Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын экстремизмди алдын алуудагы ролу талкууланды


Талкуунун катышуучулары.
Талкуунун катышуучулары.

Бүгүн 11-ноябрда Бишкекте «Диний экстремизмдин өсүшүн алдын алууда диндердин өнүгүү тарыхы сабагын киргизүү» аттуу талкуу өттү. Талкууну “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду уюштуруп, ага тийиштүү мекемелердин, диний уюмдардын, жогорку окуу жайларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, талкуу мамлекеттик билим берүү системасына дин таануу предметтерин киргизүү аркылуу жаштардын диний маселелер боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана диний билим берүү системасын өркүндөтүү максатында өткөрүлдү.

Талкууну "Ыйман" фонду уюштурду.
Талкууну "Ыйман" фонду уюштурду.

“Азыр жаштардын арасында экстремизм жана терроризм идеяларын кабыл албаган толеранттуу аң-сезимди калыптандыруу, дин жөнүндө жалпы билим деңгээлин жогорулатуу, учурдагы диний кырдаалга баа берүү жана түшүнүү зарылчылыгы бар. Талкуу диндердин өнүгүү тарыхы сабагын билим берүү мекемелерине киргизүүнүн актуалдуулугун, көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулоо үчүн аянтча түзүүгө өбөлгө болот”, - деди «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун тѳрагасы Зикрулло Махамат уулу.

Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып орто мектептердин программасына диндердин өнүгүү тарыхы сабагы кирди. Мамлекет башчысынын жарлыгындагы талаптар боюнча, бул предметтен сабак берген мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек.

Быйылкы окуу жылында диндердин өнүгүү тарыхы сабагы 9-класстарга окутулууда. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да киргизиле баштайт. Жалпысынан аталган предметти 7-11-класстарга окутуу максат кылынууда.

Өлкөнүн Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте дин маданиятынын тарыхы сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG