Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Султанбаев мамлекет сөз эркиндигин "сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кыларын" айтты


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Кыргызстанда отуз жылдан бери сөз эркиндиги болгон, азыр да бар" деген пикирин Бишкекте өтүп жаткан "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деп аталган тегерек үстөлдө билдирди.

"Биз ар дайым талкууга ачыкпыз, сунуштарды угабыз. Сөз эркиндиги - көз карандысыздыгыбыздын жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат", - деди Султанбаев.

Тегерек үстөлдүн уюштуруучулары президенттин басма сөз катчысын талкуунун аягына чейин калып, башка катышуучулардын пикирин угууга чакырды.

Бишкекте ушул тапта "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деп аталган тегерек үстөл өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган бир катар депутаттар, президенттик администрациянын укук башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов, президенттик администрациянын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медиа эксперттер жана журналисттер катышууда.

Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова "Жалган маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору менен тааныштырат.

Юстиция министрлиги 14-ноябрда президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна терс корутунду берген.

Ага чейин Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешкен.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сентябрь айында сунушталган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганы жазылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG