КУРУЛТАЙ
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө бир палаталуу парламентке өтөрүн жарыялады. Ал жаңы парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жыл деп белгилөөнү (азыр Мажилис депутаттары 5 жылга, сенаторлор 6 жылга шайланат), комитеттердин санын сегизге кыскартууну сунуштады.
Депутаттар пропорционалдык система же партиялык тизме менен шайланат. Аймактарда мажоритардык система калат. Мындан тышкары Казакстан элинин ассамблеясынын квоталары алынууда.
Токаев бир палаталуу жаңы парламентти “Курултай” деп атоону сунуш кылып, ал 145 депутаттан турарын айтты. Ушу тапта Казакстандын эки палаталуу парламенти 148 депутаттан турат (98и — Мажилисте, 50сү — Сенатта).
Мындай демилгелерин Токаев 20-январда Казакстандын түштүгүндөгү Кызылордо шаарында өткөн Улуттук курултайдын жыйынында билдирди.
Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык Конституциялык сот, Жогорку аудитордук палата жана Борбордук шайлоо комиссиясына бардык дайындоолор парламенттин макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Азыркы Конституция боюнча бул кызматтарга дайындоо укугу парламенттин эки палатасы жана президенттин ортосунда бөлүнгөн.
ЭЛДИК КЕҢЕШ
Токаев Улуттук курултай аянтчасы өзүнүн миссиясын аяктады деп жарыялады. Мындан ары Улуттук курултай менен Казакстан элинин ассамблеясы өз функцияларын Элдик Кеңешке (Халық Кеңесі) өткөрүп бериши мүмкүн. Бул кеңеш берүүчү жогорку макамга ээ орган деп белгиледи Токаев.
“Бул мааниси боюнча башка өлкөлөрдөгү кеңеш берүүчү түзүмдөрдүн тажрыйбасын өзүнө камтыган жаңы мамлекеттик орган болот. Анын курамына бардык этностор, коомдук топтор жана аймактардын өкүлдөрү кирет”, - деди Токаев.
Президент Токаев аталган кеңеш мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү укугуна ээ болушу керектигин айтты. Бирок бул укук кандай ишке ашырылары азырынча белгисиз. Кеңештин курамына 126 адам кирет: 42си этномаданий бирикмелерден, дагы 42си ири коомдук уюмдардан, калган 42 киши аймактык коомдук кеңештерден. Алардын баарын президент дайындайт.
Кеңештин төрагасын мүчөлөрү шайлайт жана анын эки орун басары коомдук негизде, кезектешүү тартибинде дайындалат. Ошондой эле катчылыктын жетекчиси болот. Кеңеш жылына жок дегенде бир жолу сессияга чогулары айтылды.
“Жаңы орган ички саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга, мамлекеттик идеология маселелерин, Конституциянын жана башка негизги документтердин мазмунун жайылтууга жана түшүндүрүүгө көңүл бурат”, — деди Токаев.
ТҮРКМӨНСТАН МЕНЕН ОКШОШТУКТАР
Жаңы демилгелерди айрым эксперттер Түркмөнстанда жүргүзүлгөн реформага окшоштурууда. Укук коргоочулар Түркмөнстанды дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп эсептейт.
Эки жыл мурда Түркмөнстанда эки палаталуу парламент жоюлуп, бир палаталуу парламент түзүлгөн, ошондой эле Халк Маслахаты аталган жогорку элдик бийлик органы түзүлгөн.
Аны мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов жетектейт. Ал бул реформалардан бир жыл алдын президенттик кызматты уулу Сердарга (2022-жылы) өткөрүп берген. Кийин ал Халк Маслахатынын төрагалыгына дайындалып, улут лидери макамын алган.
Түркмөнстанда көз карандысыз орган катары түзүлгөн Халк Маслахаты мыйзамдарды кабыл алуу тууралуу сунуштарды кароого, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоого, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгууга жана тынчтык, коопсуздук маселелерине баа берүүгө укуктуу. Бул орган жылына жок дегенде бир жолу жыйын өткөрөт.
ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТЫ ТҮЗҮҮ
Токаев вице-президенттик кызматты түзүүнү сунуштады. Бул кызмат АКШдагыдай президент менен кошо шайланбайт. Казакстанда вице-президентти парламенттин макулдугу менен президент дайындайт. Мындай система Азербайжанда бар. Президент Илхам Алиев 2017-жылы жубайы Мехрибан Алиеваны вице-президент кылып дайындаган. Азербайжандын Конституциясына ылайык, президент милдетин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктары вице-президентке өтөт.
Токаев кимди вице-президент катары көрүп жатканы азырынча айтылган жок. Ал вице-президент өлкө президентинин тапшырмасы менен “эл аралык форумдарда жана сүйлөшүүлөрдө Казакстандын атынан чыгарын”, “парламентте президенттин атынан сүйлөй аларын” айтты .
“Бул кызматты түзүү мамлекеттик башкарууну турукташтырат жана бийлик иерархиясына тактык киргизет”, — деди Токаев.
Казакстанда вице-президенттик кызмат 1991-жылдын декабрынан 1996-жылдын февралына чейин иштеген. 1996-жылы ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев бул кызматты жойгон.
Бул жолу Токаев мамлекеттик кеңешчи кызматын жоюуну сунуштады. Азыр бул кызматты Токаевдин эң жакын кишилеринин бири саналган Ерлан Карин аркалайт.
Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун датасы аныктала элек. Айрымдар Токаев референдумдун датасын жарыялап, андан кийин парламенттик шайлоого даярдык көрөрүн айтып жаткан.
Казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов сунушталган өзгөрүүлөр президенттин ролун күчөтөт деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу бийлигинин үстүнөн көбүрөөк көзөмөлгө ээ болот. Ал эми вице-президенттик кызмат тууралуу “Ак ордо бийликти көзөмөлдөнгөн шартта өткөрүүгө даярданууда” деген пикирин бөлүштү саясат таануучу.
Шерине