Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Мерц: Американын Иран боюнча так стратегиясы жок

Германиянын канцлери Фридрих Мерц.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц 27-апрелде АКШ Иран менен болгон согушта так стратегияга ээ эмес экенин айтып, жаңжал жакын арада бүтпөшү мүмкүн экенин эскертти.

«Ирандыктар күтүлгөндөн күчтүүрөөк болуп чыкты, ал эми америкалыктардын ишенимдүү стратегиясы көрүнбөйт», — деди Мерц Марсберг шаарындагы мектепте жасаган билдирүүсүндө.

Ал мындай жаңжалдардын негизги көйгөйүн да белгиледи. Мерцтин айтуусуна караганда, «мындай жаңжалдардан кантип чыгууну да билиш керек». Ал Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарды мисал келтирди.

«АКШ бул жаңжалга так стратегиясыз кирди. Учурда абдан татаал кырдаал түзүлдү жана бул бизге чоң чыгым алып келүүдө. Бул жаңжал биздин экономикалык көрсөткүчтөргө түз таасирин тийгизип жатат», — деди Фридрих Мерц,

Ал Германиянын Ормуз кысыгын кайра ачууга жардам берүү үчүн миналарды тазалоочу кемелерди жөнөтүү сунушу күчүндө экенин айтты. Бирок ал бул согуш аяктаганда гана ишке ашарын белгиледи.

Январь айында Иранда жалпы өлкө боюнча өткөн нааразылык акциялары күч менен басылган соң, Мерц Ислам республикасынын бийликти сактап калуу үчүн зомбулук колдонушу режимдин аяктап баратканынын белгиси экенин айткан. Ал мындай билдирүү жасаган алгачкы жогорку деңгээлдеги эл аралык саясатчылардын бири болгон.

Ормуз кысыгы жабылгандан кийин ал Евробиримдик санкцияларды жеңилдетүүгө даяр экенин да билдирген.

Ал арада 27-апрелде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен санкцияларды алып салуу Иран «негизги өзгөрүүлөргө» барган шартта гана мүмкүн болорун айтып, азырынча аларды жеңилдетүүгө «эрте» экенин белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG