Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 09:54

HRW: «Көрөгөч камералар» купуялыкты чектейт


Жол кыймылын көзөмөлдөгөн камера. Бишкек, 15-май, 2019-жыл.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму Бишкекте иштей баштаган адамдын жүзүн тааный алган камераларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анын чоо-жайын уюмдун адам укуктары боюнча бөлүмүнүн изилдөөчүсү Лаура Миллс “Азаттык" менен курган маегинде кенен түшүндүрүп берди.

"Азаттык": Өткөн жума күнү "Хьюман Райтс Уотч" уюму Бишкекте адамдын жүзүн тааныган камералардын орнотулушуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюм Кытай компаниясы менен түзүлгөн келишим адам укуктары боюнча кооптонуу жаратарын белгиледи. Ошол технологиялардын эмнеси камтама кылат?

Лаура Миллс: Бизди камтама кылган бир нече жагдайлар бар. Адамды жүзүнөн тааныган камералар кайсы өлкөдө болбосун негизинен укуктарга көп коркунуч жаратат. Андай технологиялар жарандардын купуялуулугун чектейт. Бул өз кезегинде адам укугун бузууга жатат. Өкмөт камералар чогулткан маалыматтарды пайдалануу, сактоо жаатында чара көрбөсө, маселе тынчсыздандырат.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун изилдөөчүсү Лаура Миллс.
"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун изилдөөчүсү Лаура Миллс.

Сөз болгон камералар адамдын кыймыл-аракеттерине, эки жакка катташына көз салып турууга жөндөмдүү. Мисалы, жарандар тынч, мыйзамдуу нааразылык акцияларына да чыкмай болду дейли, бирок анын ар бир кыймылына көз салынып турганын билсе чочулап, чыкпай коюшу мүмкүн.

Өзгөчө андай камералардын иштешин тескеген мыйзамдар жок болсо, катардагы адам үчүн бул чоң маселеге айланышы ыктымал.

Кыргызстанды алсак, кытайлык "CEIEC" компаниясы менен келишим ачык-айкын шарттарда түзүлгөн эмес. Өкмөт макулдашуу март айында жетишилгенин ырастоодо, бирок анын чоо-жайы айтылбайт. Топтолгон маалыматты ким, кайсы жерде жана кантип сактайт? Кытай бийлиги ошол базага кире алабы? Айтор, ушундай суроолор бүдөмүк бойдон калууда. Кыргыз өкмөтү бул маселени коомдук талкууга койгон эмес. Анын үстүндө өлкөдө андай технологияларды тескеген мыйзам да жок. Албетте, Кыргызстанда ошол камералар адам укуктарын бузуп жатат деп айтуудан алыспыз, бирок болочокто ошондой болушу мүмкүн деген тынчсыздануубузду билдирдик.

"Азаттык": Кыргызстан кытай камераларын колдонгон жалгыз өлкө эмес. Сиздердин уюм маалыматтардын Кытайдын колуна өтүшүн алдын алуучу мыйзамдык чаралардын жок экенин белгилейт. Мындай технологияларды колдонуу маселесинде кандай мыйзамдык жоболор болушу керек?

Технологиялардын жардамы менен чогултулган маалыматтын негизинде туура эмес күнөөлөнгөн учурлар болуп калышы да ыктымал. Анда кандай болот? Ал адам өзүнө артылган дооматтарды кантип талаша алат?


Лаура Миллс: Биринчиден, биз кыргыз өкмөтүнө маалыматтар кантип топтолот жана сакталат деген маселени чечип алууну сунуштайт болчубуз. Экинчиден, кытай бийлиги ошол маалыматтар менен тааныша алабы? Андагы маалыматтын негизинде кимдир бирөө сот жообуна тартылса, иш кандай жүрөт? Технологиялардын жардамы менен чогултулган маалыматтын негизинде туура эмес күнөөлөнгөн учурлар болуп калышы да ыктымал. Анда кандай болот? Ал адам өзүнө артылган дооматтарды кантип талаша алат? Кыргыз өкмөтү камералар жол эрежелерин сактоого, коомдук тартипти камсыздоого өбөлгө түзөрүн айтууда. Бул абдан кеңири түшүнүк. Бирок кантип, кандай шартта пайдаланылат, тартипти бузду деген киши күнөөсү жок экенин кантип талаша алары тууралуу деталдуу айтылган эмес.

"Азаттык": Бирок кыргыз бийлиги жана тартип коргоо органдары бул система катардагы жарандар тууралуу маалымат топтобой турганын, болгону кылмышка шектүүлөрдүн же издөөдөгү адамдардын гана маалымат базасы колдонуларын, чет өлкөнүн өкүлдөрү базага кире албай турганын ырастап жатат. Сиздин мындай билдирүүлөргө жообуңуз кандай?

Лаура Миллс: Биз ал технологиялардын өзүнө каршы эмеспиз. Бирок камералар кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук, транспорт коопсуздугун камсыздоо максаттары үчүн колдонулат дешсе, анда коомдук талкуудан өткөрүү керек.

Ички иштер министрлигинин өкүлү башка өлкө камералар чогулткан маалыматтарды колдоно албайт деп атат. Бирок ал тууралуу келишим же мыйзам болобу, расмий эч жерде жазылган эмес. Ошон үчүн коомдук жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн талкуусуна коюп, тиешелүү мыйзам кабыл алынышы керек эле. Жөн гана келишим түзүлгөнүн жарыялап салышты. Андан кийин "бардыгы жакшы болот, кытайлыктарга маалыматтар өтпөйт" деп айтып коюшту. Ал технологиялар балким жакшы максаттарды көздөшү мүмкүн, бирок мыйзам алкагында тескелүүгө, чектелүүгө тийиш. Коомдо бүдөмүк суроолор, күмөн саноолор калбашы керек. Бирок Кыргызстанда андай эмес көрүнөт.

"Азаттык": “Хьюман Райтс Уотч” Кытайдын Шинжаң аймагындагы кырдаал кыргыз бийлигине сабак болушу керек экенин белгилейт. Шиңжанда жергиликтүү жашоочуларды көзөмөлдөп туруу үчүн кандай заманбап технологиялар пайдаланып жатат? Сиздин кабарыңыз барбы?

Лаура Миллс: Мен Кытай боюнча адис эмесмин. Бирок жалпысынан айта кетсем, Шинжаңдагы массалык көзөмөл камералардын жардамы менен адамдардын жеке маалыматтары топтолот.

Шинжаңдын картасы

Түшүнгөнүмө караганда ал жабдыктар адамдын жүзүн тааныган жөнөкөй технологиялардан айырмаланып, абдан көп маалымат чогултууга жөндөмдүү. Маалымат андан кийин борборлоштурулган базага киргизилет. Андан ары көбүн мусулман азчылыктары түзгөн жергиликтүү калктын иш-аракеттерине баа беришет. Кайсы бир аракеттери шек жаратса, саясий кайра тарбиялоочу лагерлерге жөнөтүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG