Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өкмөт Кыргызстанда чогултулган BELES автобусун эмнеге сатып албаганы тууралуу түшүндүрмө берди.
Ал Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө президент Садыр Жапаров кызматка жаңы киришкенде BELES ишканасына барганын, анда кол менен чогултулган бир гана автобус болгонун жана Бишкек шаарын тейлеш үчүн жетиштүү сандагы автобус керек экенин айтты.
“Экинчиси, бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн бир автобус чогултуп алып, “меникин алгыла”, - дей берсе болобу? Мындай транспорт эл ташууга толук жооп бере албайт. Анткени жүздөгөн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Үчүнчүдөн, BELES автобустары азыр алынып жаткан автобустарга караганда 1,5 эсе кымбат сунушталган. Төртүнчү, BELES автобусунун мотору дизель менен жүрөт. Билесиздер, буга чейин шаарды булгаган дизелдик маршруттук таксилерди тазалап, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустарга өткөнбүз”, - деди ал.
2022-жылы Чүй облусунда жергиликтүү “Белес.kg” деп аталган компания автобус кураштыруучу завод ачкан. Компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров мамлекет сыноо иретинде андан 10 автобус сатып аларын билдирген.
Бишкек шаардык мэриясы кийин атамекендик компания чыгарган транспорттун баасы жана башка шарттары туура келбей жатканын билдирип, андан автобус сатып алуудан баш тарткан.
BELES ишканасынын негиздөөчүсү Мирбек Аскалиев 2026-жылдын башында президентке кайрылуу кылып, өкмөт BELES автобусунан бирди да сатып ала электигин айткан. Ал BELES автобусунун баасы 168 000 евро экенин, Бишкек мэриясы Түркиядан алган, комплектациясы BELESке окшош Isuzu Citiport автобустары 317 500 евродон сатып алынганын, чет жактан сатып алынган транспорт 85% кымбат экенин билдирген. (BTo)
Шерине