Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Литва орусиялыктардан жарандык алуу арызын кабыл алууну токтотот


Литванын Сейми (парламенти) Орусия жана Беларус жарандарынан атуулдук алуу үчүн арыздарды кабыл алууну жана буга чейин берилген арыздарды кароону токтоткон мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Аны 113 депутат колдосо, тогузу калыс добуш берди. Каршы жок.

Өзгөртүүлөрдүн автору, ички иштер министри Агне Билотайте жана парламенттин Коргонуу жана улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Лауринас Кащюнас "бул чектөө чарасы Литванын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт, бирок арыздарды жана жарандыкка кабыл алуу боюнча чечимдерди кабыл алууну убактылуу токтотот", - деп билдиришти.

Мындан сырткары мыйзам долбооруна ылайык, орусиялыктарга жана беларустарга Литванын аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга убактылуу тыюу салынат.

Өз өлкөсүндө куугунтукка кабылып, убактылуу жашоого уруксат алгандарга бул мыйзамдын тиешеси жок.

Литванын чет өлкөлөрдөгү бардык өкүлчүлүктөрү виза алууга арыздарды кабыл алууну убактылуу токтотот. Литва шенген же улуттук визасы жокторго убактылуу жашоого уруксат берүүнү дагы убактылуу токтотот.

Мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн Сейм аны экинчи окууда жактырышы керек.

Ошол эле учурда Чехия Орусия менен Беларустун жарандарына виза берүүгө тыюу салууну 2024-жылдын март айына чейин узартты. Мындай чечимди өкмөт шаршемби күнү кабыл алды. Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча тыюу салуу башка өлкөнүн жарандыгын алган орус жана беларус жарандарына да тиешелүү.

  • Литва Украинада согуш башталгандан бир нече күндөн кийин гуманитардык визаларды эске албаганда орустар менен беларустарга виза берүүнү токтоткон.
  • Апрель айында Литва Орусия менен дипломатиялык мамилесин солгундатып, Москвадан элчини чакыртып алган жана орус элчисине өз аймагынан чыгып кетүүгө буйрук берген.
  • Ноябрда Вильнюс жашоого уруксат алуу үчүн талаптарды катаалдаштырып, талапкерлерден талап кылынуучу документтердин тизмесин кеңейтти. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG