Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Жуматаева: Ар бир кадам мыйзамдын негизинде жасалышы керек


Венера Жуматаева
Венера Жуматаева

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы кабатыр кылып жатканын 15-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деп аталган тегерек үстөлдө айтты.

Жуматаева "Азаттык" радиосунун сайты эки айга бөгөттөлүп, радио жана телеберүүлөрү токтотулуп, банк эсеби жабык турганын белгиледи.

"Азыркы мыйзамдар деле оңой эмес экен. Бирок ушул күнгө чейин кайсы документ, кандай чечимдин негизинде бизге каршы аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу суроолорубузга жооп ала элекпиз. "Азаттык" бардык өлкөлөрдө жабылган, Кыргызстанда да жабыш керек" деп соцтармактарга таратып жатасыңар, ошого карата айтып коеюн. "Азаттыктын" бюролору Казакстандын Астана, Алматы шаарларында бар, Тажикстандын борборунда жайгашкан. Өзбек өкмөтү биздин жетекчиликке чыгып, "келгиле, кайра бизге бюро ачып, жакшылап иштеңиздер" деп сунуш кылып жатат. "Азаттык" бүгүн 28 тилде чыгат. Биз ошол 28 редакциянын арасында башыбызды бийик кармап, сыймыктанып келгенбиз. "Кыргызстан цивилизациялуу өлкө, мыйзамдар иштейт, адам укугу сыйланат. Коңшу өлкөлөргө караганда эркин пресса көбүрөөк өнүккөн. Анткени кыргыз элинин мүнөзү, табияты, касиети ошондой" деп сыймыктанып айтчубуз. Биз ошол боюнча кала бергибиз келет. Жер карап калгыбыз келбейт. Кандай кадамдар жасалса да, баары мыйзамдын негизинде жасалышы керек", - деди.

Жуматаева "Азаттык" Кыргызстандагы окуялардын баарын так чагылдырып, бардык тараптардын үнүн, коомдогу түрдүү пикирлерди берип келатканын кошумчалады.

Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөлгө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган бир катар депутаттар, президенттик администрациянын укук башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов, президенттик администрациянын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медиа эксперттер жана журналисттер катышууда.

Талкууда Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова "Жалган маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору менен тааныштырды.

Юстиция министрлиги 14-ноябрда президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна терс корутунду берген.

Ага чейин Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешкен.

23-октябрдан тартып Улуттук телерадиокорпорациясы, 13-ноябрдан тартып НТС телеканалы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн эфирден берүүнү токтоткон.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG