Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Укук коргоочулардын укугун коргоо маселеси талкууланды


Талкуунун катышуучулары.
Талкуунун катышуучулары.

Бүгүн 15-ноябрда Бишкекте укук коргоочулардын укугун коргоонун жол-жобосун талкуулаган жыйын өттү. “Укук коргоочулардын коркунучтар жана кырсыктар шартында жүргүзгөн ишмердүүлүгү” деген темадагы бул иш-чара лаборатория ыкмасында өткөнүн “Азаттыкка” анын уюштуруучусу болгон “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун өкүлү Аида Байжуманова билдирди:

“Эмне үчүн лаборатория? Себеби, бир четинен, биз маалымат алабыз, экинчи четинен, катышуучулар менен биргеликте биз укук коргоочулардын укугун коргоо боюнча тийиштүү стратегияларды иштеп чыгууга аракет кылабыз”.

Иш-чара “Бир дүйнө–2022” эл аралык кинофестивалынын алкагында өттү. 14-18-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан фестивалга дүйнөнүн бир нече өлкөсүнөн 22 тасма катышууда. Адам укуктарына арналган документалдуу тасмаларды көрсөтүүдөн тышкары фестиваль алкагында “тегерек стол” талкуулары, семинарлар да уюштурулууда.

Укук коргоочулардын укугун коргоо маселелери каралган лабораториянын ишине Кыргызстандан тышкары Колумбия, Улуу Британия, Монголия, Казакстан өлкөлөрүнүн белгилүү адистери катышты. Жыйынтыгында Кыргызстанда жана Борбор Азия аймагында адам укугун коргоо жаатында иштеген адистердин укугун коргоонун жаңы стратегиясы иштелип чыкмай болууда.

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери Наркология борборуна алып кетишти. Укук коргоочу бир нече адам менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турган. Алар эч кандай акция өткөрбөгөнүн, жөн гана отурушканын айтышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG