Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө?


Кытай, Бээжин шаары. 2010-жыл.
Кытай, Бээжин шаары. 2010-жыл.

"Жашыл планета" подкастында өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кубаттуу Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.

Акыркы жылдары суук түшкөн мезгилде Бишкектин үстүн калың ыш каптап, Кыргызстандын баш калаасы дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун тизмесинин сап башына көп чыкчу болду. Абадагы зыяндуу РМ 2,5 бөлүкчөлөрү кооптуу көрсөткүчкө жетүүдө.

Расмий маалыматка караганда, акыркы төрт жылда абага бөлүнүп чыккан уу заттар 9,9% өскөн. Анын ичинде абаны булгаган күкүрттүн кош кычкылы (ангидрид) 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15,1 миң тоннага чейин жеткен. Адистер Бишкектин абасынын булганышын сапатсыз көмүрдөн жана автоунаалардан чыккан түтүндөн көрөт.

Бишкекти каптаган ыш.
Бишкекти каптаган ыш.

Тийиштүү мекемелер калааны калың түтүн каптаган күндөрү өнөкөт оорусу барларды сыртка чыкпай турууга, терезелерди ачпоого чакырып келет. Бул маселе ар кандай деңгээлде көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаттары ышка байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялап, катуу чараларды көрүүнү дагы сунуштады.

Кытайда бир нече жыл мурда ыш маселеси курч көйгөй эле. Учурда алар мындан дээрлик арылууда. Кантип? Бул өлкөдө бир топ жыл жашап, окуп жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарды кепке тартып, Кытайдын тажрыйбасын сурадык.

Катуу көзөмөл, электромобил

Гуанчжоу шаарында Bisdeal Guangzhou International Trading Co компаниясында иштеген Алишер Жетимишов, Бээжиндеги Эл аралык экономика жана соода университетинин бүтүрүүчүсү, Тоокен жана технология университетинин магистранты Бекетай Мухтар менен байланыштык.

Алишер Жетимишов, Гуанчжоу, Кытай.
Алишер Жетимишов, Гуанчжоу, Кытай.

Алишер Жетимишов: Кытайда 1970-жылдардан баштап, 2010-жылга чейин завод-фабрика массалык түрдө курулуп, суулар таштандыга толуп, абасы кирдеп, айтор өнүгүп келаткан өлкөлөргө сыпаттуу көрүнүштөр болгон. Кийин алар заводдор жана андан чыккан түтүндөрдү, таштандыларды катуу көзөмөлдөп, чоң иштерди жасады.

Эгер ыш чыгарып жатса, чыпкалоочу жабдык (фильтр) бар-жогу катуу текшерилет. Андан кийин таштандынын айлана-чөйрөгө зыяны тийбегендей кылып жашыруу жагын ойлонушкан. Ошол эле учурда ар бир өндүрүштөн чыккан таштандыны кайра иштетүү боюнча чоң программа баштаган. Кайра иштетүүчү ишканалар курулган. Кытай - бай мамлекет. Ошондуктан бул жагынан бюджеттен дагы колдоо чоң. Айылдарга барсаң, таштандыны ылгоо жагы жолго коюлуп калган.

Бекетай Мухтар, Бээжин, Кытай.
Бекетай Мухтар, Бээжин, Кытай.

Бекетай Мухтар: Кытай бул маселени комплекстүү чечкен. Көйгөй курчуган учурда өкмөт чектөөлөрдү киргизген. Кыргызстанга ошондой чектөө киргизсе, биздикилер чыдайбы-жокпу билбейм. Кытайда Компартия эмне айтса, ал сөзсүз аткарылышы керек. Бээжинде беш шекекче бар. Бешинчи шакекченин ичинде көмүр менен иштеген ишканалар шаардын четине чыксын деген токтом чыккан. Андан сырткары, калкты электромобилге өткөрүүгө бийлик катуу киришкен. Эл мындай автоунааны көп сатып алыш үчүн мамлекет жашыл номер берген. Негизи алардын номери көк. Бир номерге 200 миң адам кезекке турат. Машина алгандан дагы номер алуу оор. Кадимкидей эле номер алсаң, бир аптада үч эле жолу машина айдай аласың. Ал эми жашыл номер менен каалаган күнү, каалаган жерде айдай берсең болот. Ошондуктан элдин көбү электромобилге өттү.

Бешинчи шакекчеде шишкебек бышырууга, салют атууга, жалбырак өрттөө сыяктуу түтүн чыгара турган нерселердин бардыгына тыюу салынган. Ушул сыяктуу комплекстүү аракеттер көрүлгөн.

Бээжин деле чуңкур жерде, тегереги тоо, шамал жок болсо түтүн уюлгуп туруп калат. Мен Кытайга 2015-жылы баргам. Ошол учурда түтүн маселеси өтө катуу эле, беткап тагынып жүрчүбүз. Баарыбыз жөтөлүп, тамагыбыз ачышып... Ал жакта жүргөндөр Кыргызстанга келгенде тамеки чегет деп ойлочу. Анткени анын өпкөсү 1-2 жыл тамеки чеккен адамдыкы менен тең болуп калган. Бул маселени чечүүдө эл дагы, өкмөт дагы колдоо көрсөткөн. Жеңилдиктер, субсидиялар берилген.

Алишер Жетимишов: Эгерде сиз Кытайда бензин же солярка менен жүрө турган машина ала турган болсоңуз, анын салыгы 15 же 30% чейин. Ошону машинанын баасынын үстүнө кошуп аласыз. Эгер сиз электромобил алсаңыз, ошол эле 15тен 30 пайызга чейин жеңилдетүүлөр бар. Мамлекет ушундай машина алам деген жаранга бюджеттен автоматтык түрдө төлөп бере турган системаны киргизген. Ошондуктан азыр Кытайда элдин көбү электромобилди тандашат.

Бул финансы жагынан дагы пайдалуу, айлана-чөйрөгө зыяны азыраак. Климатты сактай турган, жардамы тие турган нерселерге Кытай финансыны жакшы бөлөт жана жаратылыш менен бирге экенибизди жакшы түшүнүшөт.

Кытай.
Кытай.
  • Кытайда жашыл номерлүү машиналар алгач тест түрүндө 2016-жылы ири шаарлар Шанхай, Нанкин, Уси, Цзинани жана Шэньчжэн шаарларында бериле баштаган. 2017-жылы Бээжин баштаган Кытайдын 19 шаарында жашыл номерлүү унааларды колдоо программасы киргизилген. Мамлекеттик субсидиялардын жана салык жеңилдиктеринин аркасында Кытайдын жашыл унаа рыногу тез темп менен өсүп, 2017-жылдын 11 айында 609 миң ушундай унаа сатылган, бул 2016-жылга салыштырмалуу 51,4% көп болгонун "Синхуа" агенттиги жазган.
  • Айрым маалыматтарда 2021-жылдын сентябрдын аягына карата Кытайда 412 миллион унаа бар экени айтылган. Коомдук коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн жолдорунда энергиянын жаңы булактары менен жүргөн унаалардын (NEV) саны 11,49 миллион даананы түзгөн.

Шаардын планы, шамалдын багыты

Бекетай Мухтар: Бээжиндин өзүнүн башкы планы бар. Ар бир үй, дүкөн болобу ошонун негизинде гана курулат. Тоо жактан келген шамал түтүндү айдап чыгып кетиши керек, ошонун баары эсептелген.

Азыр шаардын абасы таптаза деп айта албайм. Бирок 2015-жылга салыштырмалуу аябай эле жакшы болуп калды. Күн бүркөө эле болуп калбаса, көк асманды бир аптада 3-4 күн көрөсүң. Ага чейин көк асманды сейрек эле көрчүбүз.

Олимпиада алдында

  • Эл аралык басылмалардын жазганына караганда, 2008-жылдагы Олимпиаданын алдында Бээжинде абанын сапатын жакшыртууда кыска мөөнөттүү болсо да олуттуу жылыштар болду. Оюндун алдында айлана-чөйрөгө зыяны жогору делген 300 миң унаа колдонуудан чыгарылып, негизги курулуш иштери, жүздөгөн заводдор жана электр станциялары токтоп калган.
"Beijing Electric Vehicle Co., Ltd" (BAIC Group) корпорациясынын өндүрүмү. Сүрөттө: электр энергиясы менен иштеген автобус.
"Beijing Electric Vehicle Co., Ltd" (BAIC Group) корпорациясынын өндүрүмү. Сүрөттө: электр энергиясы менен иштеген автобус.
  • Оюндар учурунда абанын сапаты мурунку жылга салыштырмалуу 30% жакшырган. Кыска убакыттагы бул аракеттер Бээжин жана анын тегерегиндеги аймактарда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны кыскарганы байкалган.
  • Беш жылдан кийин Кытай өкмөтү абанын сапатын көзөмөлдөө жана маалыматтарды чогултуу боюнча жалпы улуттук иш-чаралардын планын ишке киргизип, түтүнгө "согуш" жарялаган. Заводдор калк жашаган аймактардан алыс көчүрүлүп, дыйкандарга субсидия берилген. Абанын сапатына байкоо салган станциялардын саны көбөйгөн.

"Себепти так аныктоо"

Алишер Жетимишов: Биринчиден, финансы. Экинчиден, кадрлар дагы көп нерсени чечет. Кытайдын башкаруу администрациясында иргелип келген адамдар отурат. Биринчи маселенин эмнеден чыгып жаткан себебин аныктоо, ал жолго салынгандан кийин болгон нерсени жакшыртуу боюнча иштер жүргөн. Мисалы, бир шаарга бак-дарак отургузуу керек болсо аны каржылоо аябай жакшы болот. Кытайда системага көп көңүл бурулат. Эгер бак отургузалы десе анын максаты эмне, көрктөндүрүү үчүнбү же ошол шаардын символдуу дарагыбы, же негизги миссиясы абаны тазалап, чаң жутуубу ошонун үстүнөн бүтүндөй инстутут иштейт, алгач изилдейт.

Бекетай Мухтар: Мен келген 2015-жылы жашылдандыруу деп катуу башташкан. Кичине бош жер болсо эле бирдей кылып бак тигишкен. Алар эптеп эле жалбырагы болсо болду деп бактарды тикчү эмес. Сорту, ошол аймакка жарайбы, анын миссиясы эмне болот, чаң соробу, көлөкө үчүнбү, атайын эксперттер иштечү. Азыр Бээжин аябай эле жашыл болуп калган.

Биздин "Тазалыкка" окшогон кызматы бар, бак-дарактарды карап, күзүндө жууп, жаңыртып турушат.

Бишкек.
Бишкек.
  • Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумары, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү Финляндиянын метеорологиялык институтунун изилдөөсүндө көрсөтүлгөн (2022). Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы көмүр түтүнү экени белгиленген.

"Шарт түзүлсө, эл дагы колдойт"

Бекетай Мухтар: Эң башкысы, эл менен сүйлөшүп жасашкан. Эл эмнеге көмүр жагат? Эң арзан энергия алуу булагы көмүр болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөдө көмүргө акча жетпейт. Балдар үшүп турганда экологияны ойлонбойт, ал акыркы маселе болуп калат. Башкысы балдардын курсагы ток, үй жылуу болуш керек. Эгерде газ же башка булактар болсо, адам көмүрдү пайдалангысы келбей калат, анын дагы өзүнүн баш оорусу бар эмеспи.

Шарт түзүп берсе, эл дагы колдоп кетет. Кытайда электр энергиясы бар, газы дагы бар. Кытайда көп деле суук болбойт. Жаңы курулган үйлөрдө батареялар жок. Жылуу пол, башка альтернативдүү жолдорун колдонуп, ысык суу менен дубалдарды жылыткан жолдор бар. Тандоо болсо көмүрдү карабайт эле. Бул деле айла жоктон да. Кытайда эл эмнеге талаптарды аткарды? Анткени өкмөт дагы кадамдарды жасаган. Кааласаң электр энергиясы бар, электромобил алам десең жашыл номер. Менин билишимче, чоң ишканаларды көчүргөндө бешинчи шакекченин сыртынан жер берип, алар дагы чоң чыгашага кириптер болбосун деп өзгөчө салыктар каралган.

- Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн айда Бишкектин борборуна эски автоунааларды киргизбөө керектигин республикалык кеңешмеде айтпадыбы. Ал Бишкектин кайсы зоналарында ыштын көрсөткүчү 500дөн ашып жатканын тактап, ошол жактарга катализатору жок, эски автоунааларды киргизбөөнү сунуштаган. Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары 1,5 миллион машина сатып алыптыр. Анын 1,2 миллиону 15 жылдан эски. Бул нерсе маселени чече алабы?

Бекетай Мухтар: Бул акты ак, караны кара деп бөлүп койгондой нерсе. Биздин жашоо ак-кара менен эле чечилип калбайт. Адамдын бир жерине жара чыкса, ошол жерин кесип салалы дегендей көрүнүш. Мындай жоболор менен маселени чечүү бир аз туура эмес деп ойлойм. Маселенин булагы эмне болуп жатат, машинадан сырткары дагы кандай көйгөлөр бар? Ошону аныктап чыгуу керек.

Ишкерлерге деле колдоо көрсөтүп, чыпкалоочу жабдык (фильтр) койсоңор салыгы азаят дегендей жолдор изделип чыкса жакшы. Кыргызстанда азыр бир үй-бүлөдө экиден машина болуп калды. Ошонун бардыгы эски, фильтри жок унаалар. Аларды токтотуп коюу дагы туура эмес. Аларды жаңы машинага өткөрүп, жашыл номер берип, электромобил алгандарга балким бир жыл бекер камсыздандыруу сыяктуу жолдорду издеш керек.

Кытайда ошондой чектөө бар. Бээжинде деле ошондой шакекчеге кирип кетсең, айып пул төлөйсүң. Белгилүү бир машиналар гана кире алат. Өзүнчө төлөмү бар. Бээжиндин эле 25 млн. калкы бар, ар биринде эки-үч машина бар. Эмнеге дегенде биринчи күнү муну, экинчи күнү тигини айдаш керек. Бул маселени чечүүнүн бир жолу бирок, негизгиси эмес. Эгер кыргыз өкмөтү андай кылам десе, Бишкектеги коомдук транспорт азыркыдай начар абалда эмес, жеткиликтүү, ыңгайлуу болуш керек. Кытайда метро бар, автобус каттайт. Бишкек ЖЭБин көчүрөбүз же машинаны киргизбей коебуз дегенде маселе чечилбейт. Комплекстүү иш керек.

- Бишкектеги ыш маселеси акыркы жылдары байма-бай көтөрүлүп келет. 2022-жылы ЮНИСЕФ бул багытта илимий изилдөө жүргүзүп, ыштан аялдар менен балдардын саламаттыгы өзгөчө зыян тартып жатканын билдирген. Кытай 2008-2010-жылдары эле ушундай кооптуу абалда болгон да.

Алишер Жетимишов: 2009-2010-жылдары мен иштеп жаткан Гуанжоу шаарында Бишкектегидей коркунучтуу абал болгон экен. Адамдардын бардыгы беткап менен жүрүп, сыртка чыгып келгенде бети-колун жууганда мурдунан капкара ыш чыккан учур болгонун айтышат. Мен аны көрбөй калдым. Азыр анчалык коркунуч жок. Аба кадимкидей эле таза, жакшы. Биздин жайлоодогудай көк асман болбосо дагы жакшы эле. Аба жыттанган, ыш болгон учурлар азыраак.

Подкастты бул жерден угуңуз:
Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө?
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:36 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG