Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Ооганстанда шарият мыйзамы күчөтүлүүдө


Талиб өкмөтү. Кабул, Ооганстан. 2022-жыл.
Талиб өкмөтү. Кабул, Ооганстан. 2022-жыл.

"Талибан" кыймылынын жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада Ооганстандагы сотторго жараян өткөрүүдө жана чечимдерди кабыл алууда шарияттын мыйзамдарын колдонууну буйруду. Бул - өкүмдү эл алдында ишке ашыруу - ташбараңга алуу, күнөөлүү деп табылгандардын колу-бутун, башын алуу болушу мүмкүн.

Былтыр бийликке келген талибдер 90-жылдардагыдан ырайымдуураак бийлик жүргүзүүгө убада бергени менен, өлкөдө теократиялык диктатура орноп жатканын эксперттер айтышууда.

Ахунзада сотторду ислам мыйзамдары боюнча "худуд" категориясында - ырайым берилбей турган кылмыштарды кароодо кылдат болууга чакырды. Буга уурулук, ойноштук кылуу же ага жалган жалаа жабуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана дин ишенимин өзгөртүү сыяктуу кылмыштар кирет. Укук коргоочулар "дин ишенимин өзгөртүүгө" бийликтин пикирине макул болбогон активисттер да айыпталып кетиши ыктымалдыгын айтып, кабатыр болууда.

Талибдер бийликке келгенден бери соцтармактарда, маалымат каражаттарында эл алдында жазалоо - балак алуу учурларынын сүрөттөрү жарыяланган. "Талибандын" полициясы кармоо учурунда өлтүрүлгөн кылмышкерлердин сүрөттөрүн да ачык жарыялап келет.

Талибдердин өкмөтү мурда НАТО жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташкан адамдарды да репрессиялап жатканы кабарланууда. Алардын бийликке келиши менен аялдардын жана кыздардын укуктары кескин чектелип, окууга, иштөөгө, коомдук иштер менен алектенүүгө жана ээн-эркин жүрүүсүнө тыюу салынган.

"Талибан" кыймылына Кыргызстанда жана көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG