Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:01

Депутат Сариев Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө көбүрөөк каражат бөлүүгө чакырды

Чүй дарыясы.
Чүй дарыясы.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Сариев өкмөттү Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерине бөлүнгөн каражатты көбөйтүүгө чакырды. Ал парламенттин 29-апрелдеги жыйынында дарыянын кемирилген жерлерин 1-2 жылдын ичинде бекемдеп бүтпөсө Кыргызстан тараптан көп жер желип кетерин айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл аймагынан жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынан агып өткөн Чүй дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелеринин эрозиясын токтотуу максатында жээк бекемдөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.

“Азаттык” 2023-жылы “Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды” деп аталган иликтөө жарыялаган. Анда суу Чүй дарыясынын сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калганын иликтеп чыккан.

Буга чейин мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген. Буга карабай, 2024-жылы жээкти бекемдөөгө 80 миллион, 2023-жылы 50 миллион сом гана берилгени белгилүү болгон.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG