Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Баткендин көйгөйүн чечүүгө батыл аракет керек


Баткенде соңку учурда чек ара жаңжалдары көбөйдү
Баткенде соңку учурда чек ара жаңжалдары көбөйдү

Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнө Баткен облусундагы чек ара маселелерин чукул арада чечүүнү, социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну тапшырды.

Парламент 25-декабрда Баткен облусун реформалоо боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жабык талкуулады.

Парламентте талкуу башталаар алдында өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков “Азаттыктагы” маегинде облусту жоюуга жергиликтүү бийлик да, эл да макул эмес деп айтты. Муну ириде коопсуздук менен байланыштырды:

- Баткен облусун жойсок, анда биз ошол аймактагы көзөмөлдү жоготуп алабыз. Облусту жоюуга мен да, ал жакта жашаган элдин 100 пайызы тең каршы. Таптакыр туура эмес маселе көтөрүлгөн. Проблема аябай көп. Биринчи чек ара, суу жана жол маселеси. Чек арадагы аймактардын инфраструктураларын чыңдаш керек, социалдык жактан бекемдешибиз керек.

Баткенди облус катары жоюп, андагы Баткен жана Лейлек райондорун республикалык башкарууга өткөрүү, Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна берүү тууралуу алгач Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын төрагасы Назарали Арипов айтып чыккан болчу.

Бул маселе парламентте каралып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Арипов азыр болсо демилгенин түпкүлүгүндө аймактагы маселелерди натыйжалуу чечүү турганын айтууда:

- Мурда деле Баткенди жоюу тууралуу сөз болгон эмес. Эң орчундуу, кыйын маселелери бар Баткен менен Лейлек районуна өзгөчө макам бергиле деген маселе болгон. Баткен облусу эмес, Кыргызстандын жери деп күйүшүбүз керек, Кыргызстандын жери кыскарып кетип жатат. Азыр биз ириде чек арачылардын айлык маянасын көтөрүшүбүз керек. Чек арачыларыбызды күчтөндүрүп, аларга шарт түзүп беришибиз керек. Миграцияны азайтуу үчүн жумушчу орундарды түзүшүбүз керек. Баткен азыр бала бакча, мектеп боюнча эң артта калган регион болуп жатат.

Парламентте вице-премьер-министр Токон Мамытов чек арадагы азыркы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Кыргызстан коңшулары менен чек ара тилкелерин тактоо иштерин жандантып жатат:

- Мен эртең Ташкенге баратам, ал жакта чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйыны болот деп айттым. Мындан сырткары келаткан жылы 7-январда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында да чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйыны болот. Ал жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча да Жогорку Кеңешке маалымат беребиз.

Баткен боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиев облусту кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн кеп салды:

- Мына, соңку 8-9 жылдан бери бир чарчы жер да такталып, аныкталбаптыр. Бир эле көчөдө кыргыз, тажик жарандары аралаш жашайт. Чек араны тактап бериш өтө оор. Аябай оорлошуп, чырмалышып калган. Эми ошону эки жакка ажыратып бөлүүгө туура келип жатат. Айрым жерлерди балким алмашабызбы деген оюбузду айттык. Айрым жерлердеги үйлөрдү балким сатып, ушундай ыкмаларды да колдоноорбуз. Балким бул дүйнөлүк тажрыйбада жоктур, бирок аргасыз ошондой кадамга барышыбыз мүмкүн.

Баткен Кыргызстандын жетинчи облусу болуп 1999-жылдагы коогадан кийин түзүлгөн. Аймакка ошол жылы өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылынын өкүлдөрү деп атаган топ басып кирген.

Борбордон алыс жайгашкан, социалдык-экономикалык абалы чабал, миграция маселелери баскан аймактын азыр деле жагдайы жакшыра элек. Анан калса, соңку учурда чек арадагы айылдарды коңшулар менен чыр-чатактар көбөйдү жана адам өлүмү менен аяктаган учурлар да кездешип жатат.

Разаков: Баткен облусун жоюуга каршыбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

XS
SM
MD
LG