Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Баткенде сегиз чек арачы жарадар болду


Баткендеги Көк-Таш айылы
Баткендеги Көк-Таш айылы

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жана Тажикстандын үч чек арачысы жараат алды.

Учурда 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын чырына себеп болгон Ак-Сай-Көк-Таш-Ак-Сай айланма жолунун курулуш иши уланууда. Ал жерде 9 техника иштеп жатат. Жумушчулардын коопсуздугун жергиликтүү күч кызматтары көзөмөлдөп турат. Курулуш кадимки тарптипте жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облустагы өкүлчүлүктүн маалыматында, кечээ кечке жуук кыргыз жана тажик прокуратура кызматкерлери биргеликте ок атышуу боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштаган.

Иликтөөнүн ушул убакка чейин белгилүү болгон жыйынтыгында, тажик тараптан минометтун алты огу атылганы, анын бири жарылбай калганы белгилүү болду. Кыргызстандык саперлор учурда аны зыянсыздандырууга даяр, болгону тажик тараптан тиешелүү өкүлдөрдү күтүп жатышат.

Минометтон атылган снаряддын бири Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү тосмого тийген.

Мындан тышкары, тажик тараптан атылган снайпердик мылтыктын жана эки тараптан атылган автоматтын бир нече гильзалары табылган. Бүгүн эки тараптын прокуратура өкүлдөрү биргелешкен иликтөө иштерин андан ары улантууну пландашууда.

Кечээ 11-январда Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын жерде суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз чек арачылары күзөт учурда тажик чек арачылары менен жаңжалдашып, натыйжада ок атышуу болгон. Чек ара кызматынын "Азаттыкка" билдиришинче, окту биринчи болуп тажик чек арачылары чыгарган. Ал эми тажик бийликтери чек арадагы тополоңдо кыргыз чек арачылары биринчи болуп ок чыгарганын айтууда.

Тажикстандык жергиликтүү тургундар биринчи болуп кыргыз чек арачылар снайперден атканын "Азаттыкка" билдирди. Атышууда ок тийген үч тажик чек арачы Исфара шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Тышкы иштер министрлигине окуя боюнча тиешелүү нотаны Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жолдоону буюрду. Өкмөт башчы бүгүн күч органдарынын жетекчилери менен жолуккан учурда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөмбиев ок атууну тажик тарап баштаганын маалым кылган.

Атышуудан 5 кыргыз чек арачасы жана бир милиция кызматкери жарадар болуп, алар дароо облустук ооруканага жеткирилген. Баткен облустук ооруканасынын баш дарыгери Тургунбай Айжигитовдун айтымында, милиция кызматкеринин абалы оор:

- Бизге 6 киши келип түштү. Баарына ок тийген. Абалдары оор эле.

Чыр чыккан аймактагы кыргыз-тажик чек арасы
Чыр чыккан аймактагы кыргыз-тажик чек арасы

Учурда кыргыз-тажик чек аралары коопсуздукка байланыштуу толук жабылды. Ак-Сай айылын көздөй тажик айылдары аркылуу өткөн электр мамысы керектен чыгып, айыл жарыгы жок турат. Чек аралаш айылдарда эки тараптан тең эл чогулуп жатканы айтылууда. Окуя болгон жерге жакын Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын айтымында, ок атышууга тажик чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип келиши себеп болгон. Кыргыз чек арачылары алардын чыгып кетүүсүн талап кылган учурда кайым айтышуу болуп аягы жаңжалга айланган. Учурда аймакка ички абалды көзөмөлдөө үчүн кошумча күч кызматтары тартылган.

- Биздин суу бөлүштүрүүчү Головной деген жерде болду да. Ок атылганын угуп турдук. Жарадар болгондорду алып кетишти. Азыр аймакка күч кызматтары келген. Эл топтолуп турат.

Кечке жуук эки тараптуу сүйлөшүү башталды. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Мамажан Бердишев жарадар болгондорго гранатомёттун чачырандысы тийгенин билдирди. Азыр эки тарап окуя боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын, окуя кандайча башталганы иликтөөгө алынганын кабарлады:

- Окуя түшкү саат бирлерде болду. Азыр абал туруктуу эле. Күч кызматтары, чек арачылар сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Ооруканага түшкөндөрдүн басымдуусу миномет чачырандысынан жабыркашкан. Тажик тараптан миномет колдонулганы аныкталды. Жабыркагандарга кан керек болгондуктан, жай тургундар кан тапшырып жатышат.

Ак-Сайда жүргөн “Азаттыктын” ишенимдүү булагы Тажикстан тараптан миномет жана гранатомет менен аткылоолор алдын ала уюшкан деген маалыматты билдирди.

Анын айтымында, биринчи снаряд кыргыз чек ара командирине, экинчиси чек арачылар үчүн жаңыдан коюлган атайын көчмө үйгө тийген. Кийинки аткылоолордо милициянын “Нива” автомашинасы, электр трансформатору талкаланган. Кыргыз тараптын суу тосмосуна атылган снаряд башка жакка тийген. “Булардын баарын атайын ишке ашырылган чагымчылдык катары кароого болот”,- деди учурда Баткенде жүргөн ишенимдүү булак.

Окуя болгон жердеги айыл тургундары
Окуя болгон жердеги айыл тургундары
Кийинчерек Чек ара кызматы бул кабарды тастыктап, атайын билдирүү таратты.

"9-январдагы эки республиканын чек ара ведомстволорунун макулдашуусуна карабастан тажик тарап 11-январда куралдуу чыр-чытактын чыгышына өбөлгө түздү" - деп жазылган билдирүүдө. Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына карата куралды биринчи колдонушканы, атышууну Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин атайын багыттагы бөлүгүнүн зардалы баштаганы да анык болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тараптан кыргыз чек арачыларына карата курал колдонуу жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аскерлердин өзүн алып жүрүү эрежесин одоно бузуулары боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылат. Ошондой эле "тажик чек арачыларынын чагымчылдыгы буга чейинки макулдашууларды бузду" - деп жазылган билдирүүдө.

Чек ара кызматынын маалыматында, Ак-Сайда Тажикстандын жарылбай калган миналары зыянсыздандырылып жатканы жазылган. Баткен облусунун жана Тажикстандын Согду облусунун Чөлкөмдүк чек ара башкармалыктарынын зардалдарынын жолугушуусунун жүрүшүндө тажик тарапка АКШда өндүрүлгөн минометтун жарылбай калган снаряды көрсөтүлгөн.

Бүгүн кечинде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратты. Анда 20дай кыргыз чек арачылары урушту баштап, эч кандай эскертүүсүз биринчи ок атышканы айтылган.

“7-январдагы эки тараптуу макулдашууда, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу сүйлөшүлгөнүнө карабастан, кыргыз тарап 11-январда такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзө баштаган. Курулуш иштери куралдуу кыргыз чек арачылары менен коргоого алынган. Тажик чек арачыларынын эскертүүсүнө кыргыз аскерлери уят сөздөр менен жооп кайтарып, ок чыгарышкан” деп жазылат. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы маалымдады.

Чыр чыккан аймакта топтолгон жаштар
Чыр чыккан аймакта топтолгон жаштар

Учурда Кыргызстан коңшу өлкө менен чектешкен аймактарын күчөтүлгөн кайтарууга алды. Баткен облусунун жетекчилери, Ички иштер башкармалыгы азыр Баткен районундагы чек арада жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ага карабай чек арадагы Достук айылынын тургундары үй-бүлөлөрүн коопсуз жайга жиберип жатканын жергиликтүү тургун Ысмаил Куназаров “Азаттыкка” билдирди.

- Бүгүн кечке жуук Достук айылын курчап турган тажик айыл тургундарында агрессия байкалгандыгы үчүн аялдарды, балдарды Баткен шаарына жана Кызыл-Бел айылына чыгарып жатабыз, – деди Ысмаил Куназаров.

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргөнүнө карабастан чыгып кетүүлөр уланып жатканын, мындай көрүнүш Масейиттин жери айылында да орун алганын Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” тастыкташты.

Мындай көрүнүш чек арадагы тажик айылдарында болуп жатканын, тажик жарандары үй-бүлөсүн алып, коопсуз айылдарга кетип атканын "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты.

Кыргыз өкмөттүн маалымат кызматы жогорудагы окуя боюнча эки тараптын вице-премьер-министрлери Токон Мамытов менен Муродали Алимардон телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, чек арачылардын ок атышуу фактысы боюнча биргелешкен иликтөө жүргүзүү чечимине келгенин кабарлады.

Чырдын төркүнү

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан. Чырдын чыгышына Тажикстанга жакын ээн жердеги кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгону айтылган.

Мунун алдында 500 чакты тажик жараны да Ак-Сай айылын облус борбору менен байланыштырган жолду тосуп алган эле. Ак-Сай айылынын эли чайкананы өрттөгөндөрдү таап, жазалоодон сырткары Ворух анклавын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруу маселесин чечүүнү да талап кылышкан. Өткөн жылы жаз айында кыргыз тарап бул жолду куруп баштаганда ворухтуктар каршылык көрсөтүп, иш токтоп калган. Анда да эки тарап тең жол тосуп, ташбараңдан адамдар жаракат алган, унаалар талкаланган. Эки тараптын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, кырдаал жөнгө салынганы менен жол куруу маселеси чечилбей калган.

Тажикстандыктар жолдун курулушуна каршылыгын аймакта эки өлкөнүн чек арасы аныктала электиги менен түшүндүрүшкөн. Кыргыз тарап жол чек арадан беш жүз метрдей бери, Кыргызстандын аймагы менен өтөөрүн жүйөө кылышкан. Канткен менен маселе өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүгө калтырылган.
Токон Мамытов баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн эл менен сүйлөшүүсүнөн кийин 20-декабрда Ворух анклавы менен кесилишкен жердеги үч күндөн бери жабык турган жол ачылган.

Үстүбүздөгү жылдын 7-январында Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүгө, кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга барган. Ага чейин Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадали Алимардон баштаган делегация өткөн айда Бишкекте кыргыз бийликтери менен чек ара маселеси боюнча жолуккан.

Дүйшөмбүдөгү жолугушууда чек арадагы талаштуу тилкелерди кыргыз-тажик чек арачылары биргелешип кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынган.

Сүйлөшүү жокко чыгабы?

Вице-премьер-министр Токон Мамытов 10-январда “Азаттыкка” маек берип, тажик вице-премьери Мурадоли Алимардон менен коомдук кырдаал курчуп кетпесин деп бир пикирге келгенин, эки өлкөнүн милиция, чек ара кызматкерлери күзөткө чыгышсын, кыргыз жана тажик жарандарынын бири-бирине кол көтөрүүсүнө жол берилбесин деген чечим кабыл алынганын айткан.

Вице-премьер-министр Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу тууралуу суроого:

- Албетте, коңшу мамлекет аймак такталбагандан кийин “курулушту токтоткула” деген талапты коюп жатат. Бирок бизге ал жол керек. Тажиктерге деле керек, силер да пайдалангыла деп айтып жатабыз. Тажик тарап аталган аймактардын тактала электигин айтып, кыргыз тарапка суу бою өтүп кетиши мүмкүн деп камтама болуп жатышса керек. Биз чек араны тактаганга чейин эл кыйналбасын, салына берсин деген позицияны Дүйшөмбүдө да билдирдик,-деп жооп берген.

Тажикстандын Ворух эксклавы Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Анклавга барчу жол чек арадагы кыргыз айылдарын аралап өтөт. Ворухтун калкынын саны 30 миңден ашуун, жер тартыш, эл жыш отурукташкан. Анын жанындагы Баткендин Ак-Сай айылынын калкы да облус борборуна баруу үчүн Тажикстандын Ворухка чейинки эки-үч айылын аралап өтөт.

XS
SM
MD
LG