Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

УКМК Кытайдан жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталганын билдирди


Сүрөт УКМКдан алынды.
Сүрөт УКМКдан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кытайдан Кыргызстан аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, акциздик маркалар бажы мыйзамдарын бузуу менен Өзбекстанга ташылып турган. Маалыматта кылмышка шек саналып Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында бир катар жарандар кармалганы айтылат.

"Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагына аткезчилик менен алектенген топтун бардык байланыштарын аныктоо максатында Өзбекстандын Коопсуздук кызматы менен Мамлекеттик бажы комитетинин биргелешкен аракеттери менен иш-чаралар жүргүзүлүп, ыкчам иш-чаралардын натыйжасында эки өлкөдөн бир катар жарандар кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы аткезчилик жол менен ташылган товарлар машинасы менен кошо конфискация болорун эскерткен. Мекеме тараткан маалыматта мыйзамсыз товар ташууга каршы иш-чаралар күчөтүлгөнү көрсөтүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, көмүскө экономика 2020-жылы ички дүң өндүрүмдүн көлөмүнө карата 23-24% болгон, ал эми 2021-жылы 20,5% түшкөн. Айрым бир көз карандысыз эсептөөлөргө ылайык, өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү 40% ашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG