Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

ИИМдин көзөмөл камералары суроо жаратты


Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааный турган 500дөн ашык камера иштеп жатат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) күнү-түнү байкоо салып турган мындай камераларды Бишкектин бардык райондоруна орнотууну сунуштады.

Мекеме бирок жабдыктар каяктан алынып келгенин, жарандардын чогултулган маалыматы каякта сакталары тууралуу маалымат бере элек. Кишини жүзүнөн тааныган камералар Кыргызстанда 2019-жылы коюла баштаган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда укук бузууларды аныктоо үчүн коомдук жайларда 2 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын 519у адамды жүзүнөн тааныйт. Министрликтин Ыкчам башкаруу борборуна кошулган бул камералар 360 градуска айланып, 500 метрге чейин жакындатуу функциясы менен онлайн иштейт. Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов сөз болуп жаткан камералар боюнча комментарий берди.

“Бул Ички иштер министрлигинде санариптештирүү боюнча жүрүп жаткан иш. Камераларды министрлик өзү да коюп жатат. Жакында эле ИИМдин демилгеси менен Бишкектин төрт районунун администрацияларынын жетекчилери, акимдер менен жолугушуу болду. Жыйынтыгында Биринчи май районунда адамды бетинен тааныган камералар коюла баштады. Бул бардык аймактарда, облустарда бар”.

Бишкек мэриясы Биринчи май районундагы Эркиндик бульварына, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүнө адамды жүзүнөн тааныган 50дөн ашык камера орнотуларын кабарлаган.

Бишкектеги камералардын бири. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Бишкектеги камералардын бири. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

ИИМ камералар издөөдө жүргөн адамдарды кармоо, дайынсыз жоголгондордун жүргөн жерин аныктоо, кылмыштын бетин ачууга колдонуларын билдирүүдө. Маалымат боюнча, өлкөдө буга чейин видеобайкоонун жардамы менен издөөдө жүргөн 137 адам жана дайынсыз жоголгон 27 киши аныкталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова коюлуп жаткан камералар коомдук коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептейт.

“Биз биринчи жарандардын коопсуздугун ойлошубуз керек. Камераларды орнотуу адамдардын жеке жашоосуна байланыштуу укуктарын бузуп жатат деп ойлобойм. Тескерисинче, азыр бардыгы үйүнүн короосуна да камера коюуда. Эгерде сен мыйзам бузбасаң эмнеден коркушуң керек?”.

ИИМ кишини жүзүнөн тааный турган камералар каяктан алынып келгенин, адамдардын маалыматтары кайсы мекемеде сакталары тууралуу комментарий бере элек. Мекеме тараткан видеолордун биринде камерада Tiandy деген жазууну көрүүгө болот. Бул компания Кытайда видеобайкоо камераларын чыгарган алдыңкы ишканалардын бири.

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааный турган камералар 2019-жылы коюла баштаган. Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясы менен кызматташуу тууралуу буйрук чыгарган. CEIEC Кыргызстанга адамды жүзүнөн тааныган камераларды бекер берип ал орнотулган. Кызматташтык азыр да уланып жатканы же токтотулганы белгисиз.

Human Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камераларды сынга алган. Уюм санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатканын, аны андан ары эмне кылары белгисиз экенин билдирген. Human Rights Watch кишинин жүзүн таануу технологиясы бийликке жарандарды толугу менен көзөмөлдөө чылбырын берип, эркиндигин чектейт деп эсептейт.

Tiandy компаниясынын камерасы.
Tiandy компаниясынын камерасы.

“Санариптештирүү болуп ар кандай камералар коюлуп атат. Бирок адамдардын маалыматы кайсы серверге түшөт, аны ким көзөмөлдөйт, каякка кетет маалымат жок. Бул маалыматты эмне үчүн беришпейт? Негизи ИИМ маалыматтын баары өзүбүздө, эч жакка чыкпайт деп кепилдик бериши керек. Унчукпай атабы анда маселе бар”, - деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

CEIEC – бул көп тармактуу мамлекеттик корпорация. Маалыматка караганда, 1980-жылы негизделген компания 160 мамлекет менен кызматташат.

“Eurasianet” 2019-жылы Кытай Борбор Азияга видео көзөмөл каражаттарын алып келүү менен тургундарды Шиңжаңдагыдай көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон системасын берип жатканын жазган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбеков ал кызматта турган 2020-жылы Бишкек мэриясында сөз болуп жаткан камералар боюнча жыйын болуп кытайлык адистер презентация кылганын айтып берди.

“Кытайдан келген өкүлдөр Кытайдын ар бир шаарында коюлган камераларды, түзүлгөн системаны көргөзүп берген. Ал камералар адамдын бетин эле тааныбастан ал тууралуу бардык маалыматты билип берүүгө ыңгайлашкан. Жыйында адамдын аты-жөнүн, соттолгон-соттолбогонун, айып пулу барбы-жокпу, канча баласы бар деген маалыматтарды аныктап берген камералар тууралуу көргөзгөн. Жыйынтыгында ушуларды эске алып адамга социалдык көрсөткүчү боюнча баа берет. Демократиялуу өлкөлөр мындай камераларды койдуртпайт. Себеби, адамдын жеке маалыматы купуя болушу керек. Анын ээн-эркин басып жүрүү, эмоциясын билдирүүгө укугу бар. Кытайдын системасы коопсуздукка жардам бериши мүмкүн. Бирок эркиндикке, демократияга каршы келет”.

Президент Садыр Жапаров былтыр “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койгон. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү бийликтин сунушу менен видеокамера орнотулушу керек деген уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин тизмесин бекитет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG