Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Министрлик: Оор жүк ташуучуларды текшерген жерде "бир да адам болбойт"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Келерки жылы Кыргызстанда оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык фактор толук бойдон жоюлат деп пландалууда. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңеште “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу жүрүп жатканда транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайыпбаев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын сентябрь айында система толук автоматташтырылат жана ал жерде “бир да киши отурбайт”:

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу сынак өткөрдүк, “Ак жол телематика” деген жаңы компания түзүлдү. Ал жакынкы аралыкта ишке киришет. Кыргызстан боюнча 42 динамикалык салмак жана габарит көзөмөл жайларын куруп баштайт. Мобилдик топторду өзүлөрү алып келет, жүк ташуучу ар бир транспорт каражатына жабдыгын коюп берет акысыз негизде. Ушунун баарын бекер жасап берет да өзүнүн салган инвестициясын айыппулдун жана башка төлөмдөрдүн эсебинен кайра кайтарып алат”.

Кайыпбаев кошумчалагандай, ар бир көзөмөлдөөчү бекетте автоматтык түрдө фото жана видеофиксация болуп турат.

Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, нормаларды сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жумуп, жемкорлукка орногону айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG