Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Өзбек премьери чек ара боюнча макулдашуунун шарттарын айтты


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

14-ноябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку жетишилген макулдашуулар тууралуу өзбек парламентинде түшүндүрмө берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Бул күнү Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

Өзбекстандын премьер-министринин сөзүнө караганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу 35 тилке - жалпы 302 чакырым чек ара боюнча акыркы макулдашуулар жетишилди. Бул эки тараптын беш жылдан ашуун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.

"Суу сактагычтын сыйымдуулугу 1 миллиард 576 миллион куб метрди, ээлеген жери 4957 гектар жерди түзөт. Биз ушул суу сактагыч ээлеген аянттын ордуна Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районундагы Ошахор тилкесинен 1019 гектар жайытты сунуштап жатабыз. Маалымат үчүн СССРдин маалында 4127 гектар жер тилкеси суу сактагыч үчүн Өзбекстандан компенсация катары берилген. Суу сактагычты тейлөө үчүн Кыргызстандан 19,5 гектар жер өткөрүлүп берилип жатат. Кыргызстан менен кошуналык мамилени сактап калуу үчүн суу сактагычты айрым максатта пайдаланууга уруксат берилет. Кыргызстандын талабы суу сактагычтын чегин 906 метрден 900 метрге чейин түшүрүү болуп жатат. Биз бул маселеде келиштик. Ошондо 1 миллиард 578 миллион куб метр көлөмдөгү суу калат", - деди Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов.

СССР убагында, суу сактагыч курулган кезде Өзбекстан 200 чакырымдык канал куруу милдетин алганын, бирок түрдүү себептерден улам ал аткарылбай калганын айтты:

"Ушундан улам Кыргызстан Бүргөндү массивинде 8000 гектардан 18000 гектарга чейинки жерди өздөштүрө алган эмес. Эгер биз суу сактагычтан Кыргызстандын Баткен облусуна чейин бул каналды куруп берчү болсок, көпкө түшөбүз. Бюджеттен олчойгон каражат кетет, мындан тышкары Анжиян менен Ферганадагы 20дан ашуун айылдын элин көчүрүүгө мажбур болмокпуз. Эң башкысы - биз 2000 гектардан ашуун суулуу жерлерибизден айрылмакпыз. Ошондуктан, биз бул кенемтени толтуруу үчүн Кыргызстанга Наманган облусунун Чуст жана Пап райондорундагы талаштуу Гавасай тилкесинен 12709 гектар жайыт жерди сунуштадык. Биз алардын өздөштүрүлбөгөн 8000 гектар жери үчүн 12709 гектар жайыт бергенибиз туура. Учурда чек ара маселелерин чечүүдө 1 гектар суулуу жер үчүн 2,5 эсе көп гектар жайыт берүү тажрыйбасы колдонулуп жүрөт", - деди Арипов.

Өзбек өкмөт башчысынын сөзүнө караганда, Наманган облусунун Касансай жана Чуст райондорун сугарган Касансай (Орто-Токой) суу сактагычы Кыргызстандын 850 гектар жерин ээлейт. Бирок суу сактагыч толук Өзбекстан үчүн иштейт. Ушундан улам Кыргызстанга кенемте катары Наманган облусунан 477 гектар жер сунушталды. Анын ичинен 105 гектар жер учурда Кыргызстандын жарандары жашап жаткан талаштуу Каракоргон массивинен кетет (сөз Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылы тууралуу болуп жатат -ред).

Мындан тышкары, 10 тилке боюнча Кыргызстан Өзбекстанга 429 гектар жер берет. Анын ордуна Өзбекстан өрөөндөрүнөн 294 гектар жер бермек болду. Бирок азырынча бул кайсы жерлер экени белгисиз.

Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

Ал эми 15-ноябрда кыргыз парламентинин тармактык комитети да кыргыз-өзбек чек арасына байланышкан документтерди карады. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз тарапка өтө турган жерлер тууралуу маалымат берди.

“Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын курбаганы үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар алды. Ушул эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар. Үчүнчү - Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик. Төртүнчү - 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелейный станциялары бар. Бешинчи - Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Ал Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик. Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жерди алдык”.

Мырзаевдин жыйында айткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1472,83 чакырым. Анын 1170,53 чакырымы 2017-жылы такталган. макулдашыла элек 302,29 чакырым чек ара тилкеси калган. 2017-жылдан бери эки өлкөнүн бийлиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөргөн.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Бул комитет 15-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт деп күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG