Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

"Кытайда Си Цзинпин эбегейсиз бийликке ээ болду"


Шанхайдын тургундары Си Цзинпиндин шайлоосун көрүп отурушат, 10-март, 2023-жыл.
Шанхайдын тургундары Си Цзинпиндин шайлоосун көрүп отурушат, 10-март, 2023-жыл.

Си Цзинпин үчүнчү жолу коммунисттик Кытайдын мамлекет башчысы болуп шайланды. 70 жаштагы Си өлкөдө Мао Цзэдундун заманынан бери эң узак мөөнөткө бийликте калган жетекчиге айланды. 2018-жылы Кытайда Баш мыйзам өзгөртүлүп, мамлекет башчыга өмүр бою бийликте отурууга жол ачылган. Буга чейин Кытайдын төрагасы эки мөөнөткө гана шайланчу.

Си Цзинпин үчүнчү беш жылдык мөөнөтүнө киришип, буга чейинки саясий салтты бузду. Ал ошондой эле Кытайдын Борбордук аскердик кеңешинин жетекчиси бойдон калды. Былтыр күзүндө Си дагы беш жылга Кытай компартиясынын Борбордук комитетинин баш катчысы болуп бекиген. Компартия Си Цзинпинди Кытайдын тарыхый ишмерлери Мао Цзэдун жана Дэн Сяопинге теңеген документти жактырып, аны "эң башкы новатор" деп атаган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баяндамачысы Рид Стэндиш Си Цзинпиндин бийлиги жана анын тушундагы Кытайдын саясатындагы өзгөрүүлөр тууралуу "Азаттыктын" суроолорууна жооп берди.

- Рид мырза, маалымат каражаттарында Си Цзинпиндин тарыхый үчүнчү мөөнөтү тууралуу жазганда аны атыгүл императорго теңешет. Си Кытайдын жаңы императору болуп калдыбы?

- Ал жаңы император эмес, бирок колуна ушунча бийлик тийген Мао Цзедундан кийинки эң таасирдүү жетекчи болуп калганы калетсиз. Си он жыл мурун партиянын, өлкөнүн башына келгенден бери бийликти өз колуна топтоо, коррупциялык көрүнүштөрдү, ыктымал саясий атаандаштардан арылуу өңдүү жараяндарга күбө болдук. Коммунисттик партиянын октябрда болгон курултайында Синин үчүнчү мөөнөткө баш катчы болуп шайланышы менен бийликтин консолидациясы аяктап, Кытайдын бүтүндөй системасын жеке өзү көзөмөлдөй баштаган.

Ошондой эле саясий бюронун мүчөлөрүн тандоону карасак, Кытайга байкоо салган адистер реформатор, экономикада либералдуу көз карашты карманган саясатчылар кирет деп күткөн эле. Анын ордуна Синин илгерки үзөңгүлөштөрүн көрүүгө болот. Бул Си Цзинпин өзүнө лоялдуу адамдарды жогорку кызматтарга дайындоону, ошентип бийликти сактап калууну көздөйт деген ишарат деп кабыл алса болот. Эми ал кааласа түбөлүккө бийликте калууга шарты бар.

- Сиз айткандай, Си император болбосо да анын колуна эбегейсиз бийлик топтолду. Мындай чексиз бийлик ички маселелерге кандай таасир этиши мүмкүн?

- Кытай үчүн өлкөнүн ички маселелери биринчи орунда турат. Бул катуу көздөмөлдөнгөн авторитардык система. Эркин медиа жок, жогорку технологиялык жабдуулар менен коомду көзөмөлдөп турушат, онлайн сүйлөшүүлөргө, кат жазышууларга такай байкоо салынат, көп учурда интернет бөгөттөлөт. Менимче, Синин тушунда киргизилген мындай чаралар күчөтүлөт, буга чейинки чектөөлөр жеңилдетилет деген ойдон алысмын.

Шинжаңда гана эмес, Гонконгдо күбө болуп келаткан куугунтук, адам укуктары, жарандык эркиндиктер принциптеринен чегинүү процесси тереңдей берчүдөй. Кытайдын башка жерлеринде азыркыдан ашкан чектөөлөрдү элестетүү кыйын.

Ал эми эл аралык маселелерден Тайван биринчи сапта турат. Си Цзинпин буга чейинки риторикасын кайталап, акыркы сөздү Бээжин айтат деп билдирди. Ал мындан да агрессивдүү позицияны ээлейби же жокпу айтуу кыйын.

Кээ бир байкоочулар Орусиянын айланасындагы окуяларды, орус аскерлеринин абалын эске алганда Тайван маселесинде Кытай этият болууда деп белгилешет. Бирок Си үчүн бул кийинки орунда турган меселе. Ал саясий айдыңда Шинжаң, Гонгконгду жайгарды, эми Тайванга киришет.

- Бээжин экономикасы гүлдөгөнүн айтууда, ал чындыгында экономикалык абалы кандай? Ковидди түп тамыры менен жоюу саясатынын эконимикага залакасы канчалык тийди?

- Кытай дүйнөнүн экинчи экономикасы бойдон калууда жана өнүгүүдө. Бирок экономикалык өсүштүн жайлаганын көрүп жатабыз. Ички дүң өнүмүнүн бир жылда эки эсе көбөйгөнү көнүмүшкө айланган доор артта калгандай. Кытай экономикасынын прогноздору рынок, инверсторлор болжолдогондон начар болуп чыкты. Си Цзинпиндин алдында экономикалык өсүштү кармап туруу ошол эле маалда улуттук коопсуздукту камсыздоо деген чоң маселе турат деп ойлойм.

Ковид пандемиясында завод-фабрикалардын иши жайлап калган, ири-ири аймактар карантинге жабылган, элге сыртка чыгууга тыюу салынган. Натыйжада Кытай дүйнөнүн булуң-бурчунан түшкөн буюртмаларды аткара албай калды. Албетте, бул илдеттин глобалдык кесепеттеринин бири. Мааламыттарга караганда, андай катаал чечимдерди Си жеке өзү кабыл алган, эксперттер макул болбогону көп айтылып келген. Ал чаралардын сакталып жатканы Си эксперттердин көз карашын укпайт дегенге жатат.

Акыркы бир жарым-эки жылда миллиарддаган доллар Кытайдын сыртына агылганын көрүп келатабыз. Эл аралык инвесторлор өлкөгө акча салуудан этият болуп калды. Калктын жашоо стандарттарын жакшыртуу, экономикалык өсүштү камсыздоо ондогон жылдардан бери бийлик менен эл ортосундагы келишимдин маанилүү бир бөлүгү болуп келген. Бул жагынан алганда Си Цзинпинге кыйла кыйын болот. Бирок азыр ал өлкөнү бүт көзөмөлдөп, кандайдыр бир нааразылыкка жол берилбейт деп ойлойм.

- Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу Кытайдан Борбор Азия менен мамилелерине кандай таасир этүүдө?

- Шинжаңжагы лагерлерде кармалгандар бир-эки миллиондун айланасында деп айтылып жүрөт. Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин мамилесинде бул абдан маанилүү маселе деп айтат элем. Экинчи жагынан, региондогу өлкөлөрдүн бул маселеге реакциясы тегиз эмес. Мисалы, Тажикстан канча жылдан бери ал жактагы куугунтуктан качкандарды артка кайтарып берип жатканы айтылып келатат.

Кыргызстан менен Казакстан кызыл сызыктан өтпөөгө аракеттенүүдө. Албетте, борбор азиялык өкмөттөргө оңой эмес болууда. Бир четинен чыгыштагы ири коңшу менен жакшы мамиледе болгусу, кызматташкысы, инвестиция алгысы, экономикалык долбоорлорго кошулгусу келет.

Экинчи жагынан ошол өлкөлөрдүн жарандары, этникалык казактар, кыргыздар лагерлерге айдалган учурлар жок эмес. 2018-2019-жылдары өзгөчө Казакстанда бул жаатта активдүү аракеттерге күбө болуп келгенбиз. Алар Шинжаңжагы кырдаал тууралуу маалыматтын кеңири коомчулукка жеткирүү, куугунтукталгандардын кое берилишине көмөктөшсүн деп жергиликтүү бийликтерге кысым жасоо аракетин көрүп жатты.

Бирок казак бийлиги айрым активисттерди өлкөдөн чыгарып салды, айрымдары бозгунга кетти, активдүүлүк дымып калды. БУУнун Шинжаң боюнча чоң докладынын жарык көрүшүн Кытай айлап бөгөттөп келди. Сентябрдын башында баяндама жарыяланды. Айрым активисттер ал бир аз жумшартылганын айтышат. Ошентсе да, Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу документтештирилген.

Октябрда АКШнын демилгеси менен Улуттар уюмунун адам укуктары бонча кеңешинде ошол докладды иликтөө үчүн пайдаланса болобу деген маселе колго салынганда Казакстан менен Өзбекстан Кытайды колдоду, муну менен иликтөөгө жол берилген жок. Адатта Казакстан Шинжаңга байланышкан маселелерде калыс калат, бирок бул ирет Бээжин тарапта болду. Менимче, бул факт акыркы жылдарда жагдай кандай өзгөргөнүнөн, кайсы багытта баратканынан кабар берет.

- Синин бийлигинин тушунда региондо кандай долбоорлор ишке ашты, алардын кайсыларын биздин өлкөлөр үчүн пайдалуу деп атаса болот?

- Ага чейин эле Кытайдын Борбор Азияда өсүп жаткан экспаниясы Си Цзинпиндин бийликке келүүсү менен ого бетер күчөдү. Албетте, эң ириде "Бир алкак бир жол" долбоорун анын демилгеси деп аташат, анын кол койгонуна байланыштырышат. Борбор Азияга гана эмес дүйнөнүн башка өлкөлөрүн да камтыган долбоорго жүз миллиарддаган, айрымдар бир триллион доллар сарпталган деп айтышат. Аймак үчүн бул абдан маанилүү демилге.

Анын бир бөлүгүндө Кытайды Европа менен байланыштырган жол салуу каралган. Албетте, ал жол Борбор Азия аркылуу өтөт. Андыктан чөлкөмгө ивестиция салынат, Казакстанда Хоргос деген ири трансопрттук хаб иштеп жатат. Ал аркылуу көптөгөн товар өтүүдө.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушуна жашыл жарык берген меморандум макудашылды. Андан тышкары, башка ивестициялар агылып, кытайлык компаниялардын көбөйүп жатканын көрүүдөбүз. Мунун бардыгы аймак өлкөлөрү үчүн канчалык пайдалуу? Дүйнөнү башка жерлериндей эле көп нерсе, долбоорлордун ишке ашышы ошол өлкөлөрдүн өздөрүнөн көз каранды. Алсак, Астанада жеңил темир жол салынмак. Бирок финансылык мыйзам бузуулар, чыр-чатактар, паракорлукка айыптоолор менен коштолуп, токтоп калды.

Жалпылап айтсам, "Бир алкак бир жол" улана бермекчи, Борбор Азия анда маанилүү роль ойной берет. Бирок мурдагыдай миллиарддаган доллар салынбайт деп ойлойм. Муну пандемияга чейин эле байкаганбыз. Менимче, кытай кайсы жерге канча ачка салуу кректигин жакшылап тандайт. Бирок экономикасы, акчасы менен дүйнөлүк сахнада таасирин сактап кала аларын Бээжин так түшүнөт.

Кытайда Си императорго айланабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:11 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG