Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Граве: Эркин медиага кысым эл менен бийлик ортосундагы ишеничти бузат


Сөз эркиндиги боюнча жыйын. 15-ноябрь, 2022. Бишкек.
Сөз эркиндиги боюнча жыйын. 15-ноябрь, 2022. Бишкек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн туруктуу координатору Антье Граве сөз эркиндиги боюнча Бишкекте өткөн жыйында эркин медиага кысым күчөсө, эл менен бийликтин ортосундагы ишенич бузула турганын айтты. Ал Кыргызстан БУУга мүчө мамлекет катары сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди алганын эске салып, эркин маалымат алуу жана сөз эркиндиги адам укуктарынын негизин түзөрүн белгиледи.

"Сөз эркиндиги, маалымат алуу эркиндиги адамдын негизги укуктары болуп эсептелет. Коом маалымат алып, сөз эркиндигине ээ болуп, кайсы бир маселеге макул эместигин көрсөтө алса, ошол мамлекет күчтүү деп эсептелет. Өкмөт отчеттуулукту жана ачыктыкты камсыз кылышы зарыл. Эркин медиага чектөө болсо коомдогу бардык көйгөйлөр көтөрүлүшү мүмкүн жана эл менен бийликтин ортосундагы ишеним бузулушу ыктымал", - деди Граве.

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте укук коргоочулар, медиа жана эл аралык эксперттер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деген аталышта тегерек үстөл өттү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын "Азаттыкка" жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.

13-ноябрдан тартып "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы "Санжыра" радиосу обого чыгарбай калды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө, “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган.

13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү талап кылышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG