарап миномет, көзгө атар мылтык сыяктуу курал-жарактарды алдын-ала даярдаган деп чечип, бул боюнча Тажикстанга нааразылык нотасын жөнөттү. Биринчиси, жол курууну токтотуу боюнча мыйзамсыз талаптары, ок атууну биринчи баштаганы боюнча каршылыгыбызды билдирдик. Экинчи нотада окуядан кийин эл аралык коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун бекемдөө жана иликтөө бүткөнчө чек аралар белгисиз мөөнөткө жабылаары билдирилген, - деди Бешимов.

Мунун алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяда биринчи кыргыз чек арачылары ок атканы тууралуу маалымат тараткан эле.

Окуя болгон жердин карта-схемасы

Чоңойтуп көрүү үчүн картаны басыңыз (Чек ара кызматы сунуштады)



Баткендиктер: Чек араны бекемдегиле

Аймактагы чек аралаш айылдардагы элдин кооптонуусунан улам кошумча күчтөр тартылып, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чек арадагы Самаркандек айылынын тургуну Абдыганы Дыйканов болсо атышуудан кийинки абалды мындайча сүрөттөдү:

- Чек арада адамдар топтолушуп турабыз. Менин таң калганым, бийликтегилер тажик кошуналардын жакын арадан бери бул тарапка аскерлерин, курал-жарактарын көбөйтүп жатканын билбей калыштыбы? Саны аз чек арачыларыбызды аларга бутага коюп бергендей эле болушту. Алдын алса болмок да. Бийлик негизи бул маселеге кош көңүл мамиле жасагандай болуп жатат. Кечээ түнү уктабай чыктык. Бийликтен куралдуу күчтөрдү көбөйтүп беришсе деп суранабыз.

Чек арачылардын атышуусу боюнча түзүлгөн эки тараптуу комиссия да эки күндөн бери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарына ылайык, тажик чек арачыларынын иши мыйзамсыз, анан да өзгөчө корукка алынган суу бөлүштүрүүчү жайды артиллерия менен аткылаганы түшүнүксүз болуп жатканын айтат:

- Биз окуя болгон аймакты көрүп келдик. Аткылоолорго, октун кесепеттерине караганда кошуналар атайылап биздин стратегиялык, өзгөчө корукка алынган объектибизди мээлеп аткылаганы көрүнүп турат. Биздин аймактагы суу бөлүштүрүүчү тосмону атайын аткылашкан. Азыр аймакта абал туруктуу болгону менен чыңалуу сакталып турат. Биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Болгон окуя боюнча жергилктүү калк тынчсыздануусун билдирип жатат.

11-январдагы атышуудан беш кыргыз чек арачысы жана бир милиция кызматкери жабыркаган. Тажик тараптан да үч чек арачы жабыркаганы айтылууда. Жаракат алгандардан арасынан абалы оор үч кыргыз чек арачысы жекшембиде Баткенден Бишкектеги ооруканага жеткирилди.

Cүрөт баян: Ак-Сайдагы атышуудан кийин


XS
SM
MD
LG