Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Жо Байден Херсондун бошотулганын "маанилүү жеңиш" деп атады


АКШ президенти Жо Байден "Чоң жыйырманын" жыйынында. Бали. 14-ноябрь, 2022-жыл.
АКШ президенти Жо Байден "Чоң жыйырманын" жыйынында. Бали. 14-ноябрь, 2022-жыл.

АКШ президенти Жо Байден 14-ноябрда Украинанын Херсон шаарын кайтарып алганын “маанилүү жеңиш” катары баалады. Байден бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен Индонезиянын Бали аралында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагындагы маалымат жыйынында билдирди.

Ал Украинадагы окуянын өнүгүшүнө комментарий берип, "украин элинин кайраттуулугун, чечкиндүүлүгүн жана дараметин кубаттай турганын" айтты.

Ак үй Байден Орусиянын "өзөктүк колдонуудагы жоопкерчиликсиз коркутуулары" боюнча маселе көтөргөнүн кабарлады.

Ак үйдүн маалыматында ЦРУнун жетекчиси Билл Бернс Түркиянын Анкара шаарында Орусиянын тышкы чалгын кызматынын (ФСБ) башчысы Сергей Нарышкин менен жолугушканын өзүнчө жарыялады.

Ак үйдүн басма сөз кызматы Бернс жолугушууда эгер Орусия Украинада өзөктүк куралын жайгаштырса, анын кесепети оор болорун айтканын билдирди.

Кремль АКШ-Орусия жолугушуусу Анкарада болгонун ырастап, бирок сүйлөшүүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

XS
SM
MD
LG