Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Антимонополия билет баасы боюнча авиакомпанияларга эскертүү берди

“Манас” аба майданы. Иллюстрациялык сүрөт.
“Манас” аба майданы. Иллюстрациялык сүрөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек-Ош-Бишкек ички багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпанияларга эскертүү берилгенин билдирди.

Мекеме адамдардын кайрылуулары, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар менен социалдык тармактардагы талкуулардын негизинде мониторинг жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Анын жыйынтыгында Бишкек-Ош-Бишкек багытында авиабилеттердин баасы кескин кымбаттаганы аныкталган. Айрым авиакомпанияларда бир тарапка 8 820 сомго чейин жетсе, кээ бирлери 6 000 сом деп койгон. Буга байланыштуу AVIA TRAFFIC COMPANY, TEZJET, “АЭРО НОМАД ЭЙРЛАЙНС”, Sky FRU жана “Асман эйрлайнс” компанияларына эскертүү берилди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эсебинде Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бир тарапка билеттин баасы болжол менен 6 000 сом. Ички каттамдарда билеттин баасы кымбат болуп жатканы жакында эле Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 2026-жылдан тартып көпчүлүк аймактарга ички аба каттамдардын билет баасы арзан жана туруктуу болорун жарыялаган. Ал бул президенттин жеке колдоосу менен өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында ишке ашарын билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG