Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Бекешев: Жалган маалыматтан коргоо мыйзамын кабыл алууда сунуштар эске алынган жок


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 15-ноябрда Бишкектеги сөз эркиндигине арналган талкууда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамды кабыл алууда эч кандай сунуштар эске алынбаганын билдирди.

"Негизи ага көптөгөн сунуштар түшкөн. Сунуштарды депутаттар эле эмес, журналисттер жана эл аралык коомчулук, жарандар да айтышты. Ал эми бул сунуштар таптакыр кабыл алынган жок. Анан бул мыйзам өтпөй калды. Болгону 2021-жылы жыйын бүтөр алдында депутаттарды президент чогултуп, тамактанышып, анан кечки тамактануудан кийин мыйзам ушундай формада кабыл алынган".

Бекешев бул мыйзам жалган маалымат менен күрөшүүгө эмес, башка максатта кабыл алынган деп эсептейт:

"Биз баарыбыз бот-фермаларды, фейк-троллдору ким жетектей турганын жакшы билебиз, бирок билбегендей түр көрсөтөбүз. Маданият министрлиги бул мыйзамды социалдык тармактарга карата колдонууга болбойт деп билдирди. Демек, бул мыйзам Кыргызстанда катталган сайттарга каршы колдонулат дегенди билдирет. Ал биз билген сайттарга каршы колдонулат. Башкача айтканда, бул жалган маалыматтан коргоо үчүн эмес, эгерде мыйзамдуу эмес, бирок иш жүзүндө тыюу салынган суроолор көтөрүлсө, аларга каршы ушул “куралды” колдонууга багытталган”, - деди депутат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы чыгышкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөт.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу документ “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сөз болгон мыйзамга ылайык бир нече кайрылууну карап чыгып, ошолордун негизинде октябрдын соңунда "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG