Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Газа: Аббастын тарапкерлери муниципалдык шайлоодо алдыга чыкты

Дейр-эль-Балах шаарындагы добуш берүү. 26-апрель, 2026-жыл. Газа.
Дейр-эль-Балах шаарындагы добуш берүү. 26-апрель, 2026-жыл. Газа.

Газа тилкесиндеги Дейр-эль-Балах шаарындагы муниципалдык шайлоодо Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын тарапкерлери (ФАТХ кыймылы) жеңишке жетти. Шайлоо Израил окупациялап алган Батыш жээкте да өтүп, ФАТХ кыймылынын өкүлдөрү көпчүлүк добуш алышты. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнө таянып Reuters жазды.

Бул соңку 20 жылда Дейр-эль-Балах шаарында (Газанын бир бөлүгүндө) өткөн алгачкы добуш берүү.

Ага катышуу деңгээли Газада 23%, ал эми Батыш жээкте 56% түзгөнүн Рамаллада жайгашкан Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Рами аль-Хамдалла билдирди.

ХАМАСка жакын деп эсептелген «Дейр-эль-Балах бизди бириктирет» аттуу кыймыл шаардык кеңештеги 15 орундун болгону экөөнү гана алды.

ХАМАС АКШ менен Евробиримдикте террордук деп эсептелет.

Ал эми ФАТХ кыймылы колдогон «Нахдат Дейр-эль-Балах» тизмеси алты мандат алып жеңишке жетти. Калган орундарды көз карандысыз талапкерлер бөлүштүрдү.

ФАТХ партиясы 1950-60-жылдары түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Ясир Арафат болгон. Учурда ФАТХ Батыш жээкте бийлик жүргүзүп, эл аралык коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү алып барган негизги саясий күч болуп эсептелет.

ХАМАС шайлоону расмий бойкот кылып, Газада да, Батыш жээкте да талапкерлерди көрсөтпөдү. Ошентсе да Дейр-эль-Балахтагы жыйынтыктар бул топко болгон колдоонун деңгээлин көрсөтүшү мүмкүн деп бааланууда.

Палестин автономиясынын премьер-министри Мохаммед Мустафа шайлоо «өтө татаал шартта, оор маселелердин жана өзгөчө кырдаалдын фонунда» өткөнүн айтып, аны демократиялык институттарды жана улуттук биримдикти бекемдөөгө карай «маанилүү алгачкы кадам» деп атады.

Эксперттердин айтымында, ФАТХтын жеңиши шайлоочулар эл аралык колдоого жана акырындык менен саясий өзгөрүүлөргө умтулуп жатканын көрсөтүшү мүмкүн.

Муниципалдык шайлоолор 183 конушта өттү. Айрым шаарларда атаандаштык болбогондуктан добуш берүү болгон жок. Ал жакта талапкерлер автоматтык түрдө шайланды.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG