Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 09:59

"Торугарттан өткөндө эле кишен салды". Шинжаң абагын көргөн кыздын баяны


Шинжаңда жашаган мусулмандар. 31-май, 2019-жыл. (Сүрөттөгүлөрдүн макаланын каарманы менен байланышы жок)

Кытайда туулуп-өскөн боордошторубуздун бири "Азаттыктын" кабарчысына жолугуп, өзүнүн азаптуу тагдыры жана Кыргызстанда дагы оор турмушту башынан өткөрүп жатканын баяндап, жардамга муктаж экенин айтты.

Кытайдагы кыргыздар байырлаган Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунда туулуп- өскөн Айгүл (коопсуздук маселелеринен улам аты-жөнү өзгөртүлдү – ред.) мындан жети жыл мурун Бишкектеги окуу жайлардын бирине билим алуу үчүн келген. Анда кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы мусулмандарга куугунтугу сезиле элек учур эле.

Кытайда жашаган мусулмандар үчүн жашоо эки доорго бөлүнүп калды. 2016-2017-жылга чейин боордоштор Кыргызстанга ээн-эркин келип-кетип, Ала-Тоого каттап турган. Тилекке каршы, эч капарсыз билим алып жүргөн Айгүл сыяктуу жаштар 2017-жылдан тарта куугунтуктун илебин сезе баштаган.

"2017-жылы [Бишкектеги] Кытайдын элчилиги бизди алдап туруп, Торугарт аркылуу чек арага алып барды. Ал учурда "биздин текшерүүгө жардам бергиле, келгиле" деп чакырышкан. Биз эмне дей алмак эле, бардык. Автобус менен Торугарттагы чек ара бекети аркылуу Кытайдын чегине кирерибиз менен колубузга кишен салып, башыбызга кара чүпүрөк баштык кийгизип алып кетти".

Мындан соң Айгүлдү Шинжаңдагы кытай бийлиги "кайра тарбиялоочу лагер" деп атаган абакка бир айга жакын камап койгон.

"Эми ал "лагер" деп аташканы менен кадимки эле түрмө. Бир кишилик кенедей бөлмөнүн ичинде 10-15 аял, кыз жатты. Сыз жерге эле жука бир шейшеп сыяктуу бир нерсени салып жатышат. Сыз. Мен кармалган бөлмөдө жалаң кыргыздар жаттык. Алардын арасында бойго жете элек кыздар да бар болчу. Аларды текшергенде телефонунан тыюу салынды деген WhatsApp, Instagram, Telegram сыяктуу тиркемелерди көчүргөнү белгилүү болуп калган. Кыргызстанда, Казакстанда окугандар да болду. Алардын эч кандай деле күнөөсү жок. Сыртта билим алып жатышкандар же кызыгып телефонуна ар кандай тиркемелерди көчүрүп алган жаш кыздар. Телефондон аны өчүрсө деле архив болуп сакталып калат экен".

"Лагерде ооруга чалдыктым"

Каарманыбыз баяндагандай, абактагы шарттар абдан эле катаал. Сызга жатып, шылдыр суу ичкендер ден соолугунан ажыраган. Түрмөнүн ичинде кармалгандарды уруп-сабап, мазактаган адатка айланган иш. Айгүл да абакта жатканда бөйрөгүнө суук тийгизип, анын азабын эмдигиче тартып жүрөт.

"Шарттары эми кудай сактасын деп айтчудай эле. Ошол бөлмөнүн ичинде бир чакага эле бардык муктаждыктарды ишке ашырууга туура келет. Тамагы болсо жөн эле кайнак сууга чөп-чарды кайнатып бере берет. Чынын айтканда, итке деле андай тамак бербейсиң. Ошондо сыз жерге жатып, аябай катуу ооруп, андан бери бөйрөгүмдү айыктыра албай жүрөм. Түрмөнүн кызматкерлери урат, сөгөт. Мени да урушту. Ошол түрмөдө иштеген кыргыз эле полициячылар. Таң атпай 5.30дарда турасың. Түрмөнүн ичинде Кытайдын гимнин ырдайсың. Андан кийин түрмөнүн короосуна алып чыгып, бир-эки саат бастырат. Андан кийин Кытай өкмөтүн мактаган тексттерди окуп, жаттадык".

Айгүл мындай азаптан бир айдан кийин бошонуп чыккан. Ал өзүнө каршы шектүү эч бир нерсе табышкан жок деп ойлойт. Бирок канчалаган абакта миңдеген күнөөсүз адам жатканын каарманыбыз белгилейт. Айгүлдүн сөзүнө караганда, кыргыздар жыш жашаган Акчий ооданында эле 10 миңдей киши лагерлерге камалып, алардын айрымдары чыкса, башкалары алигүнчө абакта отурат. Алардын арасында Кыргызстанга таанымал окумуштуу, акын-жазуучулар да бар.

Түрмөдөн чыккан соң Айгүл Кыргызстанга барып, окуусун улантууга уруксат алган. Андан кийин дагы бир жолу 2018-жылы Кытайга барып, ата-энесине учурашууга мүмкүнчүлүк ачылган. Экинчи жолу да кытай бийлиги улам-улам суракка чакырып, ар кандай маалыматтарды талап кылган.

"Ал жолу камалбаганыма сүйүндүм. Бирок кысым болду. Суракка чакырып, "намаз окуйсуңбу, Кыргызстанда сени менен бирге жүргөндөр намаз окуйбу" деген суроолорду беришти".

​"Кыргызстанда жардамга муктажмын"

2018-жылы Бишкекке аман-эсен кайтып келген соң Айгүл Кыргызстанда биротоло калууну чечкен. Кыргыз жарандыгын алууга арыз берип, эки жылдан кийин гана паспорт колуна тийген. Бирок Кытайда калган ата-энеси, жакындары менен кат-кабар алышып, байланышуу жабылган.

Жакында гана таенеси менен телефондон сүйлөшө коюп, эми алыста калган үй-бүлөсү куугунтукка кабылганын Айгүл муңая айтып берди:

"Пандемия маалында аябай оорудум. Анда да жакындарым менен байланыша албай калдым. Андан кийин эптеп байланышып, кытай жарандыгымды өчүртөлү деп чечип, апам ал жактагы тиешелүү органга кайрылыптыр. Анда апама "кызым менен сүйлөшпөйм, акча салбайм, эне-балалык мамилемди үзөм, эгер муну бузсам, кандай жаза болсо тартууга даярмын" деген тилкат жаздырып алышыптыр. Жакында таенем менен телефондон байланышкам. Андан кийин эле таенеме полиция келип, аябай коркутуп, телефонун текшерип, түрмөгө камайбыз деп, опузалап кетиптир деп уктум".

Жашы отузга чамалап калган Айгүл учурда Бишкектин четиндеги райондордун биринде кесиби боюнча мамлекеттик жумушта иштеп жүрөт. Ал ушул тапта өзү бүтүргөн окуу жайдын жатаканасында баш калкалап келет. Кыргызстанда деле жеке коопсуздугунан корккон боордошубуз алган айлыгы жашоосуна жетпей, материалдык жактан кыйналып жатканын жашырган жок:

"Мурда Кытайдан үйдөгүлөр акча салып турушчу эле. Азыр 10 миң сом айлык алам. Анын 5 миңин жатаканага төлөйм. Кытайда лагерде жатканда катуу ооруп, такай дарыланып турууга муктажмын. Айлыгым эч нерсеге жетпей, өп-чап турмуш өткөрүп жатам. Жатаканадагы бөлмө жакшы жылыбайт. Быйыл университетте чогуу окуган кыздын үйүндө кыштадым. Анда да окуу жайдын жатакасынын бөлмөсүнөн чыгарабыз деп араң калдым. Азыр ачыгын айтканда, жардамга муктаж болуп турам", - деп өз абалын айтып берди.

Айгүл соңку жылдары Бишкекте жашаган кытайлык кыргыздар бири-бирине ишенбей, оолактап калганын да айтып отурду. Анткени алардын арасында "Кытай өкмөтүнө тыңчылык кылгандар бар" деген кооптонуу күч.

Кытайдагы мусулман элдери кабылган куугунтук 2017-жылдан бери дүйнө коомчулугунун назарында. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кытайда жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрү атайын лагерлерде күч менен кармалып турганын жарыялаган.

Бээжин "тарбиялоочу лагерлер" деп аталган жайларга байланыштуу эл аралык коомчулуктун дооматын четке каккан.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын мусулмандарды куугунтуктаганын "геноцид" деп таанып, Бээжинге санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG