Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Кытай видео камерасы жана адам укуктары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-ноябрь).

«Human Rights Watch» уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган бетти аныктоочу камералары тууралуу расмий билдирүү жасады. Анда: «Коомдук, жол кыймылынын коопсуздугу деген себеп менен Кыргызстанга орнотулуп жаткан өң-түстү аныктоочу санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатат. Аны андан ары эмне кылары белгисиз. Кыргызстан калкынын жеке жана башка маалыматы кантип чогултулуп, кайда сакталат жана кимге берилет? Бул жагы белгисиз. Кытайлык компания андай маалыматка кол тийгизе албастыгы жөнүндө укуктук кепилдик бар-жогу да так айтылган эмес. Биздин уюм камераларды орноткон Кытайдын улуттук электроникалык импорт компаниясына кайрылып, жооп ала албадык.

Адамдын жүзүн таануу технологиясы бийликке жарандарды толугу менен көзөмөлдөө чылбырын берип, эркиндигин чектейт. Кыргыз мыйзамдары адам эркиндигин биринчи орунга коёт. Баш мыйзамга ылайык ар бир жаран жеке купуялык укугуна ээ. Мыйзамда жарандын макулдугу жок биометрикасын алуу мүмкүн эмес. Кыргызстан адам укуктарынын эл аралык нормаларын сактоого милдеттенмелерди алган. Кыргыз бийлиги Кытайдын жүздү таануу системасын эмнеге киргизгенин элге ачык айтып, толук түшүндүрүп, ар бир жарандын купуялыгын сактоого милдеттүү», - деп айтылат.

Дүйнөгө тигилген «Кытай көзөмөлү»

Ал арада америкалык «Foreign Policy» журналы Кытай Борбор Азиянын кен байлыктарына, газына, мунайына ээлик кылуу менен катар эми жарандары тууралуу маалыматка да үстөмдүк кыла баштаганы опурталдуу экенин жазды. Киссинжер институтунун Уилсон борборунун окумуштуусу Брэдли Ярдин: «Бишкек «коопсуз шаар» долбоору деген шылтоо менен Кытайдын маалымат чогултуучу машинесине кошулду. Буга чейин Өзбекстан «Huawei» компаниясы аркылуу 1 миллиард долларга 883 жол көзөмөлдөөчү камера орнотуш үчүн долбоорго кол койгон. Казакстан да 2017-жылдан бери Кытайдын көмөгү менен «акылдуу шаар» долбоору аркылуу санариптешүү иштерин жүргүзүүдө.

Борбор Азиянын жакыр өлкөлөрү үчүн технологиялык бул жаңылык кубантарлык болгону менен аймактын Бээжинге карызы арткан сайын келечеги бүдөмүк. 2015-жылы иштей баштаган Кытайдын «Акылдуу шаар» технологиялык долбоору 2025-жылга чейин дүйнөдөгү кубаттуу маалыматтык күчкө айланганы турат. 2050-жылга чейин Бээжиндин санариптик көзү дүйнөнүн 70 пайызына тигилип, Азиянын 90% көзөмөлгө алат.

Албетте, «Коопсуз шаардын» артыкчылыктары да көп. Маселен, Дүйшөмбүдө 2018-жылы ушул система орноп, жолдо жүрүүнүн эрежесин бузгандар 20% азайды, 933 миң эреже бузуудан бюджетке 12 миллион доллар түштү. Бирок элдин жеке маалыматын колдонуу коркунучу артты. Шиңжаңдагыдай камералардын болушу Кыргызстан менен Казакстандагы ансыз да курчуп турган Кытайга каршы маанайды кайсы нукка бурары белгисиз», - деген ойдо.

«Акылдуу шаар» – Кытайды 2025-жылы дүйнөдө технологиялык державага айлантууну көздөгөн стратегиянын бир бөлүгү. 2015-жылы Жер шарынын калкынын 70% шаарларда жашай баштаган. Борбор Азиянын калкы 2025-жылы азыркы 72 миллиондон 95 миллионго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.

Пахтанын чыры Жапонияга жетти

Жапониядагы дүйнөгө белгилүү «Muji» жана «Uniqlo» компаниялары Шиңжаңдагы убайым тарткан уйгурлар менен Өзбекстандагы күчтөп пахта теримге айдалган адамдардын укуктарына байланыштуу эл аралык коомчулуктун сынына кабылды.

Түркмөнстандагы пахта терими
Түркмөнстандагы пахта терими

Бул тууралуу «The Diplomat» журналынын баяндамачысы Кэтрин Пуз макала жарыялады. Пуз: «2019-жылдын май айында «The Wall Street Journal» Шиңжаңдагы уйгур, казак, кыргыз сыяктуу аз улуттун өкүлдөрү кайра тарбиялоочу лагерлерден чыккан соң Кытайдын күчтөп эмгекке салышына дуушар болуп жатканын кабарлаган. Алардын катарында дүйнөлүк атактуу бренддерге кездеме өндүргөн фабрикалар да бар экени айтылган. Уйгурлардын укук коргоо долбоорунун жетекчиси Нури Түркел АКШ Конгрессиндеги Кытай боюнча комиссияда Чыгыш Түркстанда өндүрүлгөн товарлардын көбү Шиңжаңдагы жазалоочу саясатка дуушар болгондордун колунан чыгып жатканын билдирген.

Ноябрь айынын башында Австралиянын мамлекеттик маалымдоо кызматы Жапониянын белдүү эки бренди Өзбекстан менен Шиңжаңдан кездеме, пахта алып жатканын сындап чыкты. Буга чейин «Muji» менен «Uniqlo» компаниялары «Шиңжаңдын пахта коллекциясы» деген топтомун да чыгарган. Пахта өстүрүү жана жыйноо Батышта толугу менен автоматташкан. Бирок дүйнөгө эң ири өлчөмдө пахта берген Өзбекстан менен Чыгыш Түркстанда пахта кол менен терилип, ага эл күч менен тартылат.

Өзбекстандан мурда пахта алган «Adidas», «H&M», «Gap Inc» жана «Uniqlo» жана башка бир катар ишканалар эл аралык деңгээлде катуу сынга дуушар болгон эле. Эл аралык стратегиялык борбордун талдоочусу Эми Лихрдин айтымында, Шиңжаңдагы күчтөп эмгекке тартуу - репрессиялык жазалоонун бир түрү, ошондой эле Өзбекстан менен Түркмөнстан да ушул жолдо баратат. Пахта өндүрүү - Өзбекстандагы эң чоң тармак. Ички дүң өнүмдүн 17,3 % дал ушул тармак камсыз кылат. Бирок бул багытта Өзбекстан Кытай менен атаандаша албайт. Себеби азыркы тапта Кытай дүйнөдө пахта өстүрүү боюнча алдыда турат», - деп жазган.

Тогуз жаштагы бала университеттин дипломун алат

«Evening Standard» гезити Амстердамдын тогуз жаштагы тургуну Лоурент Саймонс университетти бүтүрүп жатканын кабарлады.

2019-жылдын май айында интеллектуалдык (IQ) тесттен 145 балл алган бала мектепти бир нече айда аяктап, Эйндховен технологиялык университетине өткөн. Анын орто мектептеги мугалиминин айтымында, Лоуренттин мээси өз теңтуштарынан эселеп жакшы иштейт. Лоурент 1994-жылы Алабама университетин он жашында бүтүргөн Майкл Кернинин көрсөткүчүн жаңыртты. Эми бала окуусун Калифорниядан улантууну каалап жатат. Бирок атасы анын Британиянын Оксфордуна же Кэмбрижине тапшырышын каалайт. Баланын атасы - 37 жаштагы тиш догдур. Лоурент так илимдерди, математиканы жакшы көрөт. Анын келечекте кардиохирург же астронавт болсом деген кыялы бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG