Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Ала-Тоодон обон издеген кытайлык боордоштор


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында чет элдик студенттердин арасында Кытай Эл Республикасынан келип окуган улутташтар да бар.

Айрым маалыматтарга ынансак, Кытайда 200 миңден ашуун кыргыздар жашайт. Алар улуттук тили менен каада-салтын, кайталангыс маданиятын сактоо менен гана алектенбестен, аны эл аралык деңгээлге алып чыгуунун камын көрүп келатышат.

Кытайлык кыргыздар маданий билимди жашаган жеринен эмес, бул жактагы Ата журтунан – Кыргызстандан алганды жакшы көрүшөт. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ар кыл факультеттеринде Кытайдан келген кыргыз студенттери окушат. Алардын көбү жалаң улуттук музыкалык аспаптарды үйрөнүүгө гана кызыкпастан, классикалык музыка багытында билим алууда, скрипка, опера ырчылык, дагы башка өнөрлөрдү үйрөнүп жатышат.

“Үй-бүлөсү Кытайда, достору – Кыргызстанда”

19 жаштагы Каныш Нурди Кыргызстанда көптөн бери жашайт.

- Апам иш боюнча Кыргызстанга келип ушул жерде иштеп калды, анын артынан биз келдик. Мен кичинекейимде эле фортепианодо ойночумун. Алгач Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы балдар музыкалык мектебинин скрипка бөлүмүнө өттүм, эми минтип консерваторияда окуп жатам,- дейт Каныш.

Баса, жакында өткөн VIII эл аралык жаш аткаруучулардын ARS POLONIA фестивал-конкурсунда Каныш курбалдаштарынын арасында биринчи орунду жеңип алды. Каныш буга чейин деле мындай маданий иш-чараларга катышып келген. Анын айтымында, музыкалык сынактар кыргызстандык чеберлердин чет өлкөдөн келген кесиптештери менен таанышуусуна ыктуу шарт түзөт.

- Биз алардын деңгээлин көрөбүз, бул кайсы бир деңгээлде бизге өбөлгө түзүп бере алат, анан дагы мыкты иштөөгө шыктанабыз, кыскасы биздин музыкалык даярдыгыбыздын өсүшүнө жакшы шарт түзүлөт.

Каныштын апасы мурда Кыргызстанда иштегиси келсе, кийин үй-бүлөсү менен чогуу болуш үчүн кайрадан Кытайда жашап калышты. Скрипканын кичинекей чебери Шанхайдагы Борбордук музыкалык окуу жайда өткөргөн, чыгармачылык жолундагы эң оор мезгил катары эсте калган үч жылын жадынан чыгара элек.

- Мен төрөлгөн айылдын аты Терек (КЭРдин Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу аймагы). Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы балдардын музыкалык окуу жайынан кийин мен тапшырган Шанхайдагы музыкалык окуу жай эң мыкты үч окуу жайдын катарына кирет экен. Мага аябай эле кыйын болду. Себеби кытай тилин мыкты билчү эмесмин. Экинчи жагынан негизги сабактардан тышкары жекече окутуучулар менен кошумча окууга туура келди. Күн сайын 10 сааттан кем эмес убакыт жалаң музыкага кетчү.

​Күн сайын болчу кошумча окуу, мектептин контракт акысын эсепке алып Каныштын ата-энеси Шанхайдагы окуудан баш тарткан. Каныш өзү Шанхайдан кийин АКШдан окусамбы деп ойлоп аткан.

- Ошол кезде мен абдан чарчадым окшойт. Мага көнүмүш жагдай, тааныш, достор жакчу... Мен Кыргызстанга кайтып, бул жердеги консерваторияга өтүүнү чечтим. Мен бул жерде чоңойдум, менин жакын адамдарым ушул жерде. Ата-энем Кытайда калса да, жакындарым менен тез-тез сүйлөшүп турабыз. Мүмкүн, мен ал жакка кайтып барып өз жеримде иштейт болушум керек, анткени Кыргызстандын диплому Кытайда жарактуу. Азыр мен үчүн окууну аяктоо милдети турат. Бардык беш курсту бүтүрүшүм керек. Апам “Дарак бир жерден көгөрөт” деп көп айтат, акыйкатта да дарак бир жерден гана көгөрөт.

Каныш кыргыз тилин эне тилим деп эсептейт. “Үйдө сиңдим экөөбүз кээде орусча сүйлөп жиберебиз, ата-энебиз негизинен кытайча сүйлөшөт. Анткени менин апам Кытайда туулуп-өскөн, Шанхайдагы эң мыкты университетти бүтүргөн, ал жерде сабак берген”,- дейт Каныш. Анан ал Кытайдагы башка кыргыздар менен тааныш эмес экенин кошумчалады.

- Ал жердеги университетте башка улут өкүлдөрү – уйгурлар, кыргыздар, казактар окушат. Ал жердеги биздин кыргыздар тез-тез чогулуп турушат, концерт коюшат. Өз маданиятын унутпай, башкаларга кыргыз өнөрүн тааныштырышат. Мурда биз көп чогулчубуз.

“Кесиптин бардык сырын өздөштүрөм”

Кытайдан келген дагы бир кыргыз Жоламан Үсөн уулу тарыхый Ата журтуна калыптанып калган музыкант болуп калган чагында келген.

- Кулжада төрөлгөм, бул өзү Кытайдын Казак автоном облусунун шаары. 2010-жылы Кулжадагы педагогикалык институттун музыкалык факультетин аяктагам. Аны бүткөндөн кийин 2 - 2,5 жылдай ошол жердеги окуу жайда музыка мугалими болуп иштедим. Кыргызстанда окуу бала кезимдеги тилегим болчу, окууну дагы улантууну чечтим. Тийиштүү документтерди топтоп Бишкекке келдим, - дейт Жоламан.

Жоламан Үсөн уулу.
Жоламан Үсөн уулу.

Быйыл Жоламан өз алдынча ырдоо кафедрасындагы окуусун аяктоодо. Ырчынын алдына койгон планы – аспирантурага өтүп, илимий наамга ээ болуу.

- Кыргызстанда атамдын алысыраак туугандары жашайт, бирок биз алар менен анда-санда бир көрүшөбүз. Окуудан тышкары мен бул жерде иштейм, концерттерди коём, ар кандай тойлор менен салтанаттарда ырдайм, - дейт Жоламан Үсөн уулу.

Кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында Жоламан үй-бүлөсүн да бул жакка көчүрүп келген. Аялы, үч баласы менен окуу жайдын жатаканасында турат. Бишкектен үй алууга аракет кыла элек. Окууну бүтсө жаш ырчы кайра Кытайга кайтмакчы. Жоламандын алдыга койгон максаты - билим алып, өз жерине кайтуу. “Кытайда мен Бээжинде же Үрүмчүдө театрда иштегим келет, симфониялык оркестрдин коштоосунда ырдасам дейм", деди ал.

Азыр Жоламан Бишкек мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестринде иштейт. Жоламандын ата-энеси, үй-бүлөсү Кытайда жалаң гана кыргыз тилинде сүйлөшөт.

- Кээде кытайча деле сүйлөшөбүз, бирок андай учурлар аз эле. Мага таптаза кыргыздын атын коюшкан. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы каармандын аты берилген. Мен төрөлгөндө биздикине кадырлуу коноктор келишкен экен. Алар жолу ачык, өзү аман жүрсүн деген тилек менен Жоламан деп ат коюшуптур, - дейт ырчы.

Устаттардан окуп-үйрөнүү

Азыркы студенттер келечегин ойлоп, кайсы жерде кантип иштешти ойлонуп отурушса, Орулкан Бакир - түпкү Ата журтунан билим алып кайра Кытайга барып, ал жердеги мамлекеттик мекемелердин биринде иштеп жаткан кыз.

Орулкан
Орулкан

Орулкан 26 жашында Бишкекке келип, Бишкектеги улуттук консерваториянын даярдоо курсунда бир жыл окуган. Бир жылдан кийин мыкты жыйынтыкты көрсөткөн аракетчил кызды Кыргызстандын белгилүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын студенттеринин тобуна кошушкан.

- Сахнанын айтылуу чеберинин колунда окуу – бул өзү сейрек кездешчү, өнөр адамдарынын баарынын эле маңдайына жазыла бербеген ийгилик. Кыргызстанда окуган үч жылда болушунча терең билим алуу, убакытты пайдалуу ишке жумшоо милдети бар эле. Мага үлгү болчу улуу эжемдин жөрөлгөсүн улантуу озуйпасы алдымда турган. Эжем азыр КЭРдин эл артисти, белгилүү ырчы,- дейт Орулкан.

Ал Бишкектеги вокалисттердин конкурсунда жалаң кыргыз ырларын ырдап, экинчи орунду ээледи. Орундан да ырчыга берилген акчалай сыйлык Орулканды ыраазы кылды.

Орулкан окуудан тышкары убактысында Кыргызстанды кыдырууну жакшы көрөт. Окуп жүрүп Таласта болду, Көл кылаасын кыдырды, анан албетте Ошко да барды. Анын үстүнө Ош Орулкан туулуп-өскөн Кытайдын Кыргыз автоном облусунунун Кызыл-Суусунан бери эки сааттык жолдо турган шаар. Кызыл-Суу - жалаң кыргыздар жашаган аймак.

Ошентип биз Кытайдан келген үч улутташыбыз тууралуу кеп кылдык, алар Кыргызстанга келип, мыкты музыкалык билим алышты. Алардын кай бири турист же кадырлуу конок катары келсе, башкалары үчүн Ала-Тоо кыялда гана жашап келген үмүт-тилекти ишке ашырчу, алдыга койгон максатты жүзөгө ашырчу жер катары билим үрөнүн сээп, кесипке үйрөтүүдө.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG