Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өкмөттү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.
Депутат парламенттин 29-апрелдеги отурумунда жакында эле Баткен районундагы Чоң-Кара айылында күйөөсү жубайын өлтүрүп, кийин өзү асынып калган окуяны мисал кылып, алардын артында калган беш баласын мамлекет камкордукка алышы керектигин билдирди.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, 26-апрелге караган түнү үйдө балдар уктап жатканда жолдошу аялын бир нече жолу бычак менен сайып, аял ошол жерде каза болгон. Андан соң өзү үйүнүн короосундагы өрүк бакка асынып каза тапкан. Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана жип алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлгөн. (BTo)
Шерине