Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Малиде коргоо министри өлтүрүлдү, орус аскерлери Кидалдан чыгып кетти

Малидеги аскерлер.
Малидеги аскерлер.

Орусиянын аскерлери Малидеги Кидаль шаарынан чыгып кеткенин ырасташты. Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу «Африка корпусу» өз билдирүүсүндө өз жоокерлери өкмөткө каршы куралдуу топтордун чабуулунан кийин өлкөнүн түндүк-чыгышындагы бул шаардан чыгып кеткенин бышыктады.

«Мали Республикасынын жетекчилиги менен биргелешкен чечимге ылайык, Кидаль шаарында жайгашып, согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан Африка корпусунун бөлүктөрү бул калктуу конуштан чыгып кетти», — деп жазылат Telegram аркылуу таратылган билдирүүдө.

Кидаль аймактагы маанилүү стратегиялык шаар болуп саналат.

25-апрелде куралдуу топтор өлкөнүн борбору Бамако шаарына жана түндүктөгү бир катар калааларга чабуул койгон.

Жекшембиде «Африка корпусунун» Telegram каналы билдирүү таратып, Малиде «Батыштын атайын кызматтары даярдаган мамлекеттик төңкөрүш аракети» болгонун билдирген. Ошол эле билдирүүдө орус аскерлери «маанилүү позициялардын баарын сактап калганы» айтылган.

Ошондой эле жекшемби күнү кечиндеги чабуулдардын биринде Мали бийлиги өлкөнүн коргоо министри Садио Камара каза болгонун расмий тастыктады.

Буга чейин бир катар басылмалар өз булактарына таянып жазгандай, министр 25-апрелде Кати аскер базасындагы жардыруудан каза тапкан. Маалыматтарга караганда, анын үйүнүн жанында жардыргыч затка шыкалган жүк ташуучу автоунаа жарылган.

Акыркы кол салуулар үчүн жоопкерчиликти расмий түрдө эч бир топ өзүнө алган жок. Reuters агенттигинин коопсуздук тармагындагы булактары бул чабуулдарды «Жамаат Нусрат аль-Ислам валь-Муслимин» (JNIM) деп аталган жихадчыл топ менен байланыштырат. Бул топ Аль-Каидага жакын деп эсептелет. Ошондой эле Азавадды бошотуу фронту альянсы менен тактикалык кызматташары айтылат.

Мали бийлиги акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери «Аль-Каида» жана «Ислам мамлекети» сыяктуу террордук топторго байланышкан куралдуу түзүмдөр, ошондой эле туарег жикчилдери менен күрөшүп келет.

Өлкөдө бийликке Ассими Гоита жетектеген аскердик топ 2020 жана 2021-жылдардагы төңкөрүштөрдөн кийин келген. Алар кырдаалды турукташтырууну убада кылышкан, бирок өлкөдөгү абал дагы эле бейстабилдүү бойдон калууда.

Малинин аскердик бийлиги Орусиянын жалданма аскерлеринин колдоосуна таянып келет. Өлкөдө "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын отряддары иш алып барган. 2024-жылдын июль айында бул жалданма күчтөр малилик жихадчылар жана Азавадды координациялоо кыймылы менен болгон салгылашта ондогон жоокерин жоготкону маалымдалган.

Кийинчерээк Малиге «Африка корпусунун» күчтөрү жайгаштырылганы айтылган.

Reuters маалымдагандай, учурда Мали бийлиги АКШ менен жакындашууга аракет кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG