Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

БУУда Орусия Украинага чыгымдын ордун толтурушу керек деген резолюция кабыл алынды


Башкы ассамблеядагы добуш берүүнү жыйынтыгы. Нью-Йорк, 14-ноябрь, 2022-жыл
Башкы ассамблеядагы добуш берүүнү жыйынтыгы. Нью-Йорк, 14-ноябрь, 2022-жыл

Дүйшөмбүдө БУУнун Башкы ассамблеясы Орусия Украинага репарация төлөшү керек деген резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Аткарылышы милдеттүү эмес документти 193 мүчөнүн 94ү колдоду. Каршы добуш берген 14 өлкөнүн арасында Беларус, Куба, Иран, Зимбабве бар.

73 мамлекет, анын ичинде Кыргызстандын өкүлү калыс позицияны карманды.

Муну менен Башкы ассамблея Орусия Украинага согуш ачуу менен эл аралык мыйзамды бузду жана “укуктук кесепеттерди тартып, чыгымдын ордун толтурууга тийиш” деп тапты. Документте зыяндын өлчөмүн жана кенемтени санап чыгуу үчүн атайын эл аралык механизм түзүү сунуш кылынат.

Орусиянын БУУдагы өкүлү чечим тууралуу “Батыш өз аракеттерин болушунча легитимдештирүү аракетин көрүүдө, Орусиянын тоңдурулган, иш жүзүндө уурдалган жүз миллиарддаган долларга барабар суверендүү активдерин коротууну көздөйт” деген комментарий берди.

Башкы ассамблеянын резолюциялары Коопсуздук кеңешинен айырмаланып, саясий гана мүнөзгө ээ.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия ал жакта өзүнө каршы документтерди өткөрбөй келет.

XS
SM
MD
LG