Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Финчалгын “Азаттыктын” банк эсебинин бөгөттөлгөн себебин түшүндүрдү


"Азаттыктын" микрофону
"Азаттыктын" микрофону

Финансылык чалгын кызматы “Азаттык Медианын” банктык эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрдү. 15-ноябрда мамлекеттик кызмат берген түшүндүрмөдө “Азаттык Медиа” мекемеси “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгени, буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) каты негиз бергени айтылат.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде киргизилгенин белгилеп, анын шарттарын көрсөткөн.

"Азаттык Медиа" буга чейин эки жолу Финчалгын кызматына жана УКМКга кат жазып, түшүндүрмө менен кошо тиешелүү документтерди сураган. Мамлекеттик кызмат "саналуу гана кишилер көрө алат" деген гриф коюлгандыктан документтердин көчүрмөсү берилбей турганын билдирет.

31-октябрда “Демирбанктагы" ”Азаттык Медианын” банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Банк менен кардарлардын ортосундагы мамилелер банк ишмердиги жөнүндө мыйзамдардын негизинде жөнгө салынат.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG