Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Улуттук банк эсептик ченди 12% калтырып, азык-түлүк 10,8% өскөнүн билдирди

Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырып, чечим 28-апрелде күчүнө кирди.

Өлкөнүн негизги банкы дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өсүшүн шарттаганын билдирди. Мекеменин маалыматында акыркы эки айда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан дүйнөдө дан эгиндеринин, өсүмдүк майынын баасы кымбаттады.

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляция (17-апрелине карата) 3,9% түздү (жылдык мааниде 11,3%). Азык-түлүк 10,8%, андан башка товарлардын баасы 9,2%, тамеки жана алкоголдук продукция 8,9% жогорулаган. Кызмат көрсөтүү чөйрөнсүндө баалардын өсүшү мындан да көп болуп - 17,2% түздү.

Январь-март айларында өлкөнүн реалдуу Ички дүң өнүмү 10,1% өстү. Экономиканын өсүшүнө мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүлөр, өнөр жай жана курулуш негизги салым кошууда.

Эсептик чен - инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG