Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу долбоорун карап жатат


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карай баштады.

Документ боюнча Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев баяндама жасап жатат. Жыйын ачык өтүүдө.

14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөргөн. Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынган саясатчы, активисттердин саны 30га жакындады. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Кыгызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырым. 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы же 85 пайызы толугу чечилип, документтештирилген. Андан бери дагы 10% ашыгы ооз эки такталганы кабарланган, бирок расмий келишимге кол коюла элек болчу. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG