Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Карама-каршы билдирүүлөр


Ак-Сайдагы чек арачылар, Баткен.
Ак-Сайдагы чек арачылар, Баткен.

Баткенде айланма жол куруудан чыккан жаңжалдан кийин кыргыз жана тажик бийликтери карама-каршы билдирүүлөрдү таратууда.

Тажик бийлигинин өкүлдөрү эки президенттер кол койгон протоколдо бул жолду курууну токтотуу макулдашылган десе, кыргыз тарап аны четке кагууда. Президенттер чынында эле кандайдыр бир протоколго кол койгонбу?


Искандаров: Тажик тарап жок нерсени айтууда


Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары Жумабай Сангинов "эки өлкөнүн президенттери кол койгон протоколдо Көк-Таш - Тамдык жолун куруу токтотулуш керек" деп жазылган деп “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген. Кыргызстан бийлиги андай протокол жок деп чыгууда.

Эки өлкөнүн президенттери жакын арада кол койгон документтерди караштыра турган болсок, анда Алмазбек Атамбаев жана Эмомали Рахмон “Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташуу жөнүндө” чечимге кол койгону анык. Андай чечимге тажик президенти Эмомали Рахмондун 2013-жылы 27-майда Бишкекке сапары учурунда кол коюлган.

Ал сүйлөшүүлөргө катышкан, чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров анда чек ара боюнча сүйлөшүүчү делагациялардын деңгээлин көтөрүү жөнүндө гана сөз болгонун айтат:

- Анда делимитация жана демаркациялык иштерди жандандыруу үчүн делегация жетекчилерин вице-премьер-министрлер деңгээлине көтөрөлү делген. Аны аткардык. Биз жактан Токон Мамытов, ал жактан Алимардон болду. Ушул экөө комиссиянын төрагалары.

Курбанбай Искандаров тажик тарап жок документтерди айтып, коомчулукту адаштырып жатканын да белгиледи:

- Тажикстандан чыккан маалыматтарда 7-12-январда Душанбедеги вице-премьер-министрлер баш болгон сүйлөшүүлөрдө тараптар курулуштар жүргүзүлбөйт деп сүйлөшүлгөн деп жатат. Андай сүйлөшүү болгон эмес. Алар бизге ошону куруп жатасыңар, ошону токтотпойсуңарбы деген. Биз анда айтканбыз, биз өзүбүздүн аймакта, ички жактан куруп жатабыз. Силерге эч кандай тиешеси жок, кура беребиз дегенбиз. Булар болсо тескери жазып жатышат. Мен окуп таң калып отурам.

Кыргызстан менен Тажикстан 1993-жылдан бери 87 документке кол коюшкан. Ал документтердин арасында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Курманбек Бакиев менен Эмомали Рахмон 2008-жылы 16-майда Хожентте кол койгон билдирүү да бар. Мына ошол билдирүүдө талаштуу делген участоктордо курулуш иштерин жүргүзбөө айтылган. Тажик тарап мына ушул документ жөнүндө сөз кылууда.

Кыргыз тарап өз кезегинде Көк-Таш - Тамдык жолу өлкөнүн ички территориясынан өтөөрүн билдирип жатат.

Бул картада жаңы курулуп жаткан КөкТаш - Тамдык жолу көрсөтүлгөн





Кыргызстан Тажикстандагы элчисин чакыртып алды


Чек ара жана эл аралык мамилелер боюнча дагы бир адис Саламат Аламанов талаштуу делген участоктордо курулуш жүргүзбөө эрежеси бар дейт. Бирок Көк-Таш - Тамдык жолу курула турган жер талаш статуска ээ экени боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады.

Ошол эле учурда Аламанов конкреттүү участоктор боюнча протоколго кол коюу президенттердин деңгээли эместигин айтып, тажик бийлигинин өкүлүн мындан кабары жок жетекчи катары баалады:

- Бул өзү жаңы келген адамдардан болсо керек. Эч процедураларды билбейт экен. Оюна келгендей айтып коёт. Конкреттүү бир жерди антели-минтели деген норма жок. Ошондой деңгээлге чейин президенттер кол койбойт да.

Белгилеп кете турган нерсе, эки өлкөнүн жетекчилери кол койгон Минск декларациясы да бар. Анда КМШ мамлекеттери СССР мезгилиндеги административдик чек араларды мамлекеттик чек ара деп тааныры жазылганын кыргызстандык мыйзамчылар айтып келишет.

Мына ошентип документтер боюнча эки ача кетип жаткан кыргыз-тажик бийлиги чек арада кырдаал туруктуу экенин билдирүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев 14-январда күч министрлерин чогултуп, чек ара маселесин талкуулады. Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, анда Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен делимитация иштерин улантуу зарылдыгы белгиленди.

Ал эми тышкы иштер министрлиги Душанбедеги Кыргызстандын элчиси Урмат Саралиевди консультация жүргүзүү максатында Бишкекке чакыртып алды. Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин бул дипломатиялык кадамы эки мамлекеттин мамилесине айрым өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.

P.S. Кыргызстандын Чек ара кызматы акыркы тараткан билдирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү суу сактагыч жайгашкан жерде абал татаалдашканы айтылат. Бүгүн саат кечки беште эки өлкөнүн чек арачыларынын өкүлдөрү кездешкенде, тажик тарап Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушуна тоскоолдук кылаарын айткан жана жолугушууга тажик чек арачылары шайма-шай курал-жарак менен келишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн тийиштүү даярдыктар көрүлгөнүн маалымдады жана эки ортодогу суроолорду күч көрсөтүү аркылуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Бул кабар чыккандан көп өтпөй Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара башчылары 15-январда жолугуп, чатакты тынч жол менен чечүүгө макулдашканы тууралуу маалымат таратты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG