Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти


Жер планетасынын калкы 8 миллиард кишиге жетти. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун маалымат кызматы билдирди. Калктын санынын өсүшү медицинанын өнүгүүсү, тазалыкты сактоо, таза суу менен камсыз кылуудагы жетишкендиктер, эмдөөнүн кулач жайышы менен түшүндүрүлөт.

Акыркы 200 жылда Жердин калкы 8 эсеге көбөйдү. 1900-жылдардын башында планетада бир жарым миллиард киши жашаса, 2000-жылдардын башында 6 миллиардга жеткен, 2011-жылы 7 миллиард болгон. Соңку 11 жылда дагы 1 миллиардга көбөйдү.

БУУнун баамында, Жер шарынын калкы 2037-жылы 9 миллиардга, 2058-жылы 10 миллиардга жетмекчи.

Эң көп киши Кытай жана Индияда жашайт. Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ал өлкөлөргө дүйнө калкынын 36 пайызы туура келет. Бул – 3 миллиард кишиге барабар. Прогноздорго караганда, Индия 2023-жылга карай Кытайдан ашып өтүп, дүйнөнүн эң көп калктуу өлкөсү болуп калат деп күтүлүүдө.

Ошол эле маалда БУУ калктын өсүү темпи акыркы мезгилде жайлап калганын белгилейт. Алсак, 2050-жылга чейин 60тан ашуун өлкөнүн калкы бери дегенде бир пайызга азаят. Буга балдардын аз төрөлүшү, айрым учурларда массалык эмиграция себеп болууда.

19-октябрда Кыргызстандын калкы 7 миллион кишиге жеткени жарыяланган. Өлкө калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG