Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Нурланбек Шакиев: Бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес


Сөз эркиндигине арналган жыйын. 15-ноябрь. Бишкек.
Сөз эркиндигине арналган жыйын. 15-ноябрь. Бишкек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес" деп билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деген аталышта тегерек үстөлдө айтты.

Парламент спикери "ар бир жазылган мыйзам бүгүнкү күндүн талабына ылайык эмес, келечекке иштей тургандай жазылышы керек" деп эсептейт. Ал жыйында журналисттердин жоопкерчилик маселесин дагы көтөрдү.

"Сөз эркиндиги деп бардык нерсени ачык, терең анализдебей берип койгондон этият болушубуз керек. Негизинен так эмес, анык эмес маалыматтар боюнча мыйзам тууралуу алдыда сөз болот. Мыйзамды кабыл алууга сунушуңуздарды бересиздер, биз аны парламентте дагы талкуулайбыз. Ал мыйзам келечекке иштеш керек. Эч качан мыйзам бүгүнкү күндүн талабына ылайык жазылбашы керек деп дайыма айтам. Ар бир бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес. Тескерисинче, анын терс көрүнүшү болгон", - деди Шакиев.

Шакиев сөз эркиндиги Кыргызстандын жетишкендиги экенин, ага карата анча-мынча терс, мыйзамсыз көрүнүштөр болсо дайыма каршы тура турганын белгиледи.

15-ноябрда Бишкекте укук коргоочулар, медиа жана эл аралык эксперттер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда
өтүп жаткан жыйынга эл өкүлдөрүнөн Чыңгыз Айдарбеков, Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанабев, президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков катышып жатат. Тегерек үстөлдү "Интерньюс Кыргызстан", "Адилет" укуктук клиникасы жана Кыргызстандагы медиалардын платформасы уюштурган.

14-ноябрда Юстиция министрлиги президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна терс корутунду бергени маалым болду. Документ айрым экспертизалардан өткөн эмес. Министрлик эксперттер мыйзам долбоордун кайсы бөлүгүнө макул болбогонун тактаган жок.

Кыргызстандагы медиа өкүлдөр президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешүүдө.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сентябрь айында сунушталган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганы жазылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG