Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Кытай кыргыз медиасында таасирин күчөтүп жатабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.
  • "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" баяндамачысы Рид Стэндиштин макаласы

Кытай Кыргызстандын маалымат айдыңына таасир этүүгө аракет кылып, Бээжин үчүн маанилүү саясий маселелерди чагылдырууга кызыкдар. Бул туурасында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги академиясынын 25-августта жарыяланган изилдөөсүндө айтылат.

ЕККУнун жаңы докладында Кытай Кыргызстандын медиа тармагына каражат бөлүп, жергиликтүү компанияларга өнөктөш болуу аркылуу "маалыматтык ландшафт түзүүгө аракет кылып жатканы" жазылат.

ЕККУ академиясынын изилдөөсү – Кытайдын Борбор Азиядагы таасири жана Шинжаң провинциясындагы уйгурлар жана башка мусулман азчылыктары кармалган лагерлер боюнча боюнча маалыматтардын жайылышын ооздуктоо үчүн колдонгон тактикасын изилдеген көп жылдык долбоордун бир бөлүгү.

Нива Яу.
Нива Яу.

“Кыргызстандын медиа тармагы жакшы каржыланбайт, ошондуктан баардык нерсени акча чечет, - деди Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун академиясынын илимий кызматкери, докладдын автору Нива Яу. -Кытай карым-катнаш түзүүгө, терс билдирүүлөрдүн жайылышына жол бербөө жана Кытай жөнүндө маалымат мейкиндигин (позитивдүү материалдарга) толтуруу мүмкүнчүлүгү үчүн көп каражат сарптай алат".

Яу тарабынан документтештирилген өлкөнүн маалымат айдыңына таасир этүүнүн айрым негизги стратегияларынын ичинен эң кеңири таралгандары – кыргыз ЖМКларындагы акы төлөнүүчү материалдар, Кыргызстандагы кытай медиасынын катышуусун кеңейтүү, ошондой эле социалдык тармакты жана интернет-блогерлерди Кытайдын риторикасын жайылтуу үчүн жигердүү колдонуу болуп эсептелет.

Мындан тышкары, баяндамада Кытайдын Бишкектеги элчилиги кабарчылар үчүн бекер саякаттарды уюштуруу, каржылоо жана кеп-кеңештерди сунуштоо жолу менен өлкөдөгү жаңылыктардын мазмунун координациялоодо маанилүү роль ойной турганы белгиленген.

Сурамжылоо учурунда жергиликтүү журналисттер мындай стимулдар позитивдүү маалыматтардын жарыяланышына жана терс окуялардын чыгып кетпешине өбөлгө болгонун белгилешкен.

"Бул толук түшүнүктүү тармак эмес, - деди Яу. -Кытайлыктар эпсиз аракет кылып жатышат, бирок алар өнүгүп, ыңгайлашууну улантууда. Айрыкча көзөмөлдөө кыйын болгон социалдык тармактарда”.

Узак мөөнөттөгү перспектива

Батыш Кытай менен чектеш Борбор Азия - акыркы ондогон жылдар бою жергиликтүү элита жана аскерий күчтөр менен болгон мамиле жана миллиарддаган долларлык “Бир алкак – бир жол” долбоору аркылуу өзүнүн саясий жана экономикалык таасирин бекемдөөгө умтулган Бээжин үчүн стратегиялык приоритет болуп келген.

Ал эми Нива Яу өз изилдөөсүндө, Кытайдын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуусу жана таасири кеңейе баштаганын белгилейт. Эми кытайлыктар калктын калың катмары менен байланыш түзүүгө умтулуп жатканын жазат.

Маалымат мейкиндигин көзөмөлдөө кытай өкмөтүнүн өлкө ичиндеги көзөмөлү үчүн негизги элемент болгон. Бээжиндин таасири чет өлкөлөрдө кеңейген сайын бул практика башка өлкөлөргө кулачын жайууда. Кытай жетекчилиги өзүнүн расмий документтеринде бул максаттарды ачык айтып, коңшу аймактарды жана жалпысынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү мүмкүнчүлүктөр аймагы катары аныктайт.

Си Цзиньпин менен Садыр Жапаров.
Си Цзиньпин менен Садыр Жапаров.

Кытай Кыргызстандын медиа компаниялары менен 2000-жылдардын башынан бери келишим түзүп келет. Буга жергиликтүү маалымат каражаттары өздөрү каалаган кытай материалдарын кайра басып чыгара турган келишимдерден баштап, Кытайга байланыштуу жана дүйнөлүк жаңылыктарды жайылтууга жана технология, каржы жана саякат тууралуу атайын контентти чыгарууга чейинки милдеттенмелер кирет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылы жарыялаган тизмеге ылайык, өлкөдө Кытайдын үч мамлекеттик медиа компаниясы - "Синьхуа", "Вен Вэй По" жана Silk Road Observer - катталган. ЕККУ академиясынын изилдөөсүндө айтылгандай, дагы экөө - Dolon ТВ жана Land Bridge - Кыргызстанда жеке менчик кытай медиа-компаниясы катары иштейт.

Нива Яунун айтымында, Кытайдын медиа стратегиясынын жалпы натыйжалуулугун баалоо дагы деле кыйын. Бирок ЕККУнун академиясынын алдын ала изилдөөлөрү, анын ичинде телефон аркылуу жүргүзүлгөн массалык сурамжылоо Шинжаңдагы лагерлердин имиджин түзүүдө ийгиликтүү болгонун көрсөткөн.

Эл аралык изилдөөчүлөрдүн жана Батыш өкмөттөрүнүн баасына ылайык, Кытай бир миллиондон ашык уйгурларды, этникалык казактарды, кыргыздарды жана башка мусулмандарды Шинжаңдагы лагерлерде кармап турат. Расмий Бээжин лагерлер аймактагы экстремизмге каршы күрөшүү үчүн зарыл деп эсептейт жана ишенимдүү далилдер болсо да, адам укуктарынын бузулушун четке кагып келет.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун академиясынын илимий кызматкери Яунун изилдөөсүнө ылайык, атайын уюштурулган саякаттарда журналисттер көбүнчө Шинжаңдагы кырдаалды чагылдырышкан. Бирок алар үчүн атайын гүлдөп жаткан айылдары жана курулуштары бар аймактын идеалдуу сүрөтү тартууланган.

Яу мындай баяндар жергиликтүү кыргыз басылмаларында жарыяланып, аны көргөн жарандарга лагерлер жана андагы кыянаттыктар тууралуу маалыматтардан күмөн саноого жол ачат деп эсептейт.

"Шинжаңды чагылдыруу стратегиясы эки максатты көздөйт. Биринчиси, ЖМКларды мүмкүн болушунча алаксытуу. Экинчиси, көрүүчүлөрдү чаташтыра турган башка материалдарды жайылтуу. Бул стратегиянын эң натыйжалуу жери деп ойлойм. Бул эч кимди ынандыра албашы мүмкүн, бирок Кытай өкмөтүн сындаган билдирүүлөргө шек саноо менен кароого жол ачат”.

Кытай туш болгон тоскоолдуктар

ЕККУ академиясынын баяндамасында, Кытайдын медиа стратегиясынын Кыргызстандагы эффективдүүлүгү тастыкталып жатканы менен, кытайлык ыкманы жергиликтүү элдин табитине ыңгайлаштырууда дагы деле кыйынчылыктар бар экени белгиленет.

“Кытайдын дүйнөлүк медиага карата мамилеси жетиле элек. Алар жөн гана башка өлкөлөрдө өздөрүнүн (ата мекендик) моделин колдонушат жана көбүнчө жергиликтүү тургундарга эмне ылайыктуу экенин угуудан баш тартышат ”, - деп кошумчалады Яу.

Маселен, кыргызстандык продюсерлердин бири изилдөөчүгө кытайлык делегация жергиликтүү көрүүчүлөр үчүн биргелешкен тасма тартуу сунушу менен кайрылганын айтып берген.

Кытайлык делегаттар ага Кыргызстанга иштегени келген кытайдын жергиликтүү кызды сүйүп калганы тууралуу тасма тартууну сунуш кылышкан. Продюсер аларга тасманы эл жаман кабыл аларын, провокация катары баалаарын айткан. Ал кытай делегациясы өлкөдөгү антикытайлык нааразылык акцияларынан такыр кабары жок экенин, мындай нике айрым аймактарда синофобиянын күчөшүнө негиз берген факторлордун бири болгонун билбей турганын байкаган.

Кытай Кыргызстанда туш болгон дагы бир тоскоолдук – жергиликтүү кызматкерлердин кытайлык уюмдар жана долбоорлор менен иштешүүгө даяр эместиги. Яу кытайлык маалымат каражаттарында иштеген же иштеп жаткан айрым кыргызстандыктардын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Алар жогорку айлыкка кызыкдар экенин, бирок көбү үгүт иштерин жүргүзүп, атүгүл туура эмес маалымат таратып жатканын түшүнүп турушканын айтып беришкен.

“Көптөгөн адамдарга бул жакпайт. Алар прагматикалык ойлорду жетекчиликке алышат, анткени мындан башка жол жок, - деди Нива Яу. Башка мүмкүнчүлүктөр болсо, алар кытайлар менен кызматташа алышпайт, менимче, бул көрүнүш өлкөдөгү Кытайды кабыл алуунун абалын көрсөтүп турат”.

ЕККУ академиясынын соңку баяндамасында айтылган маселелер тууралуу Кытайдын бийлиги же Кыргызстандагы өкүлчүлүгү комментарий бере элек.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG