Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

2023: Индиянын доору башталабы?


Болливуд жылдыздары Алия Бхатт менен Ранбир Капурдун үйлөнүү үлпөтү. Мумбай, 14-апрель 2022-жыл.
Болливуд жылдыздары Алия Бхатт менен Ранбир Капурдун үйлөнүү үлпөтү. Мумбай, 14-апрель 2022-жыл.

2023-жылы дүйнөнү эмне күтөт? Эски жылда башталган окуялар жаңы жылда кандай өнүгөт? "Азаттык" алдыдагы бир жылга көз чаптырып көрдү.

Украинадагы уруштун убайымы

Орусиянын Украинадагы согушу 2023-жылы аякташы мүмкүнбү? Бул дүйнөлүк коомчулукту жапырт кызыктырган суроо. Бирок анын жообун мыкты деген аскердик эксперттер да так айта албай турушат. Украин президенти Владимир Зеленский жаңы жыл Украина үчүн эң маанилүү жыл болорун эскертти.

Украин бийлиги бул согушту эгемендик үчүн күрөш деп мүнөздөп, "Крымды бошотмоюнча, контрчабуулдарды токтобойбуз" деп бир нече ирет кайталаган. Декабрь айына карата украин күчтөрү 2 миңге чукул шаар-кыштактардан орус күчтөрүн сүрүп чыгууга жетишти. Болжол менен ушунча эле сандагы айыл-кыштак, шаарчалар дале орус аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Аскердик эксперттер аларды бошотуу кыйла кыйын болорун эскертишүүдө.

Владимир Путин да орус армиясы оор жоготууга учураганына карабастан украин аймактарын каратып алуу ниетинен баш тарта элек. Жаңы жылда Орусияда аскердик мобилизациянын жаңы, балким жашыруун толкуну башталышы мүмкүндүгүн айткандар да жок эмес.

Бир катар эл аралык басылмалардын жана аскердик эксперттердин баамында, 2023-жылы кыш чилдесинен кийин эки тараптын тең чабуулдары күчөшү мүмкүн жана фронтогу тирешкен абал айларга созулуп кетиши ыктымал.

Согуштун нугуна Батыштын Украинага колдоосу түздөн-түз таасирин тийгизет. Эгер Киев аба чабуулдарынан коргоочу Patriot ракеталык системаларын жана узак аралыкка сокку уруучу HIMARS комплекстерин жетиштүү көлөмдө алса, украин тараптын контрчабуулдары ийгиликтүү болушу мүмкүн.

Кошмо Штаттардын 2023-жылдагы бюджетине Украинага жана НАТО өлкөлөрүнө бериле турган 45 миллиард доллардык жардам пакети киргизилди. Ошентсе да украиндердин арасында АКШда Конгресстеги Өкүлдөр палатасында көпчүлүккө ээ болгон республикачылар толук ишке киришкенден кийин колдоо азайбайбы деп тынчсыздангандар да жок эмес.

Жаңы жылда дүйнөнү эмне күтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:00 0:00

Экономиканы тооруган рецессия

Орусиянын Украинага кол салганы COVID-19 пандемиясынын оор кесепетинен телчиге албай жаткан дүйнөлүк экономика үчүн кошумча баш оору болду. Украин данынын уруштан улам сыртка убагында экспорттолбогону, Орусиянын Батыш санкцияларына жооп катары Европага газды чектегени сыяктуу согушка байланыштуу бир топ жагдайлар кымбатчылыкты ого бетер күчөттү.

2022-жылы дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнүн борбордук банктары, Европа борбордук банкы жана АКШнын Федералдык резерви улам жогорулаган инфляцияны ооздуктоо үчүн үстөк пайыздарды көтөрүүгө аргасыз болду. Баалар түшпөсө, үстөк пайыздар жаңы жылда да көтөрүлүшү мүмкүн. Бул жагдай экономиканын солгундашына жол ачары талашсыз.

Ошондуктан эл аралык эксперттер жаңы жылда дүйнөнүн алдыңкы экономикалары рецессияга туш болорун күмөн санашпайт. Күзүндө Эл аралык валюта фонду да 2023-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи солгундарын, өсүш 2,7 пайызды гана түзөрүн эскерткен. Аталган фонд соңку 22 жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк экономикадагы өсүштү 3 пайыздан аз көрсөттү. Экономикалык солгундоо энергия булактарынын көбүн Орусиядан алып келген Европада өзгөчө сезилет.

The Economist басылмасы жазгандай, жаңы жылда экономиканын өсүү темпи, энергобулактардын баасы, инфляциянын деңгээли кайра эле Украинадагы согуштун канчалык узакка созуларына жараша болот. Фронтто чукул өзгөрүү болбосо, кымбатчылык алдыдагы жылда да дүйнө калкын, анын ичинде кыргызстандыктарды эң көп ойлондурган маселе бойдон кала берчүдөй.

Индия Кытайдан ашат

Калк демекчи, Кытай дүйнөнүн калкы эң көп өлкөсү деген наамын жүздөгөн жылдардан бери биринчи жолу колдон чыгарганы турат. Бириккен Улуттар Уюмунун прогнозуна ылайык, 2023-жылдын экинчи жарымын утурлай Индиянын калкынын саны Кытайдан ашып өтөт жана индиялыктар бул статусту узак жылдар бою сактап калчудай көрүнүүдө.

Азыр Кытайдын калкы 1 миллиард 425 миллиондун тегерегинде. Индиянын калкы 1 миллиард 406 миллионду түзүп турат. Эсептөөлөргө ылайык, кылымдын ортосуна чейин Кытай калкы төмөндөөнүн үстүндө болсо, Индияныкы тескерисинче өсүү менен алек болот жана ортодогу айырма барган сайын көбөйө берет.

Адистер алдыдагы он жылдыктарда эмгек күчү Индиянын экономикасынын дүркүрөп-өсүшүнө көмөктөшөт деп эсептешет. Бирок бул Нью-Делинин жүз миллиондогон калкынын саламаттыгына, билим алуу мүмкүнчүлүгүнө канчалык шарт түзө аларына жараша болот.

2022-жылы дүйнө калкы 8 миллиардга жеткени белгилүү. Соңку бир жыл ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн калкы да жаңы чектерди багындырды. Кыргызстандын калкынын саны 7 миллиондон, Тажикстандыкы 10 миллиондон, Өзбекстандын калкы 36 миллиондон ашты.

Борбор Азиядагы саясий жүрүштөр

Борбор Азия демекчи, бул чөлкөмдө 2023-жылга бир катар саясий өнөктүктөр белгиленген. Кандуу Каңтар же Январь окуяларынан кийин бийлигин бекемдеп, президенттик мөөнөтүн жети жылга узарткан Касым-Жомарт Токаев 2023-жылы парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөргөнү турат. Саясий плюрализмди чектеген өлкөдө шайлоо алдында оппозициячыл партияларга канчалык жашыл жарык берилет деген суроо турат. Андыктан Токаев реформалар тууралуу убадаларын канчалык аткарары алдыңкы айларда так билинет.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев жаңырган жылда конституциялык өзгөртүүлөрдү референдумга алып чыкканы жатат. Жаңы документ Мирзиёевге экинчи президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да шайлоолорго катышууга жол ачышы мүмкүн. Конституциянын долбоору 2022-жылы эле кабыл алынышы керек эле. Бирок Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялык республикасында июль айында болгон нааразылык бийликти артка чегинүүгө аргасыз кылды. Нааразылыкка Конституциянын долбоорунан Каракалпакстандын "суверендүү" деген макамын алып салуу аракети себеп болгон. Кандуу кагылыштардан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калганы менен референдумга Конституциянын кандай варианты коюлары белгисиз.

2022-жылы Өзбекстан менен чек арасын толук чечкенин жарыялаган Кыргызстан жаңы жылда Тажикстан менен чек ара тилкелерин чечип бүткөрүүнү көздөп турат. Соңку эки жылда эки ири кандуу кагылышууну баштан өткөргөн Бишкек менен Дүйшөмбү чек арадагы талылуу тилкелерди кантип чечери келе жаткан жылдын башкы темаларынын бири болчудай. Жаңы жылда Кыргызстанда "Кемпир-Абад иши" боюнча кармалгандардын тагдыры кандай чечилери, эркин медиага жана сөз эркиндигине басым басаңдайбы же күчөйбү деген суроонун жообу ачык бойдон турат.

Эрдогандын эртеңи

Борбор Азиядагы өзгөчө түрк тилдүү өлкөлөрдө таасирин күчөткүсү келген Түркияда 18-июнда президенттик шайлоо өтөт. 68 жаштагы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган кайра шайланып келүүнү көздөп турат. Түркияны дээрлик 20 жылдан бери башкарып келе жаткан Эрдоган бул анын акыркы шайлоосу болорун кыйытты.

Анын атаандаштары ким болору азырынча так белгисиз. Оппозициячыл саясатчы, Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу убагы келгенде Эрдоганга башкы атаандаш болот деген пикирлер арбын эле. Бирок жакында Имамоглуну бийликке акаарат келтирген деген негизде эки жыл жети айга абакка кескен сот өкүмү чыкты. Анын саясий тагдыры жогорку инстанциялардагы соттордун колунда.

Ошентсе да Түркиядагы акыркы жылдардагы асмандаган инфляция, улуттук валюта - лиранын кунун төмөндөшү сыяктуу маселелер оппозициячыл талапкерлердин пайдасына иштеши мүмкүн. Андыктан бул шайлоо түрк лидери үчүн эң оор саясий өнөктүк болушу мүмкүн деген ойлор да айтылууда. Ошол эле учурда Эрдоган бийликте калуу үчүн көп нерсени кылышы мүмкүндүгүн белгилегендер да аз эмес.

Айтор, жаңы жылда Түркия Осмон империясы кыйрагандан кийин республика болуп жарыяланганынын 100 жылдыгын белгилейт. Кезинде Эрдоган 2023-жылы Түркия экономикасы күчтүү дүйнөдөгү 10 өлкөгө кирет деп убада кылганы бар. Бул аткарылган жок. Азыр Түркия дүйнөнүн 19-ири экономикасы болуп турат.

Жасалма акылдын жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Дүйнөдө, анын ичинде чөлкөмдө бийлик жетекчилери эртеңки саясий өмүрүн ойлоп турган учурда климаттын өзгөрүшү сыяктуу адамзаттын болочогун аныктоочу маселелер тереңдеп баратат. Аларга каршы күрөшүүчү технологияларды иштеп чыгуу үчүн жарыш да уланууда.

2022-жылдын соңун утурлай көгүлтүр отун, кара май, көмүр сыяктуу энергия булактарына көз карандылыктан арылуунун жолун издеген окумуштууларды үмүттөндүргөн ачылыш болгонун уксаңыз керек. Декабрь айында Америкадагы Ливермор улуттук лабораториясынын окумуштуулары термоөзөктүк синтез аркылуу, сарпталгандан көп энергия алганын жарыялашты. Адатта мындай реакциялар космостогу жылдыздардын дээрлик чексиз энергия чыгарышын камсыз кылат. Албетте, илимпоздор бул ыкма аркылуу алынган энергияны дүйнө калкы качан жапырт колдонушу мүмкүндүгүн так билишпейт. Ал үчүн дагы көп сыноолор керек.

Андыктан жаратылыш өндүрүштүк калдыктарга барган сайын тумчугуп, ууланып жаткан шартта жаңы жылда "жашыл энергиянын" эффективдүү булактарын издөө жана жайылтуу аракети уланат. The Economist cуутекти электр энергиясына айландыра турган жаңы технологияларга кызыгуу жана муктаждык күчөйт деп эсептейт. 2023-жылы Еврокомиссия Европадагы Суутек Банкын түзүүнү мерчемдеп жатат. План ишке ашса, суутекти чыгарган жана сактаган долбоорлорго 3 миллиард еврого чейин инвестиция салышы мүмкүн.

Ноябрь айында Америкадагы OpenAI компаниясы суроолорго илимпоздон кем калбай жооп берген, керек болсо адамга акыл айта алган ChatGPT аттуу программасын коомчулуктун назарына сунуп, көпчүлүктү таң калтырганы белгилүү. Мындай жасалма интеллектке негизделген долбоорлорду DeepMind жана Google сыяктуу компаниялар да өнүктүрүп жатат. Алар жасалма интеллекти интернеттеги күн сайын жаңырган маалыматтар менен аны "азыктандырып", үйрөтүүнүн үстүндө иштеп келишет. Жаңы жылда жасалма акылдын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрөбүз. Forbes басылмасы 2023-жылы жасалма интеллект менен иштеген айдоочусуз автоунаалар АКШда такси кызматтарына аралаша башташы мүмкүндүгүн жазды.

"Азаттык" 2023-жылдагы бул сыяктуу тенденцияларды, окуяларды жана жаңылыктарды сиздерге убагында жеткирүүнү уланта бермекчи. Жаңы жыл тынчтыктын, өнүгүүнүн жылы болсун!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG