Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Шинжаң: Террордун тамыры теңсиздикпи?


Үрүмчүнүн базарында 22-майда болгон жардыруудан кийинки көрүнүш.
Үрүмчүнүн базарында 22-майда болгон жардыруудан кийинки көрүнүш.

Кытайда терроризмге каршы бир жылдык өнөктүк башталды. Негизги көңүл 20 миллион калк жашаган Шинжаңга бурулмакчы.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, 28-май күнү Шинжаң аймагындагы Или префектурасында адам өлтүрүү, сепаратизм, терроризм үчүн айыпталган 55 кишиге сот өкүмү эл алдында чыгарылды. Айыпкерлердин үчөө өлүм жазасына кесилди. Стадиондогу сот жараянына жалпысынан 7000дей киши жыйналган.

Бул Кытайда бир жылдык мөөнөт менен антитеррордук өнөктүк жарыялангандан кийинки массалык сот жараяндардын алгачкысы болду.

Ага чейин Шинжаңдагы сотто 39 киши терроризм боюнча айыптардын негизинде түрмөгө кесилген эле.

Шинжаңдагы бул сот жараяндар Бээжиндеги бийлик “террордук чабуул” деп атаган көрүнүштөрдүн жаңы толкунунун фонунда өтүп жатат.

22-май күнү аймактын борбору Үрүмчүнүн жашылча-жемиш базарындагы жардыруулардан 31 кишинин өмүрү кыйылып, 94ү жаракат алган. Бийлик ырастагандай, "жардырууну беш жанкечти жасаган."

Өзгөчөлөнгөн чабуул

Кытай боюнча айрым эксперттер акыркы жардырууну Шинжаңдагы согушкерлердин өз тактикасын олуттуу өзгөртүүсү катары баалашты.

Ушундай пикирди кармангандардын бири, Австралиянын Гриффит университетиндеги Азия институтунун иликтөөчүсү, профессор Майкл Кларк (Michael Clarke) “Азаттык” менен маегинде мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Үрүмчүдөгү соңку чабуулдун эң башкы өзгөчөлөгү, кытай бийлиги өзү ырастагандай, ага жанкечтилердин тартылуусу Шинжаңда буга чейин болгон эместигинде. Соңку чабуул аны даярдагандар мындан ары полиция же бийлик өкүлдөрүн эле бутага алууну көздөшпөгөнүн, тескерисинче, кол салууну коомдук жайларда жасап, анын кесепетин максималдаштырууга багыт алганын каңкуулап турат.

Австралиялык кытай таануучу Майкл Кларк “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, Шинжаңдагы согушкерлер бутасын ылгабоо менен террордук чабуулдардын классикалык моделине өтүштү.

АКШдагы Индиана университетинин Шинжаң боюнча иликтөөчүсү, профессор Гарднер Бовингдондун (Gardner Bovingdon) көз карашында, расмий Бээжин маалыматты жашыруун сактагандыктан террордук деп аталган чабуулдарды даярдагандар, алар карманган мотивация тууралуу аз эле нерсе белгилүү.
Чанша шаарындагы кол салуудан кийин топтолгондор. 14-март, 2014-жыл.
Чанша шаарындагы кол салуудан кийин топтолгондор. 14-март, 2014-жыл.
Бирок соңку чабуулду уюштургандар расмий Бээжиндин Шинжаңдагы саясаты дагы катаалдануусун, бул өз кезегинде уйгурлардын көбүрөөк радикалдашып, алардын арасынан согушкерлердин катарына адамдардын тартылуусун жеңилдетүү мүдөөсүн көздөгөнүн ишара кылып турат.

Маалымат аз болгондуктан акыркы чабуулдардын ортосунда өз ара байланыш бар же жогун билүү кыйындыгын Улуу Британиядагы Оксфорд университетинин Кытай саясаты боюнча иликтөөчүсү Реза Хасмат ( Reza Hasmath ) да белгилейт:

- Биз булардын баары өз-өзүнчө же координацияланган чабуул деп толук ишеним менен айта албайбыз. Адамдар жогорудагыдай кадамдарга барууда өз ара сүйлөшүп жатабы же бул этникалык мүнөздөгү кыянатчылыктар терроризмдин индивидуалдуу актысы, социо- экономикалык кырдаалдын жана этно-диний репрессиянын натыйжасы деп толук ишеним менен айта албайбыз.
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:45 0:00
Түз линк


Расмий маалымат боюнча 22-май күнкү жардырууларда өмүрү кыйылган отуздан ашуун кишинин көпчүлүгү эртең менен базарга тамак-аш алуу үчүн келген кары кытайлар.

Жардырууну жасаган жанкечтилер болсо кытай бийлиги жарыялаган тизмедеги ысымдарга караганда, уйгур улутундагылар.

Өзү 22-майдагы чабуул кесепети жагынан 2009-жылдын июлунда Үрүмчүдө 200дөй кишинин өмүрүн алган кытай-уйгур кагылышынан берки эң ириси болду.

Ага чейин быйыл апрелде Үрүмчүнүн темир жол вокзалындагы жарылуудан үч адам өлүп, 79 киши жаракат алган. Окуя кытай президенти Си Цзинпиндин Шинжаңга жасаган төрт күндүк сапары аякташына туш келген.

Ал эми март айында Шинжаңдын Чанша, Кунмин шаарларында бычак менен кол салуудан 32 кишинин өмүрү кыйылып, 150дөй киши жаракат алган.

Былтыр октябрда болсо шинжаңдык үч киши түшкөн унаа Бээжиндин борбордук Тянанмэн аянтында топтошкон туристтерди сүзүп, унаасы өрттөнгөнгө чейин эки кишини мерт кылып, 40тай адам жарадар болгон.

Теңсиздик

Бул иш боюнча прокурорлор 31-майда сегиз кишиге терроризм беренеси боюнча айып тагышты.

Кытайлар менен уйгурлар ортосунда соңку жарым кылымдан бери чыңалган мамиле өкүп сүрүп келген Шинжаңда кыянатчылык күчөшүнүн себептери эмнеде?

Оксфорд университетинин кытай боюнча иликтөөчүсү Реза Хасмат жеке пикиринде мунун башкы себебин социалдык-экономикалык жагдайдан, уйгулар менен хан кытайлар ортосундагы экономикалык теңсиздиктен көрөт:

- Менимче, эң башкысы, социалдык-экономикалык себеп. Уйгурлардын ханзулардай киреше таба албаганы. Шинжаңдагы этникалык чыңалуу алардын социалдык-экономикалык жагдайга карата реакциясы да. Анткени Кытайдагы экономикалык өнүгүүдөн көбүрөөк пайданы ханзулар көрүп жатат. Уйгурларга салыштырмалуу алардын айлык акысы жогору. Анын үстүнө кытайлар менен уйгурлар ортосунда ич ара карым-катнаш жокко эсе да. Мындай шартта кыянатчылык өзүңө көңүл бурдуруунун жалгыз аргасы бойдон калып жатат. Уйгурлардын кирешеси менен этникалык кыянатчылык потенциалы ортосунда тикелей байланыш бар. Биз күбө болгондой, уйгурлардын кирешеси жыл өткөн сайын азайып келген.

Кытай экономикасы 2000-жылдардын башында жылына 10%, ал эми соңку кездери 7-8% өсүп жатканы белгилүү. Бирок анын тынч эмес Шинжаң чөлкөмүндөгү таасири талаштуу экенин “Азаттык” менен маегинде Австралиядагы Гриффит университетинин Азия институтунун иликтөөчүсү, профессор Майкл Кларк белгилейт:

- Бул жердеги суроо ошол экономикалык өсүштүн, модернизациянын жалпы таасиринде жатат. Бир катар иликтөөлөр ишара кылгандай, Шинжаңдагы экономикалык өсүштүн таасири кыйла эле тең салмаксыз болгондуктан аймакта ошол өсүшкө чейин эле өкүм сүргөн этникалык чыңалууну курчутуп жиберген. Шинжаңда кытай өкмөтү инвестиция салып жаткан башкы сектор – мунай жана газ индустриясы. Бул өз кезегинде аймакта хан кытайлардын конуштары арбышына дем берди.

Шинжаң-Уйгур автоном аймагында жашаган калк саны азыр 21 миллионго жетип калды. Аймакта Кытай эл республикасы түзүлгөн 1949-жылдан бери орун алган демографиялык өзгөрүүнү австралиялык кытай таануучу Майкл Кларк мындайча чечмелейт:

- 1949-жылы хан кытайлар Шинжаңдын калкынын эң көп дегенде 5 пайызын түзчү. Болжол менен калктын 65 пайызы уйгурлар эле. Кырдаал андан бери өзгөрүп олтуруп, 1970-жылдардын аягында уйгурлардын калк курамындагы көрсөткүчү 50 пайыздын тегерегине түшүп, кытайлардыкы 35 пайызга чейин көтөрүлгөн. Ал эми Кытайдын 2012-жылдагы расмий эл каттоосу боюнча уйгурлар калктын 40-45 пайызын түзөт, кытайлардын саны болсо 38 пайызга чыккан. Мындай демографиялык өзгөрүү Шинжаңдын тарыхында мурда болгон эмес.

Айрым иликтөөчүлөр хан кытайлар азыр Шинжаңдын жалпы калкынын 40% ашып калганын белгилешет.

Британиядагы Оксфорд университетинин Кытай саясаты боюнча иликтөөчүсү Реза Хасматтын эсептерине караганда, аймактагы кесиптик жана башкаруучу жумуштарды ээлөө жагынан да кытайлар менен уйгурлар ортосунда чоң ажырым бар:

- 1949-жылдан тартып 1960-жылдардагы маданий ыңкылапка чейин хан кытайлар Шинжаңга аны өнүктүрүүдө жардам берүү үчүн келишкен. Жер которуу жараяны маданий ыңкылаптан кийин да күчөй берген. 1990-жылдан азыркыга чейин кытайлар Шинжаңга иш орундарын ээлөө үчүн көчүүдө. Алар ири шаарларга жайгашып, өз анклавдарын, өз райондорун жаратууда. Мунун маанилүү жагы Шинжаңга көчкөн кытайлар айлык акысы салыштырмалуу жогорку жумуштарды алып жатканы. Уйгурлар болсо мында атаандаштыкка туруштук бере албай калып жатат. Бирок көңүл буруучу жагдай, хан кытайлар жакшы жумуштарды билиминин мыктылыгынан улам эле ээлеп калып жаткан жери жок. Себеби алардын уйгурларга караганда уюмдашуусу жакшы, эзелтен иштөө маданияты бар. Уйгурлардын кытайлардыкына теңдеш, атүгүл жакшы билими болсо деле кытайлардыкына баардык жагынан тең чамалаш жумушту ала албайт.

Үрүмчүдөгү соңку жардыруулардан кийин Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин сүргүндөгү президенти, учурда Кошмо Штаттарда жашаган Рабия Кадыр айым “Эркин Азия” радиосуна берген интервьюсунда Кытайдын бийлигин "өз күчүнө таянып алып бир этникалык топтун кызыкчылыгын экинчи этникалык топтун кызыкчылыгы үчүн садага чаап жатат" деп сындады:

Рабия Кадыр
Рабия Кадыр
- Бул окуялардын чыгыш себеби - Кытай өкмөтүнүн саясатынын натыйжасы. Аларды толугу менен алдын алууга болот эле, бирок мунун ордуна тескерисинче кытай бийликтерге уйгурларга карата куугунтугун барган сайын күчөтүүдө. Кытай өкмөтү бул көйгөйдүн негизги себебинен качып келүүдө. Анын себеби болсо жөнөкөй эле. Бийлик бир этникалык топтун кызыкчылыгын экинчи этникалык топтун кызыкчылыгы үчүн садага чаап жатат. Бир топту басмырлап, экинчисине жагымдуу шарт түзүүдө. Жабыр тарткандардын кайрылууларына көңүл бурбай, жабырлануучулардын добушу угулгудай мыйзамдуу жолдорду калтырбай жатат.

Саясат өзгөрөбү?

Расмий Бээжин Шинжаңдагы кол салуулар, жардыруулар үчүн такай уйгур жикчилери менен экстремисттерин айыптайт.
Кашкардын аянтына чогулган полиция күчтөрү. 2-август, 2011-жыл.
Кашкардын аянтына чогулган полиция күчтөрү. 2-август, 2011-жыл.
Мамлекеттик “Синьхуа” агенттигинин Үрүмчүдөгү соңку жардыруудан кийин тараткан маалыматтарына караганда, коопсуздук күчтөрүнүн май айындагы рейддери учурунда Шинжаң-Уйгур автоном районунун аймагынан экстремисттик жана террористтик 23 топтун бети ачылган. Террористтик ишмердикке шектелген 200дөн ашуун адам кармалган. Рейддер учурунда 200дөн ашуун жардыруучу зат дагы конфискацияланган. “Синьхуанын” маалыматында белгиленгендей, кармалгандар экстремисттик материалдарды окуп, видео нускоолор аркылуу жардыруучу зат жасоону үйрөнүшкөн.

“Азаттык” менен маектешкен кытай таануучулардын болжолунда, кол салуулар менен жардыруулардын көбөйүшүнө карабай Бээжин Шинжаң боюнча акыркы жарым кылымдан бери карманып келе жаткан стратегиясын улантат, азырынча саясатын либералдаштырат деп айтуу мүмкүн эмес.
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:20 0:00
Түз линк


Австралиядагы Гриффит университетинин профессору Майкл Кларк “Азаттыкка” Бээжиндин стратегиясын чечмелеп:

- Кытайдын Шинжаңга карата саясатындагы жалпы максат - 1949-жылдан бери эле аймакты өлкөнүн калган бөлүгүнө интеграциялоо болуп келген. Максат - интеграцияга саясий жана экономикалык жактан эле эмес, атүгүл маданий жактан да жетишүү. Бул стратегияны ишке ашыруу жагынан акыркы 20 жылда негизги көңүл экономикалык аспектке, Шинжаңды Кытайдын башка аймактары менен байланыштыруучу инфраструктурага бурулду. Бул өз кезегинде Шинжаңдын Кытайдын башка аймактары менен экономикалык байланышын гана күчөтпөстөн, мамлекеттин аймакты көзөмөлдөө кубатын да чыңдады.

Ал эми Британиядагы Оксфорд университетинин кытай саясаты боюнча иликтөөчүсү Реза Хасмат “Азаттык” менен маегинде Бээжиндин Шинжаң боюнча стратегиясынын эки элементи бардыгына токтолду:

- Бул стратегиянын эки багыты бар. Жумшак жана катаал саясат. Жумшак саясат бул - мечиттердин курулушун көбөйтүү, маданий фестивалдарды колдоону көбөйтүү, мамлекет этникалык азчылыктар менен кызматташып жатканын көрсөтүү. Ал эми катаал саясат, биз бүгүн турмуштан көрүп жаткандай, коопсуздук көзөмөлүн күчөтүү, рейддерди, аймакта армияны, коопсуздук күчтөрүнүн санын көбөйтүү. Азыркыга дейре бул ыкмалардын бирөө да этникалык чыңалууну жөнгөрө алган жок. Анткени этникалык чыңалуунун түпкү себеби кайра эле социалдык-экономикалык маселеде жатат. Мечиттердин курулушун көбөйтүү, фестивалдарды каржылоо кирешени көбөйтпөйт да. Ал эми коопсуздук чаралардын күчөтүлүшү, тескерсинче, уйгурлардын антогонизмин жаратып, кыска мөөнөттүү гана натыйжа берүүдө.

Бээжинден түшкөн кабарларга караганда, Шинжаңдагы кырдаал Компартия лидерлеринин 29-майдагы жыйынында да талкууланган. Президент Си Цзинпин анда сүйлөгөн сөзүндө өлкө Шинжаңда жакырчылыкты жоюш үчүн инвестицияны жана билим берүүгө каражатты көбөйтүүсү керектигине токтолгон. Кытай лидери ошондой эле экстремисттерге каршы чара көрүлүп жатканы менен мыйзамды сыйлаган динзарлар корголо турганын убада кылып, диний окуулар патриоттуулукка негизделүүсү керектигин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG