Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат


Кыргызстан менен Кытайдын желектери.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Кыргызстандын президенти жакынкы айларда Кытайга мамлекеттик сапар менен барат.

Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь басма сөз жыйынында билдирди.

Маалыматка караганда, Жапаров Кытай - Борбор Азия саммитине катышат. Элчи Кытай бул сапарга чоң маани бере турганын белгилеп, учурда эки тарап тең бул иш-чарага кызуу даярдык көрүп жатканын кошумчалады. Ду Дэвэнь муну менен эки мамлекеттин ортосундагы мамиле жаңы деңгээлге чыгарына ишенерин билдирди.

Мамлекет башчы жакын арада Кытайга сапар менен бара туранын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанабев дагы "Азаттыкка" ырастады.

"Сапар жакынкы айларга пландаштырылып жатат, уюштуруу маселелери дипломатиялык каналдар аркылуу иштелип чыгууда", - деп билдирди Султанбаев.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11 айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 3 млрд. 678 млн. долларды түзгөн, анын ичинен экспорт – 52 млн., ал эми импорт – 3 млрд. 626 миллионго жеткен.

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 миллион доллардан ашуун түз инвестиция келген. Былтыр тогуз ай аралыгында 219 млн. 701 миң долларды түзгөн.

Мындан сырткары былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.(КЕ)

XS
SM
MD
LG