Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Казакстанда согушту колдогон ырчынын концерти өтпөйт


Полина Гагарина. Архивдик сүрөт
Полина Гагарина. Архивдик сүрөт

Казакстанда орусиялык ырчы Полина Гагаринанын концерти болбой калды.

Москванын Украинага ачкан согушун колдогон артистти өлкөгө чакыруу казак социалдык тармактарында чоң нааразылык жараткан. Бул тууралуу жергиликтүү “Арбат.медиа” порталы жазды.

Гагаринанын концерти келерки жылы 14-февралда өтмөк. Концерт болбой турганы жөнүндө расмий маалымат чыга элек. Бирок анын жарнамасы ырчынын, уюштуруучулардын, билет саткан ири компаниялардын сайттарынан алынып салды. Кийин социалдык түйүндөрдө Гагаринанын өкүлдөрү менен жазышкан каттар жарыяланып, алар концерт болбой турганын бышыкташты.

Эстрада ырчысы Орусиянын Украинага кол салуусун расмий колдоп келет. Мартта Крымдын аннексиясынын жылдыгына арналган концертке катышкан.

Ноябрдын башында Казакстанда согушту колдогон Филипп Киркоровдун эки концерти өттү. Ага чейин ырчы Кыргызстанда да концерт коюп кеткен.

XS
SM
MD
LG